• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 46

2015-жылдын 19-июну                                                                 Токтогул шаары

 

Токтогул шаарынын 7 – кичи районунун түштүк тарабындагы таштандылар төгүлүүчү жайды  ижарага берүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого” ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын жерге укук берүү боюнча комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаарынын 7- кичи районунун түштүк тарабындагы таштандылар төгүлүүчү жай (3,9 га) 5 (беш) жылдык мөөнөт менен  ижарага  берилсин, ошондой эле  ижарага берүү боюнча бардык иштер Жерге ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобонун  талаптарын жетекчиликке алуу менен жүргүзүлсүн.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана жерге укук берүү боюнча комиссиясынын төрагасы К.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Орозовго тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                К.Дербишев

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46    

 

 

                        Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева