Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 54

2015-жылдын 14-августу                                                                  Токтогул шаары      

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 14.03.2015-жылы  кабыл алынган № 34 токтомунун  5 –Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 14.03.2015-жылы кабыл алган № 34 токтомунун 5 –Тиркемесине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык  бекитилсин.
  2. Тиркемеге ылайык  өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү, билдирме берүү  жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдетендирилсин.
  4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дербишев

 

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46      

                                                                          

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясынын 14.08.2015-жылдагы № 54 токтомуна Тиркеме