• Печать

                   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын

                                                                       ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-марты № 77                                                                                            Токтогул шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги
XIV сессиясында 01.03.2016-жылы кабыл алынган № 68 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Токтогул шаардык мэриясынын жана “Чуй УСМ” жабык акционердик коомунун ортосундагы 2014-жылдын 04-сентябрындагы келишимдин 5.1 пунктунун аткарылышы боюнча Чүй облустук сотунун административдик жана экономикалик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 27-январындагы аныктамасынын жана Токтогул райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 14-мартындагы талабынын негизинде жазылган Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы


ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагы келишимдин 5.1 пункту боюнча Токтогул шаардык мэриясынын пайдасына “Чуй УСМ” жабык акционердик коомунан өндүрүлүүчү акча каражатынын өлчөмү 827 547 сом экендиги белгиленсин.

2. Токтогул шаардык кеңешинин 01.03.2016-жылдагы кезектеги XIV сессиясында кабыл алынган № 68 токтомуна өзгөртүүлөр киригизилип, төмөндөгү өлчөмдөгү акча каражаттары кыскартылсын:

- Мэриянын аппаратынан:
Статья 3111 - 400 000 сом;

- “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынан:
Статья 3111 – 427 547 сом;

Жалпы: 827 547 сом

3. Кыскартуулардын негизиндеги 827 547 сом акча каражаты 28231100-соттун чечимдерин аткаруу статьясына кошулсун, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине которулуп берилсин.

4. Токтогул райондук казына бөлүмүнө өз убагында билдирме берип, планга тактоо киргизүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага: К.Дербишев

                    Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
                                                                    ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-марты № 78                                                                                       Токтогул шаары


Мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Малабай Джунусалиевдин
бюстун орнотуу жөнүндө

Маркум М.Джунусалиевдин бюстун Токтогул шаарынын борбордук бөлүгүндө орнотуу боюнча А.Жунусалиеванын 08.12.2015-жылдагы кайрылуусу, бул маселе боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.02.2016-жылдагы жыйналышында каралып, талкууга алынган.
Жыйынтыгында М.Джунусалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында жана анын мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсү үчүн мезгилинде талыкпастан эмгектенип, мамлекеттик жана саясий кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, ар кандай жогорку сыйлыктарга татыктуу болгондугун эске алып, ошондой эле жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. А.Джунусалиеванын 08.12.2015-жылдагы кайрылуу каты канааттандырылсын.

2. М.Джунусалиевдин боюстун Токтогул шаарынын борбордук аянтындагы эмгек ардагерлеринин катарына (фонтандын батыш тарабына) орнотууга макулдук берилсин.

3. Бюсттун архитектуралык жактан көрүнүшү ал жердеги мурда орнотулган бюсттар менен шайкеш келүүсү эске алынсын.

4. Тиешелүү жер аянтын тактап, бөлүп берүү менен бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага: К.Дербишев

 

                      Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
                                                                        ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-марты № 79                                                                                             Токтогул шаары


Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги
IV сессиясында 05.08.2014-жылы кабыл алынган № 19 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 30.12.2015-жылдагы “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Токтогул шаарынын борбордук аянтындагы айкелдердин архитектуралык-композициялык көрүнүштөрүн жакшыртуу максатында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун карап, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын чечимин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы


                                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык кеңешинин 05.08.2014-жылдагы № 19 токтомунун 2 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун 2 пунктундагы “Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы “Баатырлар аллеясынан” (А.Жанышбаевдин айкелинин катарынан)” деген сөздөр “Токтогул шаарынын борбордук аянтындагы фонтандын чыгыш тарабынан ( акын, жазуучулардын айкелдеринин катарынан)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун 1 пункту менен киригизилген өзгөртүүнү эске алуу менен, токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага: К.Дербишев

 

 

                           Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
                                                                          ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-марты № 80                                                                                              Токтогул шаары


Токтогул шаарынын кийим жана жашылча сатылуучу борбордук базарында жана башка жерлерде соода-сатык иштерин жүргүзүүнү ирээтке келтирүү, калктуу конуштун жалпы пайдалануусундагы жер аянттарын бошотуу жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы, өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы сыяктуу жергиликтүү башкаруунун принциптерин негиз тутуп, учурда Токтогул шаарында соода-сатык иштерин мыйзамдын талаптарына ылайык ирээтке келтирип, белгиленген жерлерде жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын эске алып, ошондой эле бул маселелер боюнча Токтогул шаарынын жашоочуларынын атынан жазылган арыз, кайрылууларын карап, талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы


                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын борбордук базарында (кийим сатылуучу, жашылча сатылуучу базарларында) жана башка жерлерде соода-сатык жүргүзүү иштери ирээтке келтирилсин, калктуу конуштун жалпы пайдалануусундагы жер аянттары ар кандай күркө чатырчалардан бошотулсун.

2. Токтогул шаарынын төмөндөгү бөлүктөрүндө 31.03.2016-жылга чейин, жер аянттары, тактап айтканда:
- А.Суеркулов көчөсүндөгү жер аянты убактылуу коюлган күркөлөрлөрдөн бошотулуп, баштапкы абалына келтирилсин;
- Черноткач көчөсүндөгү жер аянты убактылуу жашылча сатуу үчүн орнотулган чатырчалардан бошотулсун жана баштапкы абалына келтирилсин.

3. Жогоруда бошотулган жерлерде агротехникалык эрежелерди туура жана так сактоо менен жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жана аларды тосмолоо иштери тез арада колго алынсын.

4. Шаар аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктын жалпы пайдалануусундагы жер аянттарын бошотуу жана көчөлөрдө мыйзамсыз соода сатык жүргүзүүнү токтотуу боюнча иштер мындан ары дагы үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн, Токтогул шаарынын аймагындагы тиешелүү аймактык инспекторлордун көмөктөшүүсү белгиленсин.

5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага: К.Дербишев

 

 

                          Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
                                                                           ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-марты № 81                                                                                               Токтогул шаары

Токтогул шаарынын Кадырбек

көчөсүнүн № 10 үйүнүн

жашоочусу Т.Исраиловдун

арызы боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясы Токтогул шаарынын жашоочусу Т.Исраиловдун 08.12.2015-жылдагы арызы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн катыштыруу менен атайын комиссия түзүп, маселени жеринде кароо менен 02.06.2015-жылы акт түзүп келишкен.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке менчик турак үй куруу үчун жер участокторун берүү тартиби” жана “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартиби жана шаттары жөнүндөгү” жоболордун тараптарын жетекчиликке алып, жогоруда аталган комиссиянын актысын карап жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
                                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда аталган жер маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен, Т.Исраиловго Токтогул шаарынын аймагынан жеке менчик турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы каралсын.

2. Арыз ээсине башка жер аянты бөлүнүп берилгенден кийин, Кадырбек көчөсүнүн №10 үйүнүн жер аянты арыз ээси тарабынан ар кандай курулуштардан бошотулсун, ал жерди Токтогул шаардык мэриясы муниципалдык менчикке өткөрүп алсын.

3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага: К.Дербишев