Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз IX  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 44

 2015-жылдын 21-апрели                                                               Токтогул шаары      

 

Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Суеркулов, Черноткач көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө автоунаалардын бир тараптуу кыймылын жүргүзүү боюнча   

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, Токтогул райондук  ИИБнүн Жол кыймылын көзөмөлдөө болүмчөсүнүнүн административдик практика боюнча тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты  Т.Н.Акматовдун  Токтогул шаарында транспорт каражаттарынын санынын кескин көбөйгөндүгүнөн борбордук көчөлөрдө (Суеркулов, Черноткач, Шарипов, Боконбаев) айдоочулардын жол белгилерине карабастан, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп кетүү аракети, транспорт каражаттарын жолдун автоунаа жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруусу, автоунаалардын тыгыны, жолго токтоо эрежелерин бузуп жатышы  жөө жүрүүчүлөр жана унаа айдоочулар үчүн  өтө кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, аталган маселе боюнча туруктуу комиссиянын чечимин  талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрүндө (Суеркулов, Черноткач, Шарипов, Бөкөнбаев) жол кыймылынын коопсуздугун  камсыз кылуу боюнча иштер тез арада тиешелүү деңгээлде колго алынсын.

 

  1. Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн төмөндөгү бөлүгүндө автоунаалардын бир тараптуу кыймылы уюштурулсун:
  2. -  А.Суеркулов көчөсүнүн Шарипов көчөсү менен кесилишинен баштап Черноткач көчөсү

менен кесилишине чейинки аралыгы түштүк багытына карай;

            -  Черноткач көчөсүнүн Суеркулов көчөсү менен кесилишинен баштап Бөкөнбаев көчөсү  менен кесилишине чейинки аралыгы  чыгыш багытына карай;

 

  1. Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки автоунаа каттоочу жол аралыгы № 39 кесиптик-лицей тарабынан  орнотулган  тосмолордон  бошотулсун.

 

  1. Акы төлөнүүчү автоунаа токтоочу жайды уюштуруу үчүн жер аянтын аныктап, шаардык кеңештин кароосуна сунуштоо жагы Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына жана Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.  

 

  1. Бул токтомдун жогоруда белгиленген  талаптарын   1 (бир) ай мөөнөт  ичинде  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун 1, 2 пункттарынын талаптарын аткарууга көмөктөшүү жагы Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Р.А.Ашыралиевден  суралсын.

 

  1. Токтомдун жалпы аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Токтогул поселкалык кеңешинин 19.04.2011-жылдагы кезектеги VIII сессиясы тарабынан кабыл алынган № 41 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

   Токтогул шаардык

  кеңешинин төрагасы:                                                К.Дербишев

 

 

 

 

                                                                                  

 

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46