Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 42

 

2015-жылдын  3 - апрели                                                                Токтогул  шаары

           

Токтогул шаарындагы Жаштар аллеясында өсүү процесси токтоп калган,  эски бак дарактарды кыйдырып, ордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузуу,  көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарындагы (Бөкөнбаев көчөсүнөн Ашыров көчөсүнө чейин) Жаштар аллеясында  өсүү процесси токтоп калган, эски бак дарактар кыйдырылып, жаңыдан көчөттөр отургузулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн төмөндөгүлөр эске алынсын.

 

  • Жаштар аллеясындагы кыйылган бак дарктардын баасы төмөндөгүдөй белгиленсин:

 

  • курулушка жарактуу материалдардын 1м3 – 1000 (миң) сом;
  • курулушка жараксыз, отунга ылайыктуусунун 1м3 -  500 (беш жүз) сом;

 

  • Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу  убактылуу комиссия түзүлсүн (Тиркеме) жана бул комиссияга төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
  • Жаштар аллеясындагы курулушка жарактуу жана жараксыз материалдардын санын, өлчөмүн аныктап акт түзүү;
  • сатуудан түшкөн акча каражатынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө которулуусун көзөмөлдөө;
  • аткарылган иштердин жыйынтыгы  боюнча кийинки сессияга кеңири маалымат берүү;

 

  1. Жаштар аллеясындагы бак дарактарды кыйдыруу үчүн Кара-Көл, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Токтогул райондук аймактык экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына бирдирме берип, макулдашуу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.  

 

  1. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

      Токтогул шаардык

    кеңешинин төрагасы:                                              К.Дербишев

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46       

 

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын 03.04.2015 –жылдагы № 42 токтомуна Тиркеме

 

 

Токтогул шаарындагы Жаштар аллеясында өсүү процесси токтоп калган,

 эски бак дарактарды кыйдырып, ордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузуу, 

көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү

көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиясынын курамы

 

 

  1. Комиссиянын төрагасы:
  • К.Жумалиев –Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси;

 

  1.  Мүчөлөрү:
  • Т.Шатманалиев –Токтогул шаардык кеңешинин башкы адиси;
  • Б.Расылканова- “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын бухгалтери;
  • М.Исаков-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты;
  • Өмүржан уулу Мирбек-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты;

 

 

 

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                     К.Дербишев