Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

кезексиз XXXIV  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“06” март  2018-жыл  № 151

 

Токтогул шаарынын борбордук базарынын кире беришиндеги

муниципалдык жерди кайтарып алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”  мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикке ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алат деп белгиленген.

   Учурда Токтогул шаарынын борбордук базардын түндүк тарабынын кире беришиндеги муниципалдык менчиктеги жер мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиктен, борбордук  базардын ичинде өрт коопсуздугу сакталбай, базарга  кооптуу жагдайлар жаралып жатат.

Бул боюнча Токтогул шаарынын тургундарынын арызы шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXXIV сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга катыша ала тургандыгы баса белгиленсин.
  3. Борбордук базардын кире беришиндеги жеке жактарга берилип кеткен, узундугу 23 м, туурасы 8,5 м, муниципалдык менчиктеги жер участогун кайрадан муниципалдык менчикке алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
  4. Жогорудагы жер участогун кайтарып алуу боюнча документтер  Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунун кароосуна жөнөтүлсүн.
  5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                    К.Дербишев                                

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

кезексиз XXXIV  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“06” март  2018-жыл  № 152

 

Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык,   шаардык кеңештин төрагасы К.Дербишевдин кайрылуусу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXXIV сессиясы

                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин, анын негизинде:
  • Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, сырттан ири көлөмдөгү инвестицияларды тартуу менен шаардын инфраструктурасын жакшыртууда мыкты ийгиликтерге жетише алгандыгы үчүн Токтогул шаарынын мэри Калмурзаев Марат Сагынбековичке Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  • Депутаттык милдеттерин аткарууда жогорку активдүүлуктү көрсөтүп,  шаардын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Сыргабаев Ормонбекке Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  1. Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземин  уюштуруу Токтогул шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                                   К.Дербишев

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

кезексиз XXXIV  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“06” март  2018-жыл  № 153

 

Коенбек Аманбековдун ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана шаарда көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын тургуну А.Аманбековдун кайрылуусу боюнча “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. Токтогул шаарынын Райгаз көчөсүнүн аты өзгөртүлсүн,  ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап бул көчө Коенбек Аманбеков атындагы көчө деп аталсын.
  1. Көчөнүн тазалыгын сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү, мэрия менен макулдашуу аркылуу көчөнүн аты жазылган тактайчаларды ар бир үйгө илүү К.Аманбековдун балдарына жана бир туугандарына тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун жогорудагы жобонун талаптарына ылайык аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

Төрага:                                                   К.Дербишев