• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVI сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-августу  № 47                                                  Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2019-жылдын 6 (алты) ай ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө отчету

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун   аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндөгү отчетун, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча”   туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул  шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун  2019-жылдын 6  ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш-пикирлер эске алынсын.
  1. Токтогул шаардык кеңештин токтомдорун жана протоколдук  тапшырмаларын   аткаруу боюнча жоопкерчиликтүү аракеттер көрүлсүн.
  1. Бул токтомду  аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Касымов, М.Калмурзаев, З.Бекматова, М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                                                                                                                                                 Төрага:                          М.Н.Жусупахунов                                                                                                                                                                                                                                       ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVI сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-августу  № 48                                Токтогул  шаары

2019-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана сырттан инвестиция тартуу иштери  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 19410,8 миң сомго, 106,6% аткарылгандыгы, ал эми чыгаша бөлүгү жыл башында бекитилген планга ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
  1. Сырттан инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү төмөндөп, бул багытта иштердин солгундап кеткендиги баса белгиленсин.
  2. Инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп,  сырткы донорлор менен иштөө тез арада колго алынсын.  
  1. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго, ФЭБ башчысы Н.А.Кулузаковага   жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                        

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов

              ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVI сессиясы

                                            ТОКТОМ

2019-жылдын  02-августу  № 49                                           Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

08.02.2019-жылдагы  кезектеги X сессиясынын  № 34 токтомунун 6-тиркемесине  өзгөртүү киргизүү жана  үнөмдөлгөн акча каражаттарын

бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 29.07.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/427 сунушу “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык акча кажаттарды кыскартуу жана аларды чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  жүктөлсүн.                                                               
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов                        

                                                                           

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

02.08.2019-жылдагы кезектеги  XVI сессиясынын № 49 токтомуна Тиркеме

Тендер өткөрүүлөрдүн жыйынтыгында (атайын каржаттарды кошкондо) үнөмдөлгөн жана кыскартылган акча кажаттары боюнча маалымат

                                                                                                    Таблица 1

 

Статьясы

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

3111

Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн акча каражаты

137,4

2

3111

Яма Беккари курууну кыскартуу

350,0

3

3111

ДЮСШ күрөш залынын жуунуучу жайын оңдоп түзөөдөн кыскартуу

36,9

Атайын каражаттар

1

3112

Тендер өткөрүудөн үнөмдөлгон (балдар ойноочу аянтчадан)

50,6

 

 

Жалпы:

574,9

 

2019-жылдын 01-июлуна карата тендер өткөрүүнүн  жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана айрым иштерди кыскартуудан алынган акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндө

                                                                                                                Таблица 2

Статьясы

Каражатты колдонуу багыты

Сумма (миң сом)

1

2221

Кесиптик лицейдин кезектеги ремонтуна (атайын каражаттын эсебинен) 

50,6

2

2221

Бөкөнбаев мектеби - Мейманкананын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине

21,7

3

2221

№ 2 “ Арча-Бешик” б/б- Төрөгелдиев К үйүнүн кезектеги оңдоп түзөө иштерине

26,4

4

2213

Ижара акы үчүн ( мейманкана, жеке үй)

420,0

5

3112,2215

Жаштар кеңешинин иш-чараларына

8,4

6

2215

“Наристе” балдар бакчасына

47,8

 

 

Жалпы:

574,9

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVI сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-августу  № 50                                     Токтогул  шаары

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планын (КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн  акча каражатын бөлүп берүүгө

макулдук берүү  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун “Жергиликтүү деңегээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Муниципалитеттер аралык кызматташуу сынагына катышуу жөнүндө маалыматын, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында, Токтогул шаардык мэриясынын Токент айыл аймагы жана Жаны-Жол айыл аймагы менен биргеликте  Муниципалитеттер аралык кызматташуу ( мындан ары МАК) сынагына катышуусу колдоого алынгандыгы эске алынсын.
  1. МАК алкагында түзүлгөн Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планынын (КЖАП) суммасынын 25% үчтөн бир бөлүгүн  өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  1. Аталган долбоордун алкагында тиешелүү иштерди аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

           Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов