• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын

кезексиз  XVIII сессиясы

2016-жылдын  15-июлу   № 91                                                             Токтогул шаары                                                               

Токтогул шаарынын 2016-2019-жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүү программасына  толуктоолорду киргизүү жана аларды бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарын 2016-2019-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы Токтогул шаардык кеңешинин 01.03.2016-жылдагы № 66 токтому менен бекитилген.  Бирок 04.07.2016-жылы Токтогул шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлгөн жыйында жашоочулар тарабынан артыкчылыктуу багыттагы кошумча көйгөйлөр аныкталып, алар боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин  сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн  депутаттардын сунуш,  ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул    шаардык кеңешенин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаарынын 2016-2019-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоо киргизилсин,  жалпы жыйында сунушталган өнүгүү планы  бекитилсин (тиркелет).

 

  1. Планда каралган көйгөйлүү маселелерди өз убагында аткаруу үчүн  сырттан инвестиция тартуу боюнча иш алып баруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин  туруктуу комиссияларына (М.Солтоева, М.Ондошева, У.Кубатов, Н.Молдоказиев) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом  мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg  сайтына   жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

Төрага:                                                  К.Дербишев                                          

                                                                                             

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин  2016-жылдын “15” июлундагы

XVIII кезексиз сессиянын № 91 токтому

менен бекитилди

 

ТОКТОГУЛ ШААРЫНЫН 2016-2019-ЖЫЛДАРГА КАБЫЛ АЛЫНГАН 

ӨНҮГҮҮ  ПЛАНЫ

 

Иш чара

Натыйжа/көрсөткүчтөр

Мөөнөтү

Жооптуулар (ЖӨБО/ДТ)

Бенефициарлар    (түз ж/а кыйыр)

Салымдар/булактар

Ким эмне кылат?

  1. Көйгөй: Балдар чыгармачылык мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жана керектүү жабдуулар менен жабдуу

 

Максат:Токтогул шаарындагы жаш өспүрүм балдарды ар тараптуу чыгармачылыктарын өнүктүрүүгө шарт түзүү

 

1.Токтогул шаарындагы балдар чыгармачылык үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо.

Шаардагы мектеп окуучулардын ар тараптуу чыгармачылыктарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.

2017-ж.

 

Мэрия.

Түз 450 адам.

Кыйыр 2095

 

 

Т.Сманбековдундемөөрчүлүгү аркылуу.

  1. Көйгөй: Шаардын 1-кичи районуна балдар бакчасын куруу

Максаты:Шаардагы мектепке чейинки балдардын тарбияланышына шарт түзүү

1-кичи микро райондун жашоочулары үчүн балдар бакчасын куруу жана жабдууларды алуу

1-кичи районунун жашоочуларынын балдарытарбияланышына шарт түзүү.

2018-жыл.

мэрия

Түз 195-

Кыйыр 435.

жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар.

  1. Көйгөй: Таласбай кичи районуна балдар бакчасын куруу

Максаты: Таласбай кичи районундагы жашоочулардын балдарынын тарбияланышына шарт түзүү

1. Таласбай кичи районуна балдар бакчасын куруу

Таласбай кичи р-нун жашоочуларынын балдары тарбияланышына шарт түзүү.

2018-жыл.

мэрия

Түз- 220

Кыйыр 602

Жергиликтүү жана республикалык бюджет

  1. Көйгөй: Таласбай кичи районуна мектеп куруу

Максаты: Таласбай кичи районунун жашоочуларынын жакындан билим алышана шарт түзүү

1. Таласбай кичи районуна мектеп куруу

Таласбай кичи р-нун жашоочулары жакын жайгашкан мектептен окууга шарт түзүлүп, муктаждыктары чечилет.

2017-2018-2019-ж.ж.

мэрия

Түз 634,

Кыйыр 1865

Республикалык жана жергиликтүү бюджет.

 

  1. Көйгөй: Шаардын борбордук көчөлөрүнөн башка кичи райондорго түнкү көчөлөрдү жарыктандыруу

Максаты: Шаар тургундарынын түнкү коопсуздугун камсыздоо жана ыңгайлуу шарт түзүү

1. Шаардын борборунан алыс кичи ми-крорайондору-нун көчөлөрун жарыктандыруу.

Шаардын микрорайондорундагы көчөлөрдүн  жарыктандыруусу

камсыздалат.

2016-2017-2018-2019-ж.ж.

Мэрия жана “Ыңгайлуу шарт түзүү ” комб.

Түз 15268-

Кыйыр 21251

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар.

  1. Көйгөй: Жол белгилерин жаңыртуу

Максат: Шаардагы көчөлөрдүн жол белгилерин орнотуп, шаар тургундарынын коопсуздугун  камсыздоо

Шаардагы көчөлөргө жол белгилерин жаңыртып орнотуу.

Шаардагы көчөлөргө жол белгилери орнотулуп, шаар тургундарынын коопсуздугу камсыздалат.

2016-жыл

Мэрия жана “Ыңгайлуу шарт түзүү ” комб.

Түз -21867.

Кыйыр- 3521

Жергиликтүү бюджет.

  1. Көйгөй: Шаардын ички жолдорун: А.Суеркулов көчөсүнөн 1,7км, М.Сүйүналиев көчөсүнөн 1,2км,  Ашыров көчөсүнөн 1,7 км Жалпы 4,6 км  жолду асфальттоо

 

Максаты:Шаар тургундары үчүн жол жүрүүдө ыңгайлуу шарт түзүү.

Шаардын ички жолдорун: А.Суеркуловкөчөсүнөн 1.7км., М.Сүйүналиевкөчөсүнөн 1.2км., Ашыровкөчөсүнөн 1.7 км. жалпы 4.6км. жолунаасфальт төшөп жакшыртуу

 

Шаардын борбордук көчөлөрү жакшырып, шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү

2016-2017-2018-ж.ж.

Мэрия

Түз -21687,

Кыйыр 3521

КР. Трансп. Мин., жерг. бюджет, рай-к “Атайын эсеп” мамл. ишканасы

  1. Көйгөй: Момункулов-Бекташов, Токтогул-Кенжетаев, Кенжетаев- Бөкөнбаев, Кыргызстан-Токтогул көчөлөрүнө светофор орнотуу

 

Максаты: Шаар тургундарынын жол жүрүүдөгү коопсуздугун камсыздоо

Шаардын борбордук көчөлөрүнөсветафор орнотуу

Шаар тургундарына жол жүрүүдөгү коопсуздугуна шарт түзүлөт.

2016-жыл.

Мэрия-Ыңгайлуу шарт түзүү комб.

Түз -21867.

Кыйыр- 3521

Жерг. бюджет

  1. Көйгөй: А.Суеркулов көчөсүндөгү тротуарды жарыктандыруу

 

Максаты: Токтогул шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан А.Суеркуловкөчөсүнүн тротуарын түнкү жарыктандыруу менен шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү

А.Суеркулов көчөсүндөгү тротуарды жарыктандыруу үчүн прожекторлорду орнотуу

 

Жөө жүргүнчүлөрдүн түнкү коопсуздуктарын камсыздоо

2017-жыл.

Мэрия. Ыңгайлуу шарт түзүү муниц. ишкана

Түз 7654,

Кыйыр 5234

 Жерг. бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: К.Мадьяров көчөсүнө тротуар куруу

Максаты: Таласбай кичи районунун тургундары жана коноктору үчүн жөө жол жүрүүдө ыңгайлуу шарт түзүү.

К.Мадьяров көчөсүндөгү жашоочулардын коопсуздугун үчүн жөө адамдар басуучу тротуар куруу.

К.Мадьяров көчөсүндөгү жашоочулардын коопсуздугун үчүн жөө адамдар басуучу тротуар курулуп, коопсуздугуна ыңгайлуу шарт түзүлөт.

2017-жыл.

мэрия

Түз- 5635,

Кыйыр- 7543

Жергиликтүү бюджет.

  1. Көйгөй: Кыргызстан көчөсүндөгү “Жаштар аллеясынын” курулушун 350метр аралыкта Ашыров көчөсүнө чейин улантуу.

Максаты: Шаардагы жөө жүргүнчүлөр  үчүн эс алууга жана бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө ошондой эле жол жүрүүдөгү коопсуздугун камсыздоодо ыңгайлуу шарт түзүү.

Кыргызстан көчөсүндөгү “Жаштар аллеясын” 350 метр аралыкта курулуш ишин улантып, тротуар төшөө

Кыргызстан көчөсүндөгү “Жаштар аллеясынын” курулушу 350метр аралыкта Ашыровкөчөсүнө чейин улантылып, тротуар төшөлүп, жашылдадыруу колго алынат.

2016-жыл.

мэрия

Түз- 6350.

Кыйыр 2579.

Жергиликтүү бюджет

  1. Көйгөй: Шаар ичиндеги көчөлөрдү, парк, скверлерди жашылдандыруу, гүлдөрдү отургузуу

Максаты: Шаар ичин жашылдандырып, көрктөндүрүп кооз абалга келтирүү

Көчөлөрдү, парк, скеверлерди жашылдандыруу, гүлдөрдү отургузуу.

Шаар ичи көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат.

2016-жыл.

Мэрия, ыңгайлуу шарт түзүү комб.

21867

Жерг. бюджет, донордук уюмдар.

  1. Көйгөй: Ош-Бишкек авто жолунун түнкү жарыктандыруусун камсыздоо

Максаты: Ош-Бишкек авто жолундагы коопсуздукту алдын алуу жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү

Ош-Бишкек авто жолунун Токтогул шаарын аралап өткөн 3 км. аралыктагы жерине түнкү жарыктандыруу прожекторлорду куруу.

Ош-Бишкек авто жолунун Токтогул шаарын аралап өткөн 3км. Аралыгына прожекторлор орнотулуп, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугу алдын алынып, ыңгайлуу шарт түзүлөт.

2016-

мэрия

Түз-100 000.

Кыйыр- 150 000.

Жергиликтүү бюджет, райондук атайын эсеп мамлекеттик иш канасы.

  1. Көйгөй: “Ыңгайлуу шарт түзүү” ишканасын  атайын техникалар  менен камсыздоо

Максаты: Шаардын тазалыгын камсыздоого жетишүү менен шаардын санитардык абалын көзөмөлдөөнү камсыздоо жана “Ыңгайлуу шарт түзүү” ишканасынын жумушчуларынын жумуш иштерин жакшыртуу.

1.Жалбырак тазалоочу машина сатып алуу.

2. Кар түртүүчү машина сатып алуу.

3. Суу чачуучу машина сатып алуу

4. Бак-дарак кыркууга атайын машина

сатып алуу

5. Эскватор машинасын сатып алуу

6. Шаар ичине таштанды салуучу

контейнерлерди, урналарды орнотуу

7. Таштанды жүктөөчү атайын техника

сатып алуу

8.Таштанды таштоочу жай куруу

Шаардын экология корголуп, тазалыгын камсыздоого жетишип,  санитардык абал көзөмөлдөнүп, таштанды калдыктары зыянсыздалат,  жана “Ыңгайлуу шарт түзүү” ишканасынын жумушчуларынын жумуш иштери  жакшырат

2016-2017-2018-2019-жж.

Мэрия. “Ыңгайлуу шарт түзүү комбинаты”

Түз- 21687.

Кыйыр 3500.

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Ош-Бишкек авто жолундагы Токтогул жазууларына түнкү жарыктарды берүүнү уюштуруу

Максаты: Токтогул шаарынын чек арасында орнотулган “ТОКТОГУЛ” жазуулардын абалын жакшыртып, көркүнө келтирип, жарык шаарга айлантууга жетишүү

Токтогул шаарынын чек арасында орнотулган ТОКТОГУЛ жазууларды түнкү жарыктандыруу

Ош-Бишкек авто жолундагы Токтогул шаарынын “ТОКТОГУЛ” жазуу белгилерине түнкү жарыктандыруу орнотулуп, шаардын инфраструктурасы жакшырат

2016-жыл.

Мэрия. Ыңгайлуу шарт түзүү комбинаты

Түз- 48 751

Кыйыр- 95642

Жергиликтүү бюджет

  1. Көйгөй:Ак-Жон участкасына эл.линиясын тартуу жана трансфарматор орнотуу

Максаты: Ак-Жон участкасындагы калктын электр энергияга болгон муктаждыгын чечип берүү

1. Ак-Жон участкасындагыжашоочулар үчүн трансфарматор орнотуу.

2. Столбаларды орнотуу.

3.Электр линиясын тартып берүү.

Ак-Жон участкасынынжашоочуларынын электр энергияга болгон муктаждыгы чечилет.

2016-2017-ж.ж.

Мэрия.

Түз- 347.

Кыйыр-201

Жергиликтүү бюджет.

  1. Көйгөй: Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздалышын жакшыртуу

Максаты: Шаардын баардык кичи райондорундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого жетишүү жана “суу канал” мекемеси үчүн спец.техникаларды алуу

1. Шаарга суу берүүчү башкы суу кампасын кайра жасап чыгуу.

2.Шаардагы баардык кичи райондордогу ичүүчү таза суу менен камсыздоочу  суу түтүктөрүн жаңы орнотуу.

3.Шаар ичине колонкаларды орнотуу.

4.Жеке жана юридикалык жактарга суу эсептөөчү эсептегичтерди(водосчетчик) орнотуу.

5. “Суу канал” ишканасы үчүн спец.техника сатып алуу.

6. ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрдү макулдашуу жана бекитүү, ошондой эле жыйноодо ачык айкындуулукту камсыздоо.

Шаарды ичүүчү таза суу менен камсыздоодо баардык суу түтүктөр жаңыртылып оңдолот. Калкты үзгүлтүксүз ичүүчү таза суу менен камсыздоого жетишет

2017-2018-2019-жылдарда

Мэрия. “Суу канал” ишканасы

Түз- 21867.

Кыйыр-535.

Жамааттын салымы, ЕБРиР уюму

  1. Көйгөй: Данканай, Топ-База, 1-7-кичи райондорундагы балдар үчүн спорт аянтчаларды куруу

Максаты: Балдар үчүн спорт аянтчаларын уюштуруу менен шаардагы балдардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү

Данканай, Топ-База, 1-7-кичи райондорундагы балдар үчүн спорт аянтчаларды куруу

Шаардагы балдардын коопсуз жайларда бош убактыларын ыңгайлуу өткөрүп, эс алуусуна шарт түзүлөт

2016-ж.

Мэрия.

Түз- 2164.

Кыйыр- 6668.

Жергиликтүү бюджет жана донордук уюмдар

  1. Көйгөй: 5-кичи районуна кичи футбол аянтчасын куруу

Максаты: 5-кичи райондун жашоочуларынын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү жана жаштар арасында спортту өнүктүрүү

5-кичи районго кичи футбол аянтчасын курууну ишке ашыруу

5-кичи районундагы калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүлүп, спортту өнүктүрүүгө шарт түзүлөт

2017-жыл.

Мэрия.

Түз- 568.

Кыйыр-1765

Жергиликтүү бюджет, стимул грант, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Спорт комплексин куруу боюнча проект даярдоо

Максаты: Шаардагы жаштар арасында спортту өнүктүрүү боюнча спорт комплекс курууну ишке ашырууга проектти даярдап сметасын түзүп чыгуу

Спорт комплексин курууга проекти даярдоо

Шаардын жаштары үчүн спорт комплексин куруу боюнча проекти даярдалып, сметасы такталат

2016-жыл.

Мэрия.

Түз- 15641.

Кыйыр- 21867

Жергиликтүү бюджет.

донор

  1. Көйгөй:  №39 Кесиптик лицейдин бош турган имаратын баланска өткөрүп алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана калкка кызмат көрсөтүүчү ишкана ачуу

Максаты: Шаардагы бош турган мекемелерди пайдаланып, калкка кызмат көрсөтүүчү жайга айлантуу

№39 кесиптик лицейдин бош турган мекемесин баланска өткөрүп алуу жана калкка кызмат көрсөтүүчү жай куруу

Шаардагы бош турган №39 кесиптик лицейдин имараты муниципалдык баланска өткөрүлүп алынат. Өткөрүлүп алынган имаратка калкка кызмат көрсөтүүчү жай куруу

2017-2018

Мэрия

Түз- 5324

Кыйыр-7325

 

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик орнотуу

Максаты: Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларды даңазалоо жана урматтоо

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузуу

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмеси такталат. Ардагерлердин эрдиктери даңазаланып, коомчулукка тааныштырылат

2017-ж.

мэрия

Түз-21867.

Кыйыр- 50123

Жерг. бюджет

  1. Көйгөй: Тарых жана маданият жылына карата маданиятка эмгеги сиңген маданият кызматкерлери “жылдыздар аллеясын” куруу, ал үчүн жер бөлүү

Максаты: Токтогул р-нан чыккан талантуу өнөр адамдарынын  урматына “Жылдыздар аллеясын” куруу

1.“Жылдыздар аллеясын” курууга проект иштеп чыгуу.

2. Жер бөлдүрүү

Токтогул районунан чыккан талантуу өнөр адамдарынын эмгегинин урматына “Жылдыздар аллеясын” уюштурулат

2017-жыл.

Мэрия

Түз- 15032.

Кыйыр- 2648.

Жерг. бюджет жана жерг. демөөрчү

  1. Көйгөй: Ден- соолугу боюнча мүнкүнчүлүгү чектелген жаш балдар жана жарандар үчүн үй борборун түзүү

Максаты:Токтогул шаарындагы 177 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жакынкы айылдардагы (Торкен АА- , Жаны-Жол  АА-  ДМЧ жаш балдар жана чоңдор үчүн)  психологиялык, медициналык, юридикалык жактан кеңеш берүүчү, ДМЧ жаш балдар үчүн ойноо болмосун (компьютер, оорунун абалына жараша (развивающие) оюндары - оюнчук, китеп , кол өнөрчүлүк, ден соолугун чыңдоо үчүн шарт түзүү.ж.б.у.с. үй борборун түзүү

ДМЧ жаш балдар жана жарандар үчүн уй борбор уюштуруу

Токтогул шаарындагы жана жакынкы айылдар ДМЧлар үчүн ден соолугун чындоого жана бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө, моралдык жардам алууга ошондой эле ар тараптуу кеңештерди үзгүлтүксүз берүүгө шарт түзүлөт

2017-2018-2019-жж.

Мэрия

Түз- 177,

Кыйыр- 251.

Донордук уюмдар аркылуу

  1. Көйгөй: Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн ашкананы жакшыртуу

Максаты: Мектеп окуучуларынын түшкү ысык тамактануусуна ыңгайлуу шарт түзүү

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинин ашканасын жаңыртуу

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинин ашканасы жаңыртылып, мугалимдер жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт

2017-2018-2019-ж.ж.

Мэрия. Мектеп администрациясы.

түз- 126,

кыйыр-280.

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Көп кабаттуу үйлөрдү жана мектептерди ошондой эле  балдар бакчаларды борбордук канализацияга туташтыруу

Максаты: Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын жана мектеп, балдар бакчалардын санитардык абалын жакшыртуу

Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана мектеп, балдар бакчалардын канализациясын борбордук канализацияга туташыруу

Көп кабаттуу үйлөрдүн жана мектеп, балдар бакчалардын агынды кир суулары  шаардын борбордук канализациясына туташтырылат. Шаардын тургундары үчүн ыңгайлуу  шарт түзүлөт

2017-2018-2019-жж.

Мэрия, Таза суу ишканасы

 Түз-7568.

Кыйыр -12456

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Шаардагы ички жолдорго кум-шагыл төшөп тегиздөө жана арыктарга трубаларды орнотуу

Максаты:  Токтогул шаарындагы кичи райондордогу көчөлөргө кум шагыл төшөп тегиздөө жана арыктарга трубаларды орнотуу

Токтогул шаарынын кичи районундагы ички жолдорго шагыл төшөп, арыктарга труба жаткырып ремонттоо.

Шаардын кичи райондоруна шагыл төшөлүп, арыктарга труба төшөлүп жакшыртылат.

2017-2018-2019-ж.ж.

Мэрия, “ыңгайлуу шарт түзүү комб.

Түз-15765 адам.

Кыйыр- 5462.

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар.

  1. Көйгөй: 7-кичи районунун жашоочуларынасуугат суу чыгарууну жакшыртуу

Максаты: 7- кичи районундагы жашоочулардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруусуна шарт түзүүгө жетишүү үчүн суугат суу чыгаруу

7-кичи районундагы жашоочулар үчүн суугат суу чыгаруу

7-кичи районундагы жашоочуларгасуугат суу чыгарылып берилет. Кичи райондун жашоочулары шаардын көртөндүрүүсү салым кошууга шарт түзүлөт

2017-2018-2019-ж.ж.

Ыңгайлуу шарт түзүү ком жана мэрия

Түз-753 адам.

Кыйыр-175 адам.

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

  1. Көйгөй: Токтогул шаарына спорт комплексин куруу

Максаты: Токтогул шаарынын жаштары   үчүн спорт комплексин куруу менен жаштарды ар кандай терс жолдордон сактоо жана аларды өнүктүрүүгө шарт түзүү

Токтогул шаарына спорт комплексин куруу

Шаардын калкы үчүн спортту өнүктүрүү боюнча шарт түзүлүп, ден соолукту чыңдоого жана бош убактыны пайдалуу өткөрүүгө мүнкүнчүлүк пайда болот.

2017-2018-2019-ж.ж.

мэрия

Түз- 21867.

Кыйыр 3254.

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар аркылуу

  1.  Көйгөй: Шаар тургундары үчүн бассейн уюштуруу

Максаты: Шаардын тургундарынын сууда сүзүүсүн камсыздоо менен алардын ден соолугунун саламаттыгын чыңдоого жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жетишүү

1.Шаар тургундары үчүн бассейн уюштурууга жер бөлүштүрүү

2. Бассейн курулушунун тийиштүү документтерин даярдоо

Шаар тургундары жана коноктору үчүн сууда сүзүп, спортту өнүктүрүүгө  шарт түзүлөт

2018-2019-ж.ж.

Мэрия.

Түз- 5012,

Кыйыр- 1024

Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар

                     

 

 

 

 

 

         Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:                                              К.Дербишев