• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIV сессиясынын

ТОКТОМУ

№ 76

2016-жылдын 01-марты                                                      Токтогул шаары

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев аймакта социалдык-экономикалык пландаштыруунун негизинде  аткарылган иштер, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча  2015-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчетун слайд шоунун коштоосунда берди.

Жогорудагыларды эске алып, М.Калмурзаевдин  отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаар аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 2015-жылга пландалган иштердин негизинен  аткарылгандыгы  белгиленсин.
  1. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин бир жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштыруу Токтогул шаардык кеңешинин аппаратына (С.Наралиева) тапшырылсын.

Төрага:                                  К.Дербишев