Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

ТОКТОМУ № 52

 

2015-жылдын  19 – июну                                                      Токтогул  шаары

        

Ондошева Майрамканды   Кыргыз Республикасынын Президентинин

Ардак Грамотасына сунуштоо                                    боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Ак-Бакай” коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы, баатыр эне Ондошева Майрамкандын ар кандай коомдук иштерде активдүүлүгү, элибиздин руханий байлыгын арттыруу максатында жасаган иштериндеги жетишкендиктери эске алынсын.
  2. Жогорудагылардын негизинде Ондошева Майрамканды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасына сунуштоо жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                   К.Дербишев

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46       

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева