• Печать

               ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

2016-жылдын 28- июлу   № 92                                                             Токтогул шаары                

                                              

Жергиликтүү бюджеттин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана ал боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды тартуу, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилип жатышы боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы эске алынсын.

 

  1. Протоколдук тапшырмалардын жалпысынан аткарылып жаткандыгы, жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын  коргоо боюнча, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, I,II,III топтогу майыптыгы бар тургундарга, жалгыз бой, улгайган тургундарга кам көрүү иштери өз деңгээлинде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин, мындан ары дагы улантылсын.

 

  1. Бюджет боюнча:

Экономикалык анализдин негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып, салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпин жогорулатуу иштери колго алынсын;

 

  1. Жыл башында бекитилген бюджеттик пландоону натыйжалуу аткаруу үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу зарылчылыгы белгиленсин:
  •    мэриядагы салык жыйноочу кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу менен    аларга шарт түзүлүп берилсин;
  •    рейддик салык контролду күчөтүү, салык төлөөчүлөргө жазма билдирүүлөрдү, эскертүүлөрдү берүү, салык, салыктык эмес жыйымдарды төлөө боюнча калк  арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлсүн;
  •    салык башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүлсүн, салыгы төлөнбөгөн объекттердин, мүлктүн, жердин ээлеринен салык боюнча карызын мажбурлап өндүрүү чараларын колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматына кайрылуулар жолдонсун; 

 

  1. Ушул токтомдун  2,3  пункттардын аткарылышы боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрүү   ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

    Төрага:                                                   К.Дербишев

 

 

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

2016-жылдын 28- июлу   № 93                                                             Токтогул шаары                

                                              

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 01.03.2016-жылдагы  кезектеги XIV сессиясында кабыл алынган № 67 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 01.03.2016-жылдагы № 67 токтомуна өзгөртүү, толуктоо боюнча бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан  жактырылгандыгы белгиленсин.
  2. Тендерлерди өткөрүүнүн жыйынтыгында 856,0 миң  сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин жана бул акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча  чыгымдалып жумшалсын:
  • Мэриянын кеңсесин оңдоп-түзөөдө сметага кирбей калган кошумча иштерге - 31112390 статьясы-  237,2 миң сом;
  • Таласбай кичи районунда ашар жолу менен курулуп жаткан кичи футбол аянчтасынын айланасын тосмолоо иштерине 31113290 статьясы - 190,0 миң сом;
  • Райондук нотариустун кенсесинин ижара акысын төлөөгө көмөктөшүү үчүн 22131100 статьясы – 36,0 мин сом;
  • Токтогул шаарынын тургуну Жаманкулова Гүлнарага материалдык жардам көрсөтүүгө 27213100 статьясы – 20,0 миң сом;
  • Токтогул шаарында карагай көчөттөрүн суугаруу үчүн ГСМге 22141100 статьясы - 37,5 миң сом;
  • № 03 ҮДТнын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине 22211100 статьясы- 17,6 миң сом;
  • 0017 ДА нива кызматтык автоунааны оңдоп-түзөөгө 22141200 статьясы-12,0 миң сом;
  • Мэриянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнө эмерек сатып алууга 31123290 статьясы- 58,0 миң сом;
  • Мэрияга караштуу соц.объектилерде колдонулган электроэнергия үчүн төлөмүнө  22311200 статьясы  үчүн- 201,7  миң сом;
  • Токтогул шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кеңселерине кондиционер алып, орнотуу үчүн 31123290 статьясы -36,0 миң сом;
  • А.Керимбаев атындагы Маданият үйүнүн айланасында  Wi-Fi интернет байланышын камсыз кылууга 10,0 миң сом;

 

Жалпы:  856,0 миң сом

 

  1. Токтогул шаардык кеңешине 31123230 статьясы боюнча каралган акча каражатынан 7,0 миң сом акча каражаты 22141200 статьясына жылдырылып, чыгымдалсын.

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен келип түшкөн 200,0 миң сом акча каражаты 22221100 статьясы боюнча демөөрчүлөр тарабынан оңдолуп жаткан спорт залдын ( Дадиев көчөсү) полун оңдоо үчүн керектелүүчү материал сатып алууга жумшалсын.  

 

  1.  Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

    Төрага:                                                   К.Дербишев

                  

               

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

2016-жылдын 28- июлу       № 94                                                              Токтогул шаары                                                                 

“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Токтогул шаарында муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында системалык өзгөртүүлөрдү киргизүү, башкарууну жакшыртуу, коплекстүү жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө, “Мамлекетик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын жетекчиликке алуу менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагылардын негизинде, “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону” карап, 28.06.2016-жылдагы № 94 Токтогул шаардык мэриясынын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмесин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобо бекитилсин (1 Тиркеме). 

 

  1. Комиссия тарабынан сунуш кылынган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмеси бекитилсин (2 Тиркеме).

 

  1. Шаар аймагында жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүү Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

    Төрага:                                                   К.Дербишев

                       

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII  чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясынын  № 94 токтому менен бекитилди

                                                                                                                                 1 Тиркеме

 

«МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН КОШУМЧА ТИЗМЕСИН ТҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ» ЖОБО

 

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жөнүндө бул жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекиген Муниципалдык кызматтардын ррестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана ал Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылат.

 

1-бөлүм. ЖӨБ органдарынын Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдөгү компетенциялары

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңешинин (айылдык, шаардык  кеңештин) компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:

  1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитет;
  2. Муниципалдык кызматтардынстандарттарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентти бекитет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:

  1. Арыздарды, сурамдарды (суроо-талаптарды), протоколдорду жана башка документтерди кабыл алуу, аларды жалпылоо аркылуу кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды түзөт;
  2. Кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошууну демилгелейт;
  3. Ушул Жобо менен каралган тартипке ылайык, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бир нече административдик-аймактык бирдикте көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды өз аймагына киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
  4. Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды кароо комиссиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алат;
  5. Комиссиянын ишмердигин уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
  6. Жергиликтүү коомчулуктун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн иш-чараларды (фокус-топторду) өткөрөт;
  7. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна жөнөтөт же комиссиянын корутунду бүтүмүнүн негизинде кошумча кызматтын демилгечилерине (арыз берүүчүлөргө) негизделген баш тартууну берет;
  8. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү боюнча ушул Жобо жана Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо менен каралган документтердин пакетин даярдайт;
  9. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине акылуу кызматтарды кошкондо, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашат;

 

2-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү үчүн муктаждыктардын сурамын демилгелөө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөт, шаардык мэрия) төмөнкү демилгелердин негизинде кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды калыптандырат:

  • чогулуштардагы (курултайлардагы) жарандардын кайрылуулары (арыздары, протоколдор);
  • муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин кайрылуулары (арыздары);
  • калктын аяр катматларынын кызыкчылыгында иш жүргүзгөн уюмдардын кайрылуулары (арыздары);
  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кайрылуулары (арыздары, отурумдардын протоколдору);
  • Шаар мэринин жана мэриянын апарат кызматкерлеринин, сунуштарынын негизинде ЖӨБ органынын өзүнүн демилгелери.

3-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кароо жана калыптандыруу

 

Фокус-топту өткөрүү

Муниципалдык муктаждыктарды (керектөөлөрдү) аныктоо жана түрдүү социалдык топтордун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу жана катышуусун камсыз кылуу максатында кызматтардын жергиликтүү реестрин түзүү процессинде ЖӨБ органдары (шаардык мэрия) фокус-топторду өткөрүшөт.

Фокус-топтор өкүлдөрдүн/кызматтарды керектөөчүлөрдүн, калктын социалдык жактан аяр катмарларынын (аялдар, жаштар,ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, карылар ж.б.) көпчүлүгүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Фокус-топтор бул баскычта жарандардын сурамдарын (суроо-талаптарын) көрсөтүүнүн бир формасы болуп саналат, алардын жыйынтыктары боюнча кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлөт.

Кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлгөндөн кийин ЖӨБ органы (айыл өкмөт, шаардык мэрия) аны айыл өкмөт түзгөн Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссиянын (мындан ары текст боюнча – Жумушчу комиссия) кароосуна берет.

 

Кызматтардын критерийлерине туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрүү

Жумушчу комиссия көз карандысыз эксперттердин/адистердин катышуусунда кызматтардын алгачкы тизмесинин төмөнкүлөргө туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрөт:

  1. КР мыйзамдарында аныкталган «муниципалдык кызматтар» түшүнүгүнүн критерийлерине.
  2. КР мыйзамдарында каралган «Муниципалдык кызматтардын» акылуулук/акысыздык критерийлерине.
  3. Калктын социалдык аяр катмарларын эсепке алуу критерийлерине туура келүүсү.

Бул критерийди сактоонун шарты болуп төмөндө көрсөтүлгөн тастыктоочу документтердин биринин болушу эсептелет, тактап айтсак:

  1. Калктын социалдык аяр катмарларынын арасында өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыктары (фокус-топтун протоколу).
  2. Муниципалдык кызматты калктын социалдык аяр катмарларынан алуу зарылдыгы тууралуу сурамдын болушу (бул сурамдар түшкөн курултайлардын, жарандардын чогулуштарынын протоколдору).
  3. Муниципалдык кызматтарды алуу зарылчылыгы жөнүндө калктын социалдык аяр катмарларынын/алардын өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылууларынын болушу.

Кызматтардын алгачкы тизмесине жасалган экспертизанын негизинде Жумушчу комиссия Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун(1-тиркеме.)түзөт жана аны Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн айыл өкмөткө сунуштайт. Комиссиянын сунушу сунуш берүү мүнөзүндө болот жана бул сунуштарга Жумушчу комиссиянын отурумунун протоколу толтурулат.

 

Шаардык мэрия тарабынан кошумча тизменин долбоорун даярдоо

Шаардык мэрия Жумушчу комиссиянын сунуштарын карап, анын жыйынтыгы боюнча калктын муктаждыктарын жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, бул муниципалдык кызматты Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошуу тууралуу чечим кабыл алат же себебин көрсөтүү менен бул кызматты кошумча тизмеге кошуудан баш тартат.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайтка (эгерде бар болсо), ЖӨБ органынын маалымат такталарына жана коомдук жайларга (социалдык мекемелер, дүкөндөр, базарлар ж.б.) жайгаштыруу аркылуу калкка маалымдалат.

 

Акы алынган учурда макулдашуу

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошулган муниципалдык кызмат үчүн акы алынса, айыл өкмөт бул акылуу кызматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), Ведомстволор аралык комиссия (ВАК)жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү(аталган органдардан алынган корутунду бүтүмдөр да документтердин негизги пакетине тиркелип, жергиликтүү кеңешке берилет).

 

4-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү

 

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат жана анын чечими менен бекитилет. 

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен шаардык мэрия жөнөтөт:

- арыз же жарандардын чогулушунун (жыйындардын) протоколу;

- муниципалдык кызматтарды алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо менен, бул кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы тууралуу маалымкат-негиздеме;

- муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү жалпы бюджеттик чыгымдар;

- монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, муниципалдык кызматтын баасынын эсеби берилүү менен, муниципалдык кызматты керектөөчүлөргө акы алуу менен көрсөтүүнү негиздөө;

- жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун кароо жана бекитүү баскычында ЖӨБ органдары (айылдык кеңеш, айыл өкмөт) Кошумча тизмеге бул топторго тиешеси бар кызматтарды кошууда калктын ошол ар түрдүү социалдык топторунун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын, милдеттүү түрдө катышуусу үчүн чараларды көрөт.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү мыйзамдарда каралган бардык эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен, бул кошумча тизме түзүлүп жаткандагы тартипте ишке ашат.

Муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорун КР Өкмөтү бекиткен Типтүү стандарттын жана административдик регламенттин негизинде шаардык мэрия иштеп чыгат. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жергиликтүү кеңеш бекиткенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен, айыл өкмөт, шаардык мэрия Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу жана регламенттөө боюнча ишти уюштурат жана жетектейт.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорлорун ЖӨБдүн аткаруучу органы (шаардык мэрия) тиешелүү жергиликтү кеңештин бекитүүсүнө жөнөтөт, ал аларды мыйзамдарда аныкталган тартипте карайт жана бекитет.

 

5-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жана бекитүү маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү

 

Эгерде кызматтарга карата сурамдарын берүүдө жана кароодо бул кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине себебин жана баш тартуунун негизин көрсөтпөстөн кошпогондуктан, жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептешсе, алар айыл өкмөттүн-шаардык мэриянын, кызмат адамынын, муниципалдык кызматкердин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата арыз менен тиешелүү айылдык- шаардык кеңешке түз кайрылууга укуктуу.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдө укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген жарандын жана/же юридикалык жактын жазуу түрүндөгү арызын (сурамдарды кабыл алуудан баш тартуу, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча негизделбеген баш тартуу ж.б.) алгандан кийин  шаардык кеңеш бардык кызыкдар тараптардын өз ара макулдашуусу аркылуу талаш-тартышты чечүүгө карата чараларды көрөт.

Талаштуу маселелерди шаардык кеңеш сөзсүз түрдө талашып жаткан тараптарды, алардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды катыштыруу менен карайт.

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кабыл алуу/бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин чечими менен макул болбогон учурда, жарандар жана/же юридикалык жактар мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү сотко кайрылууга укуктуу.

 

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дербишев

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII  чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясынын  № 94 токтому менен бекитилди

                                                                                                                                                                                                                               2 Тиркеме

Токтогул шаардык мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү  муниципалдык  кызматтардын кошумча тизмесинин таблицасы

Жергиликтүү кеңештин чечими

Кызматтар-дын аталыштары

Кызматтарды стандартташты-рууга жооптуу органдын аты

Муниципалдык кызматты ишке ашыруучунун аты

Кызматты көрсөтүү шарттары (акылуулук же акысыздык)

  1. 1.

 

Токтогул шаарынын мектептериндеги окуучулардын жайкы эс алуу лагерине  алып барууда тоголок жетим балдарды, аз камсыз соцпаспорту бар үй бүлөөдөн мыкты окууган 8 окуучу балдарды  эс алдырууга жарым акчасын төлөп алып барып келүүнү ишке ашыруу;

 

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1. 2.

 

Тактама\маалымат кат –й бл мчс, жашаганжери, мал жана тлмдр боюнча карызы жок\бар экенин тастыаган берилсин

 

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1.  

 

Тоголок жетим балдарга 1 мектеп окуучусу үчүн,мектеп формасы менен жана кышкы кийим менен акысыз камыздоо;

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1.  

 

Аз камсыз болгон ДМЧларга турмуш шартына жана денсоолугуна байланыштуу шаар тургундарына1000дон 3000 сомго чейин 1% резервдик фонддон жардам көрсөтүү.

Ичүүчү суу үчүн акы төлөөдө ДМЧ 1- топтогу майыптарга 50 %, ал эми 2-топтогу майыптарга 30 % акы төлөөсү белгиленсин.

 

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1.  

 

Шаар ичиндеги эскилиги жеткен бак дарактарды кыркуудааз камсыз, багар көрөрү жок жарандарды жана жалгыз бой карыларга,1-2- топтогу ДМЧларды кышка карата жыгач отун менен тизменин негизинде кезек түзүпмүмкүнчүлүктүн негизинде акысыз камсыздалсын.

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1.  

 

100 (жүз) жашка чыккан шаар тургундарын жылына бир жолу материалдык жактан сыйлоо.

 

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз.

  1.  

 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ооруктун ардагерлерине, ЧАЭС, Афган, Баткен, 7-Арпель окуяларынын катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берилсин.

Токтогул шаардык мэриясы

Токтогул шаардык мэриясы

Акысыз

 

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:                                                           К.Дербишев

 

                                                                                                                                                                                                

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

2016-жылдын 28- июлу       № 95                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялардын

курамдарына жана резервдерине жамааттын атынан көрсөтүлгөн

талапкерлерди сунуштоо боюнча

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарын жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаарындагы шайлоочулардын жана башка уюмдардын чогулуштарынын жыйынтыгында көрсөтүлгөн талапкерлер  Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган. Алардын арыздарын жана башка документтерин карап жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде, участкалык  шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган, шаардын аймагында жашаган  төмөндөгү көрсөтүлгөн жарандардын талапкерлиги  тиркемеге  ылайык сунушталсын. 
  1. № 2235 Кыргызстан шайлоо участогуна -12 талапкер;
  2. № 2236 Бөкөнбаев шайлоо участогуна -12 талапкер;
  3. № 2237 Коргон-Ата шайлоо участогуна-12 талапкер;
  4. № 2238 Токтогул шайлоо участогуна – 11 талапкер;
  5. № 2239 Данканай шайлоо участогуна-12 талапкер;
  1. Сунушталган талапкерлердин документтерин Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясына  өткөрүп берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.К.Наралиевага милдеттендирилсин.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:                                                   К.Дербишев

 

шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясынын

№ 95 токтомуна тиркеме

 

 

№ 2235 Кыргызстан шайлоо участогу

 

Аты жөнү

Туулган жылы

билими

Кесиби, иштеген жери

Ким тарабынан сунушталды

Дареги

Байланыш телефону

1

Багымбаева Бурмакан

1955

Атайын орто

кассир

жамаат

Сүйналиев № 42

0773 43 61 59

2

Уезбаева Гүлнара Сабитовна

1963

орто

иштебейт

жамаат

Мыктарбек № 11/4

0773 77 25 93

3

Омурбекова Күлайым Акышовна

1959

Атайын орто

Жеке ишкер

жамаат

Сүйналиев № 41

0773 46 67 44

4

Эргешова Насипкан

1961

Атайын орто

медайым

жамаат

Кушубаков № 2/7

0773 15 35 78

5

Матмусаева Бактыгүл Мырзабековна

1968

Атайын орто

медайым

жамаат

Кыргызстан № 86

0779 57 81 73

6

Ташболотова Назгүл Коргонбековна

1977

жогорку

Соц.фонд

жамаат

Кушубаков 23

0 779 01 66 00

7

Сатылганова Гулнур Сулаймановна

1919

жогорку

мугалим

жамаат

Азимкан № 18

0778 35 41 05

8

Жуманазарова Чолпон Жанышбековна

1980

Атайын орто

медайым

жамаат

Шабданов №65

0 777 66 14 03

9

Аманбаева Инаяткан Уркумбаевна

1965

Жогорку

мугалим

жамаат

Азимкан № 03

0778 44 50 48

10

Байымбетова Жылдыз Муктаровна

1975

жогорку

мугалим

жамаат

Суеркулов 4/4

0778 98 44 00

11

Дүйшөнов Муратбек Молдоясович

1973

Атайын орто

электрик

жамаат

Шабданов 72

 0772 67 04 14

12

Убакеева Мира Кеңешбековна

1972

жогорку

бухгалтер

жамаат

А.Мадьяров № 06

0705 14 23 23

0773 69 91 98

 

 

 

 

 

 

 

 

                 

 

 

 

№ 2236 Бөкөнбаев шайлоо участогу

 

1

Батыркожоев Сабырбек Машанович

1966

Атайын орто

мастер

жамаат

Токтогул № 27

0779 92 01 94

2

Мамытова Рахимахан

1960

орто

иштебейт

жамаат

Жамгырканов № 5

0771 18 26 65

3

Сманканова Анара

1957

жогорку

мугалим

жамаат

Жамгырканов №2

0773 45 32 18

4

Керимбаева Айна Чылпаковна

1964

Атайын орто

медайым

жамаат

А.Мадьяров № 12

0773 81 50 67

5

Абдыманов Жоомарт

1998

орто

студент

жамаат

Токтогул № 21

0707 70 60 48

6

Багымбаева Турганбү Тияншановна

1970

Атайын орто

контролер

жамаат

Толук 3/7

0773 61 60 51

7

Токтогулова Бүбүкалипа

1956

орто

иштебейт

жамаат

Ботбаев № 38

0 773 96 43 69

8

Жолдошалиева Кереметкан Сулаймановна

1985

Атайын орто

мугалим

жамаат

Жамгырканов № 21

0 778 25 58 54

9

Байгазиева Миргуль Байгазиевна

1974

орто

иштебейт

жамаат

А.Суеркулов 48/1

0 709 67 79 56

10

Жээнтаева Ырысгүл

1968

жогорку

эсепчи

жамаат

Шарипов № 24

0771 67 15 15

11

Иманбекова Динара Майлыбековна

1974

жогорку

тарбиячы

жамаат

Султаке №18

0777 10 11 77

12

Мамытова Зувайда Нышанбаевна

1959

жогорку

мугалим

жамаат

Дадиев №30

0778 00 81 61

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 2237  Коргон-Ата  шайлоо участогу

 

1

Базаркулова Чолпон

1964

орто

Жеке ишкер

жамаат

Чон Таш № 43

0773 36 84 48

2

Исраилов Нурланбек Ракматович

1975

Атайын орто

бухгалтер

жамаат

Сапиш № 15

0 778 11 42 62

3

Мамырбаева Кундуз Болотбековна

1989

жогорку

мугалим

жамаат

Сапиш № 12

0 778 55 10 40

4

Токтогулова Саткынбү Жакыпжановна

1982

орто

иштебейт

жамаат

Болсунбек № 04

0 772 48 73 79

5

Сарпашова Гулиза Баймырзаевна

1982

жогорку

мугалим

жамаат

Каралаев № 30

0 773 56 57 77

6

Кадыркулов Абдымуталим Калымбаевич

1961

жогорку

Инженер-механик

жамаат

Теңдик № 03

0 779 08 02 61

7

Сансызбаев Нуркан

1951

орто

охрана

жамаат

Суеркулов 8/1

0777 22 53 43

8

Жамакеева Айнура Кубанычбековна

1972

Атайын орто

медайым

жамаат

Суеркулов 8/3

0 773 02 30 98

9

Ашырахунова Динара Ашим-Ахуновна

1972

жогорку

менеджер

жамаат

Тоголок Молдо № 8

 

10

Куттаева Рысбү Кеңешовна

1958

Атайын орто

мастер

жамаат

Токтогул № 55/3

0 771 13 23 86

11

Садыкова Айчүрөк

1962

Атайын орто

иштебейт

жамаат

Жантөшов  №24

0  703 66 54 99

12

Султанкулова Самара Садыровна

1979

жогорку

 Уб.иштебейт

жамаат

Жантөшов № 11

0 773 66 68 04

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 2238 Токтогул шайлоо участогу

1

Асанова Майрамкан Апышовна

1974

Атайын орто

тарбиячы

жамаат

Султналиев № 17

0773 63 01 24

2

Төрөгелдиева Кенжебү Амановна

1971

жогорку

мугалим

жамаат

 

0772 89 31 61

3

Карамурзаев Молдоказы Токонович

1963

орто

пенсионер

жамаат

Султаналиев №19

0779 44 10 15

4

Оморова Нургүл Өкүмовна

1968

жогорку

Убак.иштебейт

жамаат

 

0777 00 28 53

5

Жетигенова Минура Сманкановна

1982

жогорку

мугалим

жамаат

Турду № 10

0778 08 47 82

6

Бошкоева Перизат Нуршамиловна

1985

жогорку

мугалим

жамаат

Ашыров № 09

0770 43 87 04

0709 43 87 04

7

Абдыгулова Анара Байышбековна

1983

орто

иштебейт

жамаат

Камбар-Ата № 74

0773 75 53 33

8

Акматалиева Элнура Максатбековна

1981

жогорку

тарбиячы

жамаат

Кутманбаев № 70

0771 17 43 77

0700 65 64 96

9

Абдраимов Абдымамат

1957

Атайын орто

мугалим

жамаат

Тынчтык  № 86

0 778 29 31 61

10

Кубибаева Назира Кадырбековна

1983

жогорку

мугалим

жамаат

Сапиш № 36

   0 773 76 34 21

 11

Досбаев Багышбек Маманович

1955

Атайын орто

экономист

жамаат

Насыров №85

0777 09 38 22

 

 

 

№ 2239  Даңканай шайлоо участогу

 

1

Жетигенова Элеонора

1980

жогорку

мугалим

жамаат

А.Бердалиев

0 705 15 88 70

2

Кудакеева Кишимжан

1976

Атайын орто

мугалим

жамаат

О.Корголов

0771 76 00 22

3

Эгембердиева Афина

1976

Атайын орто

тарбиячы

жамаат

Көк-Бел № 16

0776 77 59 01

4

Молдоболотова Динара Базарбаевна

1973

жогорку

мугалим

жамаат

О.Корголов б/н

0 771 73 08 02

5

Мамбетова Кымбаткүл Жангарачевна

1971

орто

 

жамаат

Көк-Бел № 2/7

0 701 53 94 94

6

Нуралиева Мунара Торгоевна

1975

орто

иштебейт

жамаат

Даңканай № 0/2

0773 23 78 18

7

Абазова Жээнкүл

1975

жогорку

мугалим

жамаат

Көк-Бел № 29

 0 772 77 03 41

8

Отунчиева Калбү 

1956

Атайын орто

райстат

жамаат

Камбар-Ата № 83

0778 25 58 10

9

Туткучова Зууракан

1951

Атайын орто

медайым

жамаат

Даңканай  № 13

0 773 73 99 39

10

Учукеева Нурбү Кенжекуловна

1973

Атайын орто

кассир

жамаат

Кудаш уулу Кубаныч №

0 777 61 12 65

11

Мотошова Атымбү

1956

орто

иштебейт

жамаат

А.Бердалиев № 72

0777 56 83 02

12

Молдалиева Чүрөк Токтогуловна

1961

жогорку

мугалим

жамаат

О.Корголов № 24

0773 24 25 30

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                          

              

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

2016-жылдын 28- июлу       № 96                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаардык мэриясынын адисинин статистикалык

маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укукту аткаруусу

жөнүндө келишимди бекитүү  

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 22.07.2016-жылдагы № 01-37/63 катынын негизинде  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин мамлекеттик ыйгарым укуктарды  аткарып жатышкандыгы кеңири талкууга алынды.

Жыйынтыгында Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  жана Токтогул шаардык мэриясынын ортосундагы келишимдин шарттарын, талаптарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан бөлүм башчысы Жумашов Жайлообектин жана Токтогул шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Токтогул шаардык мэриясынын атынан шаар мэри М.Калмурзаевдин  ортосундагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча эки тараптуу келишим тиркемеси (эсептөөлөрү)  менен бекитилсин .
  1. Аталган мамлекеттик  ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке трансферт (субвенция) формасында бериле тургандыгы эске алынсын.
  1. Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

    Төрага:                                                     К.Дербишев

 

 

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги

XIX сессиясы

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 28- июлу       № 97                                                              Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарынын Даңканай кичи районундагы

Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына  ысым ыйгаруу жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 01.07.2016-жылдагы № 176 сунушу, Токтогул шаарынын тургуну Элвира Жакыпованын 17.06.2016-жылдагы кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин        “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын  жыйналышында каралып, жыйынтыгында Токтогул шаарынын тургуну, маркум  Жакыпов Кален, кесипкөй врач катары өзүнүн  эмгек жолундагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери”  наамы жана башка көптөгөн жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйлангандыгы эске алынып, туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечими кезектеги  XIX сессиясына сунушталды.

     Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка депутаттардын сунуштарын  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги   XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Даңканай кичи районундагы муниципалдык менчиктеги   Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына  Токтогул шаарынын тургуну, мыкты врач, Кыргыз Республикасынын “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” наамынын ээси, маркум Жакыпов Календин ысымы ыйгарылсын.
  1. Аталган имараттын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, айлана-тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иштерге  колдоо көрсөтүп туруу жагы   К.Жакыповдун үй бүлөсүнөн (балдары,кыздары, туугандары) суралсын.
  1. Бул токтомду аткаруу  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

   Төрага:                                                К.Дербишев