• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 48

2015-жылдын 19-июну                                                                 Токтогул шаары

 

Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга

ысым  ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу”

наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону   бекитүү жөнүндө

 

Токтогул шаарынын мэри  М.Калмурзаевдин сунушу Токтогул шаардык кеңешинин  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып,  чечими Токтогул шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясына сунушталган.

Жыйынтыгында, 18.06.2015-жылдагы туруктуу комиссиянын чечимин жана башка депутаттардын сунуштарын, ой-пикирлерин  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде, туруктуу комиссиянын 18.06.2015-жылдагы чечими жактырылсын жана ага ылайык:
  • Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин (Тиркеме 1);
  • Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин (Тиркеме 2);

 

  1. Мындан ары Токтогул шаарында көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу   жогоруда бекитилген Жоболордун ( Тиркеме 1, Тиркеме 2) талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Мыктаровго тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

   Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева                                                                        Көчүрмө анык

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46     Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  19.06.2015-жылдагы кезексиз  X сессиясынын № 48 токтомуна

                                                                                                                                                                            1-Тиркеме

 

Токтогул шаарынын көчөлөрүнө, парктарга (эс алуучу жайларга), мекеме ишканаларына,  

окуу жайларына  ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндө  ЖОБО

 

  1.  Жалпы түшүндүрмө

 

1.1      Бул Жобо Токтогул шаарынын мекемелерине, ишканаларына, окуу жайларына,  көчөлөрүнө жана көчөнүн мурдагы атын өзгөртүү жана парктарга  ысым ыйгаруу тартибин аныктайт.

1.2     Ысым ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары – шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар,  көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.

1.3     Ысым ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды  Жобонун талаптарына  ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен шаардык кеңешке жөнөтөт.

1.4      Токтогул шаарынын көчөлөрүнө, парктарына, мекеме, ишканаларына, окуу жайына ат берүү шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгондон кийин колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө  чыгарылат;

 

  1.  Токтогул   шаарынын  мекемелерине, ишканаларына  көчөлөрүнө, көчөнүн мурдагы атын өзгөртүүгө жана  парктарга,  окуу   жайларга ысым ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

 

2.1     СССРдин учурундагы жана азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын      баатырлары, орден,  медалдардын ээлерине;

2.2     Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;

2.3     Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлерине, көрүнүктүү илимий      даражага ээ болгон окумуштууларга;

2.4     СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;

2.5      Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетин аткарып жогорку  сыйлыкка ээ болгондорго;

2.6     Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң      салым кошуп, Мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон жана шаардын ар кандай тармактарына кошкон зор    эмгектери үчүн Ардактуу  наамдарга ээ   болгон инсандарга;

2.7      Шаарга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды  курган бизнес  адамдарына, чет элдик            адамдарга;

2.8      Токтогул шаарынын «Ардактуу Атуулу»наамы берилгендерге;

2.9      Ушул жобонун  II пунктундагы  талаптардын ( 2.1-2.8.) ичинен эки талапка ылайык келсе.

 

III.   Шаардын көчөлөрүнө, парктарына ысым ыйгаруунун тартиби

 

3.1     Шаардагы мурда адамдардын ысымы берилген көчөлөрдүн аты ар кандай жүйөөсүз себептер  менен өзгөртүүгө болбойт;

  • Кыргыз Республикаснынын Эгемендүүлүктү алгандан кийинки (1991-жылдан   берки)       көчөлөрдүн,  парктардын аттары ар кандай шылтоолор    менен  өзгөртүүгө болбойт .

 

3.2    Шаардагы бир көчөгө бир гана ысым ыйгарылат, мындан ары  көчөнү бөлүктөргө бөлүп ысым ыйгарууга тыюу салынат.

 

3.3     Жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт,  эгерде жаңы көчөгө жеке жарандын ысымы  ыйгарылса, ар кандай чыгымдар  өтүнүч берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт,  ал эми   мурда аты  бар  көчөнүн атын которгондо, буга кеткен чыгымдар толугу менен сунуш кылган  мекеменин эмгек жамаатынын,  коомдук саясий  уюмдардын, жеке адамдардын жана үй-бүлөнүн   өзүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

 

 

 

3.4      Көчөнүн атын которууга кеткен чыгымдарга төмөндөгүлөр кирет:

 

  • көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жасатып илдирүү жана      ушул   көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу;
  • көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү  жана   жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • көчөдө жашаган жашоочулардын үй китепчелерин, паспортторун кайрадан учетко    тургузуу боюнча паспорт, виза жана каттоо  иштери боюнча  паспорт стол бөлүмүнө кеткен чыгымдар;
  • көчөнүн атын оңдоо боюнча шаардык архитектурага, мамкаттоого, коммуналдык   мекемелерге төлөнүүчү чыгымдар;

 

3.5   Көчөгө, паркка ысым ыйгаруу боюнча кабыл алынган токтомго кол коюлгандан кийин Жобонун 3.4       пункутунда     көрсөтүлгөн    талаптар 3 айлык мөөнөттүн ичинде     бүткөрүлүшү  керек.

3.6     Жобонун III бөлүмүнүн талаптары алдын ала түшүндүрүлөт жана ушул     талаптарды аткаруудан           баш тарткан  учурда көчөгө, паркка ысым ыйгарылбайт.

3.6    Көчөлөргө, парктарга(сквер) ысым берүү жана көчөлөрдүн мурунку атын өзгөртүү   маселесин  кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

 

  • көчөлөргө, парктарга  жана көчөлөрдүн мурдагы атын өзгөртүү маселеси   боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык   протоколу же токтому;
  • чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн  макулдук берүүсү;
  • мекеме ишканалардын эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын сунушу;
  • өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун    көчүрмөсү;
  •       мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү  (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);

 

 IV   Мекемеге, ишканага, окуу жайларга ысым ыйгаруу талабы

 

4.1    Мекемеге, ишканага, окуу жайга ысым ыйгарууга байланыштуу чыгымдар сунуш     киргизген эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдын        эсебинен  жүргүзүлөт.  Ал  чыгымдарга төмөнкүлөр кирет.

 

  • мекеменин, ишкананын, окуу жайдын атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдар;
  • материалдык, техникалык базасын чыңдоого кеткен чыгымдар;
  • мекеменин, ишкананын жаңы печатын, штампын жасатуу ж.б чыгымдар

 

4.2     Мекемеге, ишканага, окуу жайга ысым ыйгаруу маселеси ошол мекеменин эмгек  жамаатынын  жалпы чогулушунда талкууланып, жалпы колдоого ээ  болгондон кийин токтом кабыл   алынат.

4.3     Токтомго мекеме жетекчисинин, профсоюз уюмунун төрагасынын колу коюлуп, мекеменин мөөрү басылып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.

4.4     Мекемеге, ишканага, окуу жайга ат берүүгө төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат

  • эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
  • өмүр баяны,  мүнөздөмө, сунуш;
  • ысымы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
  • өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • паспортунун көчүрмөсү;

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                   К.Дербишев

 

 

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  19.06.2015-жылдагы кезексиз  X сессиясынын № 48 токтомуна                                               2-Тиркеме

“Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруунун тартиби жөнүндө  ЖОБО

 

  1.  Жалпы түшүндүрмө

 

1.1      Бул Жобо Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  тартибин аныктайт.

1.2     “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары – шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар,  көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.

1.3     “Ардактуу наам” ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды  Жобонун талаптарына  ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен шаардык кеңешке жөнөтөт.

1.4     “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп,  жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон  тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;

1.6     Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 3 адамга гана ыйгарылат.

 

  1.  Токтогул   шаарынын  “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

 

2.1    Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң      салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон,  шаардын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;

2.2   Токтогул шаарынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;

2.3      Шаарга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес  адамдарына, чет элдик            адамдарга;

III.   Шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби

 

3.1     Токтогул шаарынын  “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жүргүзүлөт.

3.2     “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө,  Токтогул шаардык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.

  1. ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу   маселесин  кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  жеке жарандар, коомдук уюмдар  тарабынан сунушталган болсо:

  • Талапкер  боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык   протоколу же токтому;
  • чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн  макулдук берүүсү;
  • коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
  • өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун    көчүрмөсү;
  • мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү  (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);

 

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  мекеме, ишканалар  тарабынан сунушталган болсо:

 

  • эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
  • өмүр баяны,  мүнөздөмө, сунуш;
  • “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
  • өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • паспортунун көчүрмөсү;                                        Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева