• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV  сессиясы   

 

ТОКТОМ

2017 - жылдын 15 - февралы  № 118

Токтогул шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Токтогул өндүрүштүк –эксплуатациялык «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жана “Таза Суу” долбоорун

ишке ашыруу жөнүндө

*

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, шаардык кеңештин 2017-жылга кабыл алынган иш планына жана кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сунуш пикирлерди  эске алып,  Токтогул шаардык кенешинин  XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Токтогул  шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө ишкананын жетекчиси Ч.Анарбаевдин маалыматы эске алынсын.

2.      Токтогул шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында,  суу түтүктөрдү реконструкциялоо, жаңы конуштарга суу түтүктөрүн жеткирүү, Токтогул «Суу канал» муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чындоо үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 1 210 000 евро кредит, Европа инвестициялык банкынан 1 100 000  евро кредит эсебинде,  3 200 000 евро грант эсебинде (ИФЦА, ЕС), 1 000 000  евро грант түрүндө техникалык жардам катары,   жалпы суммасы 6 510 000 евро насыя алууга макулдук берилсин.

3.      Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Токтогул шаардык мэриясынын, Токтогул «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Суб-кредиттик келишимдерди түзүүгө макулдук берилсин.

4.       Токтогул  шаарынын мэри М.Калмурзаевге төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

- шаар ичинде саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү оңдоп-түзөөнү ишке ашыруу үчүн каражат булактарын табуу, «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебининин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесине кайрылууларды жолдоо менен каражат бөлдүрүүгө жетишүү;

- шаар калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Европа өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы (ЕБРР) менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук ишке ашырууга жетишүү;

     5.   Токтогул «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жеткечилигине ( Ч.Анарбаевге) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

- шаардын аймагында ички суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин бүтөө, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн  иштерди тиешелүү деңгээлде аткаруу;

- шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү эсептегичтерди орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

 

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду жалпысынын аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан  жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:                                              К.Дербишев