• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2019-жылдын  25-марты   № 42                                                        Токтогул  шаары

Токтогул шаарындагы Коргол жана Токтогул көчөсүндөгү кароосуз  калган            имараттарда муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 22.02.2019-жылдагы № 01-34/115 өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.С.Омурбекованын 01.03.2019-жылдагы № 21-8626 катынын жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 04.03.2019-жылдагы №09-1048 катынын негизинде Токтогул райондук № 39 кесиптик лицейдин балансындагы Токтогул шаарынын Коргол жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан, кароосуз турган имараттарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатта пайдалануу маселелери “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышында талкууга алынган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Туруктуу комиссиянын корутундусунун жалпысынан жактырылгандыгы эске алынсын.

 

  1. Токтогул райондук № 39 кесиптик лицейдин балансындагы Токтогул шаарынын Коргол  көчөсүндөгү эски фин тибиндеги имаратты 3100 м2 жер аянты менен жана Токтогул көчөсүндө жайгашкан эски имаратты 6751 м2 жер аянты менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилгендиги белгиленсин.

 

3.      Жогоруда аталган имараттарды муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашуулар жүргүзүлсүн, муниципалдык менчикке тиешелүүлүгүн тастыктоочу документтери алынсын.

4.      Бул токтомду тез арада аткарууга алуу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.

5.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов