• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI-  сессиясынын

ТОКТОМУ № 30

31-октябрь  2014-жыл                                                                             Токтогул шаары                                                                 

Токтогул шаарынын аймагындагы борбордук базардын айланасындагы  А.Суеркулов, Черноткач, Кыргызстан көчөлөрүндөгү автоунаалардын жүрүүсүн, токтоосун  ирээтке келтирүү жөнүндө

Токтогул шаарында транспорт каржаттарынын санынын кескин көбөйгөндүгүнөн, борбордук базардын айланасында, айдоочулардын жол белгилерине карабастан, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүү аракети, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруусу, автоунаалардын тыгыны, токтоо эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле жол кыймылынын башка эрежелерин одоно бузулуулары жөө жүрүүчүлөр жана унаа айдоочулар үчүн кооптуу жагдайды жаратып жатат. Бул маселе боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Борбордук базардын айланасындагы А.Суеркулов, Черноткач, Кыргызстан көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө, унаа токтоочу жайларда токтоосуна ар дайым көзөмөлдөөнү уюуштуруп, аткарылган иштер боюнча ай сайын Токтогул шаарынын мэриясына  жана Токтогул шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн   ЖККнын жетекчиси Р.Ушумбаевден суралсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп берүүгө көмөктөшүү жагы Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Р.Т.Ашыралиевден суралсын.
  3.  Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Токтогул  шаардык

кеңешинин төрагасы:                                 К.Дербишев