Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 28- марты № 17 Токтогул шаары
07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамына, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жарандык коргонуунун башчысы Т.Жайыловдун Токтогул районунда өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча 22.03.2020-жылдагы №46 буйругунун негизинде, Токтогул шаарында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетишинин алдын алуу, келип чыгуу тобокелдигин максималдуу азайтуу, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, ага карата ыкчам чараларды көрүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 23.03.2020-жылдагы №01-34/213 сунушун “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы менен бирге карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жогорудагылардын негизинде, 07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.
- Ага ылайык, жыл башында бекитилген акча каражаттарын кыскартуу жана аны чыгымдоо ушул токтомдун Тиркемесине (Таблица 1,2) ылайык жүргүзүлсүн.
- Тиркемеде көрсөтүлгөн акча каражатын өз багытында пайдаланууну камсыздоо максатында атайын комиссия түзүлсүн.
- Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) тапшырылсын.
- Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
28.03.2020-жылдагы кезексиз XXII сессиясынын № 17 токтомуна Тиркеме
07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесинен кыскатылуучу акча каражаттары боюнча маалымат
Таблица 1
№ |
Статьясы |
Мазмуну |
Сумма (миң сом) |
1 |
3111 |
ОсОО “Имран-Али” (кредитордук карыз, 50-пункт ) |
640,3 |
2 |
3111 |
Проект институту (кредитордук карыз, 50-пункт) |
665,8 |
3 |
3111 |
Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоо (44-пункт) |
1500,0 |
4 |
2215 |
Жол сызыктарын чийдирүүгө (33-пункт) |
300,0 |
|
|
Жалпы: |
3106,1 |
Кыскартуудан алынган акча каржаттарын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ |
Ста тьясы |
Каражатты колдонуу багыты |
Сумма (миң сом) |
1 |
2214 |
Бензин (1 т) |
40,0 |
2 |
2214 |
Солярка (3 т) |
126,0 |
3 |
2215 |
Хлор (гипохлорид кальция) менен дезинфекциялоо иштерине (анын ичинде “Суу канал” сунушу менен ичүүчү сууга) |
200,0 |
4 |
2215 |
Чарбалык товарлар (унааларды токтотуучу пост уюштуруу, обсервацияга алынгандарга шарт түзүү үчүн) |
15,0 |
5 |
2215 |
Антисептик каражаттары үчүн |
8,2 |
6 |
2215 |
Шаарга кирүүчү ички жолдорду жабуу (шагыл) |
40,4 |
7 |
2215 |
Дезинфекция иштерин жүргүзүү кызматына ( көп кабат үйлөрдүн кире бериштерин, лестницаларын) |
20,0 |
8 |
2222 |
Хлор чачуучу шаймандар менен камсыздоо (бочка, хлор чачкыч) |
14,9 |
9 |
2223 |
Өзгөчө кырдаал учурундагы иштер үчүн атайын кийимдер, респиратор, маска ж.б менен камсыздоо үчүн |
180,0 |
10 |
2511 |
Суу башатын куралдуу кайтарууга алуу үчүн “Суу канал” ишканасына субсидия (апрель-июнь, 3 айга) |
105,0 |
11 |
|
Өзгөчө кырдаал (резервдик сумма) |
2356,6 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 28 марты № 18 Токтогул шаары
Туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, алардын курамдарына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдоруна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин айрым туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жана алардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ата-Журт” Мекенчил” фракциясынын депутаттары Жамгырбек кызы Кундуз, Касымов Алмаз Рахматиллаевич, КСДП фракциясынын депутаты Исаков Максат Муктарбекович өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын токтотушкандыгы эске алынсын.
- Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон, “Ата-Журт” Мекенчил” фракциясынын төмөндөгү депутаттары:
- Жапаров Элдияр Назарович “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, жумушсуздук, коомдук уюмдар, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
- Курбанов Мухиддин Кабылахунович “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
- “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дербишев Кубанычбек “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
- Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон, КСДП фракциясынын депутаты, Тойчубеков Урмат Кадырбекович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт, экологияны коргоо, мыйзамдуулукту чындоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага: М.Н..Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 28- марты № 19 Токтогул шаары
Шаар аймагы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан жана шаар ичиндеги соода түйүндөрүнүн иштөөсүнө чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул райондук Жарандык коргонуу штабынын чечимдерине ылайык, Токтогул шаарында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетишинин алдын алуу, ага карата ыкчам чараларды көрүү үчүн Бишкек-Ош автожолу аркылуу өтүп жаткан унаа айдоочулар, жүргүнчүлөр менен жергиликтүү жашоочулардын, соода-сатык жүргүзүүчүлөрдүн байланыштарын болтурбоо, жашоочулардын көчөлөрдө жүрүүсун максималдуу азайтуу боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 28.03.2020-жылдагы №01-34/232 карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаар аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуусуна жол бербөө боюнча зарыл болгон бардык иш-аракеттер көрүлсүн.
- Аймакта өзгөчө кырдаал алынып салынганга чейин, төмөндөгү чектөөлөр аткарууга алынсын:
- Токтогул шаарынын аймагы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан (жээгиндеги) бардык соода-сатык жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилсин.
- Шаар ичинде:
- азык-түлүк сатуучу түйүндөр эртең мененки саат 08.00дөн кечки саат 18.00гө чейин гана иштешсин, иштөө учурунда санитардык эрежелердин кынтыксыз сакталышын камсыздашсын;
- башка ар кандай соода, кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилсин;
- Эпидемиологиялык кырдаалга байланышкан жогорудагы чектөөлөрдун аткарылышы катуу көзөмөлгө алынсын, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (З.Бекматова, У.Тойчубековго) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага: М.Н.Жусупахунов