Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VII  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 31

 2015-жылдын 14-марты                                                                Токтогул шаары      

 

Токтогул шаарында А.Козубеков атындагы Эс алуу багынын ичине  чакан футбол аянтын куруу боюнча проектти ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,    Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу,  массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калк арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу үчүн, азыркы замандын талабына ылайык, бардык шарттары менен футбол аянтын куруу боюнча проектин ишке ашыруу жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде чакан футбол аянтын куруу боюнча проекттин түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулушу толугу менен колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  2. Проекттин жалпы баасы 2 997 887 ( эки миллион тогуз жүз токсон жети  миң сегиз жүз сексен жети) сом болгондуктан, бул сумманын 20%, так айтканда  599 577 (беш жүз токсон тогуз миң беш жүз жетимиш жети) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын
  6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 Токтогул шаардык 

кеңешинин  төрагасы:                                К.Дербишев