• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VII  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 37

2015-жылдын 14-марты                                                                 Токтогул шаары      

 

Калктуу конуштарда таштандыларды чыгаруу, кызмат көрсөтүү  жана иш аткарып берүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү” “Бюджеттик укуктун негизги принциптери” жөнүндөгү мыйзамдарын жетекчиликке алып, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук  инфраструктура, чакан жана орто бизнес,  менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,   инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияcынын Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча корутундусун карап,  башка депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн салыктык эмес жыйымдардан, кызмат көрсөтүүнүн, иш аткарып берүүнүн эсебинен көбөйтүү жагы каралсын.

 

  1. Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды айына 2 жолу алып чыгууга жыйым, бекитип берилген аянтка жана ишканада иштегендердин санына (юридикалык жактар үчүн), курулуштун өлчөмүнө, үйдүн тургундарынын санына (жеке адамдар үчүн) жараша, төмөндөгү өлчөмдө бир жыл үчүн белгиленсин :

 

  • 40 сом жеке жарандар үчүн;
  • 80 сом юридикалык жактар үчүн;

 

  1. Жеке адамдарга, мекеме, ишканалар, коммерциялык уюмдарга кошумча көрсөтүлгөн кызматтар, эки тараптуу келишимдин негизинде, төмөндөгү тарифтерге (өздүк баасынын эсептөөлөрү тиркелет) ылайык аткарылсын:
  • 901 сом – 1м3 таштанды чыгаруу үчүн;
  • 2500 сом – ажаткананы тазалоо үчүн;

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы рыноктук  инфраструктура, чакан жана орто бизнес,  менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,   инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияcына (М.Солтоева) тапшырылсын.

 

  1. Токтогул поселкалык кеңешинин XV сессиясында 23.01.2012-жылы кабыл алынган № 66   жана XXIII сессияда 10.12.2012-жылы кабыл алынган № 104 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                        К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева 

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты тарабынан кызмат көрсөтүү жолу менен аткарылуучу жумуштардын  

акысы үчүн тарифтердин өздүк баасын эсептөөлөрү

 

3 таштанды чыгаруу үчүн 

 

Аткарылуучу жумуштар

Өлчөө бирдиги

Саны

Баасы (сом)

Сумма (сом)

  1.  

Күйүүчү май (дизтопливо)

л

3

37

111

  1.  

Эмгек акы

саат

1,5

60

90

  1.  

Транспорттун амортизациялык чыгымы

саат

1,5

300

450

  1.  

Таштандыны көмүү

саат

1

250

250

 

Жалпы:

901

 

 

Ажатканаларды тазалоо үчүн ( ГАЗ -53 автоунаасы менен бир каттам)

 

 №

Аткарылуучу жумуштар

Өлчөө бирдиги

Саны

Баасы (сом)

Сумма (сом)

1.

Күйүүчү май (дизтопливо)

л

10

37

370

2.

Майлоочу май (дизмасло)

л

0,4

90

36

3.

Эмгек акы

саат

3

60

180

4.

Транспорттун амортизациялык чыгымы

саат

3

500

1500

  1.  

Төгүлгөн ажаткана таштандысын көмүү

саат

1

414

414

 

Жалпы:

2500

 

 

Токтогул шаарынын мэри:                               М.Калмурзаев

 

 

 

Түзгөн: А.Маранбаев