• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 50

 

2015-жылдын  19 – июну                                                                Токтогул  шаары

 

Токтогул шаарынын тургуну (Стадион тарап) Корголова Фидайдын арызын кароо боюнча

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясы  жыйналышында каралып, талкууланып корутундусун Токтогул шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясына сунушталды.

Жыйынтыгында, жогорудагы туруктуу комиссиянын   чечимин, депутат А.Сыдыковдун жана башка депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын тургуну Корголова Фидайдын арызын кароодо 06.2015-жылдагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнүн, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Токтогул райондук бөлүмүнүн  тактамалары эске алынгандыгы белгиленсин.
  2. Жыл башында бюджетти бекитүүдө (14.03.2015-жыл Токтом №34 5-Тиркеме) өзгөчө кырдаалдар үчүн бекитилген акча каражатынын эсебинен 20,0 миң сом акча каражаты арыз ээси Корголова Фидайга бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана  ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага мидеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46       

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева