• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 27

31-октябрь  2014-жыл                                                                             Токтогул шаары      

АРИСтин ПГИБО долбоорунун чакан шаарларды инвестициялоо В3 компонентинин каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы “Байчечекей” балдар бакчасына жабдуу жана инвентарь сатып алуу жумуштарынын аткарылышы жөнүндө

Токтогул шаарындагы “Байчечекей” балдар бакчасына жабдуу жана инвентарь сатып алуу долбоорунун сметалык баасы 2 100 000 сом. Долбоорду аткарууда каржылоо булагынын 95 пайызы ПГИБО долбоору аркылуу, ал эми 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Токтогул шаарындагы “Байчечекей” балдар бакчасына жабдуу жана инвентарь сатып алууга тендерге катышууга ЧП Өмүржан уулу Мирбек, ЧП Суранбаев Женишбек” ОсОО “МИА” ишканалардан өтүнүч келип түшкөн. Тендерди өткөрүүгө Токтогул шаардык мэриясынан, шаардык кеңештин депутаттарынан жана ППГ лидери катышкан комиссия түзүлгөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында ОсОО “МИА” ишканасы тандалып, тендерди утуп алган.

“Байчечекей балдар бакчасына жабдуу жана инвентарларды сатып алууга  2100 000 сомго сметалык баа бекитилген болсо, тендерге катышкан ОсОО “МИА” ишканасы 2 053 560 сомго заявка берген. Жалпы баа 2 100 000 сомду түзсө, ОсОО “МИА” ишканасы тендерде көрсөтүлгөн 2 053 560 сомдук жабдуу жана инвентарь алып келген, ал эми калган 46440 сомго кошумча жабдуу сатып алуу үчүн шаардык мэрия тарабынан ОсОО “МИА”га кат аркылуу кайрылып көтөрмөчү тарап менен кошумча контракт түзүлгөн. Тактап айтканда  жалпы 2 100 000 сомго ОсОО “МИА” ишканасы “Байчечекей” бала бакчасына жабдуу жана инвентарь сатып алып берди. Алынган жабдуу жана инвентарлар кабыл алуучу менен көтөрмөчүнүн ортосунда кабыл алуу актысына кол коюлуп, жумушчу комиссиянын актысы менен пайдаланууга берилди.

Токтогул шаарындагы “Байчечекей” балдар бакчасына  АРИСтин ПГИБО долбоорунун каржылоосу менен жабдуу жана инвентарь сатып алуу жөнүндөгү Токтогул шаарынын башкы адиси Т.Шатманалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаарындагы “Байчечекей” балдар бакчасына  АРИСтин ПГИБО долбоорунун каржылоосу менен жабдуу жана инвентарь сатып алуу жөнүндөгү Токтогул шаарынын башкы адиси Т.Шатманалиевдин билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. АРИС боюнча кичи долбоорлорду ишке ашыруу жана аткарылган иштерди кабыл алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыгынын негизинде бул кичи долбоор аткарылды деп эсептелсин.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул  шаардык

кеңешинин төрагасы:                                 К.Дербишев