• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 51                                        Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын мэринин  2019-жылдын 9 (тогуз) ай  ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун   аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы жөнүндө депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул  шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун  2019-жылдын 9  ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Бюджеттин жергиликтүү салыктардан чогулган бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 29 924,6 миң сомго, 105,6% аткарылгандыгы, ал эми чыгаша бөлүгү жыл башында бекитилген планга ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
  1. Аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш-пикирлер эске алынсын.
  1. Сырттан инвестиция тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн,  сырткы донорлор менен иштөө үчүн  долбоорлорду өз убагында даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн. 
  2. Токтогул шаардык кеңештин токтомдору жана протоколдук  тапшырмалары   аткарууга алынсын.
  1. Бул токтомду  аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын (А.Касымов, М.Калмурзаев, З.Бекматова, М.Исаков).
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

               Төрага:                            М.Н.Жусупахунов                                                                                                                                                                                                               Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

 XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 52                                                      Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы  № 34 токтомунун 6-тиркемесине  өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 14.10.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/556 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык, акча кажаттарды кыскартуу жана аларды чыгымдоо багыттары   тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (Таблица 1,2).
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Н.Кулузакова).
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                               
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов                        

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын  18.10.2019-жылдагы кезектеги  XVII сессиясынын № 52 токтомуна Тиркеме

Тендер өткөрүүлөрдүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн жана кыскартылган акча каражаттары жөнүндө

                                                                                                            Таблица 1

Статьясы

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

2221, 3111, 3112, 2721

Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн акча каражаттары

604,5

 

 

Жалпы:

604,5

 

Кыскартылсын

1

2215

Шаарда мекемелер аралык конкурс өткөрүү

50,0

2

3111

Жасалма балаты куруу

500,0

3

3111

“Ыңгайлуу шарт” МИ гараж куруу

1000,0

4

3113

Кредитордук карыз (ПДП)

487,4

 

 

Жалпы:

2037,4

 

 

Бардыгы:

2641,9

Үнөмдөлгөн жана кыскартылган акча каражаттарын чыгымдоо  жөнүндө

                                                                                                                Таблица 2

Статьясы

Каражаттарды чыгымдоо багыты

Сумма (миң сом)

1

2211

БЧУга сапар чыгымдарына

10,0

2

2213

Мектептер, балдар бакчасына IV кварталга ижара акыларына

420,0

3

2215

“Ыңгайлуу шарт” МИ (муниципалдык заказдарга), анын ичинен 175,0 таштанды төгүүчү жайдын ижара  акысына    

1421,9

4

2215

 Д.Турдумамбетов атындагы мектебине (кайрылуу боюнча)

18,0

5

2215

Мектеп, балдар бакчасынын долбоорлорун экспертизадан өткөрүүгө

150,0

6

2215

Ак-Жон участкасындагы ВЛ-10кВт линияны Керимбаев көчөсүнө которууга

25,0

7

2221

Топбазага шагыл төшөөгө

96,0

8

2222

Таштанды салуучу урналарга

39,2

9

2224

“Күн Нуру”, “Арча Бешик” балдар бакчаларына көмүр сатып алууга

40,0

10

2721

И.Токтогуловго китеп чыгарууга (кайрылуусу боюнча)

25,0

11

3111

ДЮСШга ажаткана курууга

50,0

12

3111

Трансформаторлорду (муниципалдык) тосмолоого

100,0

13

3111

Таштанды төгүлүүчү жайды тосмолоого (кредитордук карыз)

98,0

14

3112

№28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейине

70,0

15

3112

Бирдиктүү терезе жасоого

78,8

 

 

Жалпы:

2641,9

Төрага:                                               М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 53                            Токтогул  шаары

Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 3-корпусу жайгашкан жерге

  ээлик кылуучу документтерди алуу жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы, жол байланышы, электроэнергия” боюнча  туруктуу комиссиянын маалыматын, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мыйзам талаптарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча пайдаланып, аны тескей ала тургандыгы эске алынсын.
  1. Токтогул шаарынын Дадиев № 1 көчөсүндөгү, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жер участогунун планынан 3-корпус жайгашкан 400м2 жер аянтын  өзүнчө  ажыратып, ага муниципалдык менчикти тастыктоочу  мамлекеттик акт алынсын.
  1. Жогоруда жерге ээлик кылуучу юридикалык документтерин берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (М.Калмурзаев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

                                                            

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 54                                                 Токтогул  шаары

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун  15.10.2019-жылдагы № 01-34-555-а сунушун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

                                          Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 15.10.2019-жылдагы № 01-34/555-а сунушу эске алынсын.
  1. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына Маранбаев Аласкан Кочкорбаевичти дайындоого макулдук берилсин, буйрук менен бекитип берүү жагы шаар мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
  1.     Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиева).
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                      М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 55                                       Токтогул  шаары

А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы ажаткананы ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы № 142 “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Богонбековдун 15.10.2019-жылдагы  сунушун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы ажаткана Токтогул шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизилсин.
  1. Аталган ажаткананы жеке жактарга ижарага берүүгө макулдук берилсин, кирүү акысы 10 сомдон ашпаган баада белгиленсин.
  1. Муниципалдык менчикти ижарага берүү  иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн (КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-ж № 142 токтому).
  1. Тооруктун жыйынтыгы менен эки тараптуу келишим түзүлсүн, тараптардын милдеттери, укуктары, ажаткананы күтүү эрежелери, сакталышы боюнча жана башка  шарттар кеңири иштелип чыксын.
  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (М.Калмурзаев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

                                                                                                                                                   Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 56                                    Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык,   Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын  кезектеги ХVII сессиясы

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын  4 (төрт)  талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.
  2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөндөгү тургундарга Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  1. Мамутов Абдымалик Сарыевич-инженер-куруучу, ардактуу эс алууда;
  2. Райымбеков Кимсан – мугалим, ардактуу эс алууда;
  3. Бекматова Зина Абылгазиевна – № 39 кесиптик-лицейинин мугалими, ардактуу эс алууда;
  4.  Чормошов Токтомурат –инженер-куруучу, ардактуу эс алууда, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасында инструктору;
  1. “Ардактуу атуул” наамына ылайык төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин  уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине  милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XVII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  18-октябры  № 57                                                 Токтогул  шаары

Долбоорду ишке ашыруу үчүн  өздүк салымга  каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду аркылуу “Наристе” балдар бакчасына тамак бышыруучу жай куруу боюнча  долбоорду ишке ашыруу максатында  өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө шаар мэри Б.Болгонбековдун сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      “Наристе” балдар бакчасына тамак-аш бышыруучу жай куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин

2.      Долбоордун жалпы наркы  3 551 957 сом болгондуктан,  (15,53%) 551 957 сомду өздүк салым катары бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3.      Жогорудагы өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы каралсын.

  1. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жана  ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков, Н.Кулузакова).
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов