Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясынын

ТОКТОМУ № 36

 

2015-жылдын 15-марты                                                                Токтогул шаары   

 

Токтогул шаардык мэриясынын жана Токтогул шаардык кенешинин  аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жана айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесине, “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуш, пикирлерин,  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук  инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,  инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап,  Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:

Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик;

Тейлөөчү кызматкер- 3 штат;

Бардыгы 19-штат бирдиги бекитилсин  (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)

  1. Токтогул шаардык кенеши боюнча:

Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги;

Тейлөөчү кызматкер -2 штат;

Бардыгы 6 штаттык бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)

 

  1. 2015-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү Токтогул шаардык кеңешинин кызматкерлери, өздөрүнүн макулдугунун негизинде, Токтогул шаардык мэриясына 2016 –жылдын 1-январына чейин убактылуу жөнөтүлсүн:

•   Токтогул шаардык кеңешинин башкы адиси А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык инспекторлору менен биргеликте  иш алып баруу үчүн;

•   Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчүсү Э.Эркинбекова ушул эле иш милдеттерди аткаруу үчүн;

 

  1. Бул токтомду мыйзамдардын талаптарына ылайык аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

      Токтогул шаардык

     кеңешинин төрагасы:                                            К.Дербишев