Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

ТОКТОМУ № 53

 

2015-жылдын  19 – июну                                                      Токтогул  шаары

 

Токтогул шаарынын Суеркулов көчөсүндөгү жер титирөөнүн негизинде кыйраган № 30 “а” үйүнүн жер аянтынын  жеке менчикке берилишинин жана ушул эле көчөдөгү № 32 үйдүн күн батыш тарабындагы автоунаа өтүүчү жолдун жээгиндеги кызыл линиянын үстүндө жайгащкан контейнерлердин орнотулушунун  мыйзамдуулугун аныктоо жөнүндө

 

Токтогул шаардык кенешинин  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жана башка депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Суеркулов көчөсүндөгү жер титирөөнүн негизинде кыйраган № 30 “а” үйүнүн жер аянтынын жеке менчикке берилишинин жана ушул эле көчөдөгү № 32 үйдүн күн батыш тарабындагы автоунаа өтүүчү жолдун жээгиндеги кызыл линиянын үстүндө жайгащкан контейнерлердин орнотулушунун  мыйзамдуулугун аныктоо зарылчылыгы белгиленсин.

 

  1. Жогоруда аталган жер аянттарынын жеке жарандарга берилишинин мыйзамдуулугун аныктоо жагы Токтогул райондук прокуратурасынан суралсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                   К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46       

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева