• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 49

 2015-жылдын 19-июну                                                                 Токтогул шаары

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 14.03.2015-жылы  кабыл алынган № 34 токтомунун 4, 5 –Тиркемелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  • Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы туруктуу комиссиянын 18.06.2015-жылдагы корутундусу жалпысынан жактырылсын жана Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.04.2015-жылы кабыл алынган кезектеги VIII сессиясынын № 34 токтомунун 4, 5 –Тиркемелерине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилгендиги эске алынсын:
  • 4-Тиркемеде Токтогул атындагы орто мектебинин кире беришинин чатырын оңдоо үчүн каралган акча каржатынан 164,0 миң сом кыскартылсын;
  • 5-Тиркемеде Даңканайга ФАП салдыруу боюнча проектти ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каралган 399,611 миң сом акча каржаты кыскартылсын;
  • жогорудагы кыскартуулардын негизиндеги  жалпы 563,611 миң сом  акча каражаты, Токтогул атындагы орто мектебинин терезелерин (340м2) алмаштыруу боюнча проектти түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн, жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы ( проекттин жалпы суммасынын 20 %) катары жумшалсын.
  1. Ушул токтом менен киригизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү, билдирме берүү жана жалпысынан токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жүктөлсүн.
  2. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык    кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева