ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XV сессиясынын

ТОКТОМУ

2016-жылдын 27- апрели    № 82                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарындагы мал союлуучу жайлар боюнча

 

    Токтогул шаардык кеңешине шаардын Даңканай жана Топбаза кичи районунун  жашоочуларынын атынан мал союлуучу жайлардын мыйзам талаптарына жооп бербей жаткандыгы боюнча арыздар катталып, “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын кароосуна берилген.

Жогорудагы маселе боюнча аталган туруктуу комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусунун натыйжасында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Токтогул райондук башкармасынын 04.04.2016-жылдагы № 40 корутундусу алынган. Бул корутундунун негизинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 20-апрелинде № 106 буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, Токтогул шаарында жайгашкан “Суусар”, Топбаза кичирайонундагы (заготконтора) мал союлуучу жай жана “Абелл” мал союлуучу жайлары  мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсү боюнча текшерүүгө алынды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.06.2015-жылдагы токтомунун жана “Ветеринария” боюнча мыйзамынын талаптарына жана жогорудагы комиссиянын чечимине ылайык  маселени карап, иликтөө боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка депутаттардын шаарда санитардык жана эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо боюнча сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жогорудагы комиссиянын чечимине ылайык:
  • “Суусар” мал союлуучу жайды иштетүүгө убактылуу уруксат берилгендиги белгиленсин жана ал жерде   ветеринардык –санитардык эрежелеринин сакталышын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш аракеттерди жүргүзүү менчик ээси М.Болпокеевага тапшырылсын;  

 

  • Топбаза кичирайонундагы (заготконторадагы) мал союлуучу жайы жана  “Абелл” мал союлуучу жайы мыйзамдын талаптарына ылайык келбей тургандыгы белгиленсин;

 

  1. Шаар аймагында мал союлуучу жайлардын мыйзамдын талаптарына ылайык иштөөсүн өз компетенциясынын чегинде  катуу көзөмөлгө алуу менен иш жүргүзүү  Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы А.Сапаркуловага жана райондук ооруларды алдын алуу жана малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Д.Курбаналиевге тапшырылсын.  

 

  1. Токтогул шаарында ветеринардык жана санитардык эрежелердин баардык талаптарына жооп берүүчү башка мал союлуучу жай ачуу боюнча жеке ишкерлер менен алып баруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жана экология жана санитардык абал боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

    

Төрага:                                                   К.Дербишев

    

 

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

2016-жылдын  27-апрели    № 83                                                              Токтогул шаары                                                                 

Токтогул шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги акча каражатын

бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги  827 547 сом  акча каражатына техникаларды (автовышка жана суу чачуучу) сатып алуу жөнүндөгү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.

 

  1.  Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына 3112 -транспорт каражаттарын сатып алуу статьясы боюнча чыгымдалсын.

 

  1. Атайын эсептин планына тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясын сиясына жүктөлсүн..

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

 

    Төрага:                                                   К.Дербишев

        

                       

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

2016-жылдын  27-апрели    № 84                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды кабыл алууда шаар тургундарынын балдарына артыкчылык берүү боюнча

 

            Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамында белгиленген негизги принциптерге ылайык жүргүзүлөт.  Ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын тамктануусуна кошумча каражат жана алардын имараттарын оңдоп-түзөөсүнө, ар кандай чыгымдарына  каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берип турат. 

Учурда Токтогул шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ошондуктан  “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, жумушсуздук, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын демилгеси менен, Токтогул шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, мекепке чейинки билим берүү уюмдарына барып жаткан балдардын документтерин карап чыгышкан.

Жыйынтыгында, шаардын аймагындагы жалпы 5 (беш) мектепке чейинки билим берүү уюмдарына башка айылдардан,  документтери толук эмес,  же тактамасы жок 71 баланын келип жаткандыгы аныкталды.

 Ошол эле учурда Токтогул шаарында жашап, иштеп жаткан тургундарыбыздын балдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барууга  орундун жоктугунан, ар кандай шарттарда  багылып, тарбияланып жаткандыгы туруктуу комиссиянын корутундусунда белгиленген.  

Жогорудагылардын негизинде, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына  балдарды кабыл алууда, биринчи кезекте Токтогул шаарында жашап, иштеп жаткан тургундардын балдарына артыкчылык берилсин.

 

  1. Ушул токтом менен кабыл алынган чечим боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна билдирилсин.

 

 

  1. Балдарга  жашагандыгы тууралуу тактамаларды берүүдө алардын ата-энесинин туруктуу каттоого алынган жерине өзгөчө көңүл бурулсун.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, жумушсуздук, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

    Төрага:                                               К.Дербишев

 

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

2016-жылдын  27-апрели    № 85                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарындагы убактылуу жашылча сатылуучу базар жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”  мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин        “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” жана  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-мартындагы № 80 токтомунун 2 пунктунун экинчи бөлүгүн колдонуу токтото турулсун.

 

  1. Черноткач көчөсүнүн түкдүк - батыш тарабындагы муниципалдык менчиктеги жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытындагы жер тилкесинде  жашылча сатуу иштери убактылуу улантылсын.

 

  1. Жер участокту убактылуу пайдалануу үчүн жашылча сатуучулардын ар бири  менен   мөөнөттүү ижаралоо келишими  түзүлсүн.

 

  1. Жашылча сатуучулар үчүн керектүү шарт түзүп берүү Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомду 1 (бир) ай мөөнөт ичинде аткаруу  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жогорудагы туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

 

    Төрага:                                               К.Дербишев

    

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясынын

2016-жылдын  27-апрели    № 86                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз II сессиясынын

№ 08 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” жана “Жеке менчик турак үй куруу үчун жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жоболорду бекитүү боюнча токтомдоруна ылайык,  Токтогул шаарында муниципалдык менчикте турган жерлерге укук берүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн атайын комиссиялар түзүлүп,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз II сессиясынын № 08 токтому менен бекитилип берилген. Бирок учурда комиссия курамындагы айрым мүчөлөрү чыгып калгандыктан, аталган комиссиянын курамын кайрадан бекитүү зарылчылыгы келип чыкты.

Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз II сессиясынын № 08 токтомунун 2 пункту менен бекитилген 1 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

 

  1. Жер участокко укук берүүгө байланышкан маселелер боюнча комиссиялардын жаңы курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                                   К.Дербишев

               

 

 

Тиркеме

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVI сессиясынын

2016-жылдын  27-апрелиндеги № 86 токтому менен бекитилди

 

Токтогул шаарында жер участогуна укук берүүчү комиссиялардын курамы

1.  Токтогул шаарынан жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү боюнча комиссия курамы:

1) Жумалиев К –Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, комиссиянын төрагасы;

2) Исаков Максат –шаардык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы;

           Комиссиянын мүчөлөрү:

3) Мейманжанов Ч – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;

4) Сыргабаев О-шаардык кеңештин депутаты;

5) Аблесов М –шаардык кеңештин депутаты;

6) Курамаева К – Токтогул райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;

7) Борбиев Н – Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;

8) Бекташова Т – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;

9) Момуналиев С- жаштар кеңешинин төрагасы;

 

  1. Токтогул шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага, жеке менчикке берүү, сатуу жолу менен жер аянттарын берүү боюнча комиссия курамы:
  1. Жумалиев К –Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  1. Исаков Максат –шаардык кеңештин депутаты;
  2. Сыргабаев О-шаардык кеңештин депутаты;
  3. Аблесов М –шаардык кеңештин депутаты;
  4. Мейманжанов Ч – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
  5.  Бекташова Т – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
  6. Момуналиев С- жаштар кеңешинин төрагасы;

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                  С.Наралиева