• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

кезексиз XXXIII  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“02” февраль 2018-жыл  № 149

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына

жамааттардын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо боюнча

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына ылайык,  Токтогул шаарындагы жашоочулардын жана башка уюмдардын чогулуштарынын жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер  Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган.

Алардын арыздарын жана башка документтерин карап жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул аймактык  шайлоо комиссиясынын резервдик курамына  көрсөтүлгөн талапкерлер  тиркемеге  ылайык сунушталсын. 
  2. Сунушталган талапкерлердин документтерин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнө   жиберүү Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.К.Наралиевага милдеттендирилсин.
  3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:                                                  К.Дербишев

 

                                                                                                         

                       

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын   02.02.2018-жылдагы кезексиз XXXIII  сессиясынын № 149  токтомуна  Тиркеме

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органы тарабынан аймактык  шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине  сунушталган талапкерлерлердин сапаттык курамы

Аты жөнү

Туулган жылы, айы

Билими

Улуту   

Жынысы

Иштеген жери, кызмат орду

Шайлоо система

сындагы иш тажы

рыйба

сы (жыл, ай)

Ким тарабынан көрсөтүлдү

Дареги, тел.номери

Жалал-Абад облусу, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы

1

Абдыкадыров Замирбек

Кочкорбаевич

03.04.1975

жогорку

кыргыз

эркек

Суу чарба башкармалыгы, инженер

5 жыл

Суу чарба башкармалыгы

Камбарата -103

0770 40 27 80

2

Абдиева Зулфия Чабаковна

14.09.1971

жогорку

кыргыз

аял

Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, мугалим

2 жыл

Бөкөнбаев атындагы орто мектеби

Шаршембиев -11

0778 545082

3

Тургунбаев Эркин

Эсенбаевич

05.05.1965

жогорку

кыргыз

эркек

“Муз Төр” акционердик коому, балчы

2 жыл

“Муз Төр” акционердик коому,

К.Мадьяров-12

0770 30 45 29

4

Мирзаева Элмира Турсуновна

08.05.1979

жогорку

өзбек

аял

Убактылуу иштебейт

2 жыл

Жамаат,

Ашыров көчөсү

Ашыров -36

0772385268

5

Тургуналы кызы Гулмира

06.11.1978

жогорку

кыргыз

аял

Үй бүлөлүк дарыгерлер борбору, врач лаборант

5 жыл

Үй бүлөлүк дарыгерлер борбору

Муктарбек -7

0777374778

6

Байымбетова Жылдыз Муктаровна

07.11.1975

жогорку

кыргыз

аял

Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, мугалим

5 жыл

Бөкөнбаев атындагы орто мектеби

Аралбаев-27 0707 98 4 400

7

Манапова Саткынбү

13.10.1955

жогорку

кыргыз

аял

Бримкулов атындагы гимназия мектеби, мугалим

7 жыл

Жамаат, Муктарбек көчосү

Муктарбек-11/6

0777 66 96 66

8

Токталиева Айжаркын Карыбековна

08.05.1978

жогорку

кыргыз

аял

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектеби, мугалим

4 жыл

Жамаат, Данканай участогу

Ысык-Көл -34

0704 09 91 44

9

Эсенова Айзат Адамкалыевна

20.03.1985

жогорку

кыргыз

аял

Токтогул атындагы орто мектеби, китепканачы

3 жыл

Жамаат, Тузду Суу көчөсү

Тузду Суу -5

0770 62 75 90

10

Горобец  Надежда Николаевна

19.09.1972

Атайын орто

орус

аял

Кыргызгидромет, Токтогул, техник-метеоролог 

2 жыл

Жамаат, Ашыров көчөсү

 

Ашыров-37

0773 36 97 47

 

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:                                    К.Дербишев

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

кезексиз XXXIII  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“02” февраль 2018-жыл  № 150

Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

Токтогул шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында  Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында келишим түзүшкөн. Аталган келишимдин талаптарына ылайык, “Таза Суу” долбоорунун алкаганда  ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу боюнча сунушталган тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылган.

Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушу  бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXXIII  сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тарифтерди негиздөөчү эсептөөлөрдүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылгандыгы эске алынсын.
  1. Шаар аймаганда ичүүчү таза сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандыгы үчүн  тарифтер   тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
  1. Бекитилген жаңы тарифтер боюнча жашоочулар арасында, мекеме, ишканалардын жетекчилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду аткаруу “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев),  Токтогул шаарын мэрине (М.Калмурзаев) милдеттендирилсин.
  1. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (Э.Джумабаев) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
  1. Ушул токтом колдонууга киргизилген күндөн  баштап Токтогул шаардык кеңешинин 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясында кабыл алынган  № 148  токтому күчүн  жоготту деп табылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана  www.toktogul.kg  веб-сайтына   жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                                    К.Дербишев

           

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  02.02.2018-жылдагы кезексиз  XXXIII  сессиясынын № 150 токтомуна     Тиркеме

 

Токтогул шаарында 2018-жылдын 1- январынан баштап ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер

Ачыктама

Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

Ичүүчү суу үчүн

1

Токтогул шаарынын жашоочуларына

сом/1 м3

8,26

2

Бюджеттик мекемелерге

 сом/1 м3

14,72

3

Коммерциялык ишканаларга

сом/1 м3

14,72

Саркынды суу кетирүү үчүн

4

Саркынды сууну кетирүүгө

сом/1 м3

12,54

 

Төрага:                                   К.Дербишев