Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2020-жылдын  26-июну     № 25                               Токтогул  шаары

Кыргыз Рсепубликасынын Эл артисти   Э.К. Иманалиевдин 

ысымын көчөгө ыйгаруу боюнча

 

            Кыргыз  Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана  Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэриясынын кызматкерлери  15.06.2020-жылы Арсланбап көчөсүнүн жашоочуларынын катышуусунда  жыйналыш өткөрүп, бул көчөгө КР Эл артисти, маркум Э.К.Иманалиевдин ысымын ыйгаруу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушун талкуулап, жыйналыш протокол менен жыйынтыкталган.

            Жогоруда аталган протокол боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын сунуш, пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымын көчөгө ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиянын 24.06.2020-жылдагы чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Токтогул шаарындыгы Арсланбап көчөсү,  ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап,  Элмирбек Иманалиев атындагы көчө деп аталсын. 

 

  1. Көчөнүн эки тараптагы кире беришине,  ар бир үйгө  тактайчаларды орнотуу, инфраструктурасын  жакшыртуу (жарыктандыруу, жолун тегиздөө, жөө адамдар басуучу жол куруу ж.б.), Токтогул шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  1. Көчөнүн тазалыгын сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү ушул көчөнүн жашоочуларына милдеттендирилсин.
  1.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жүктөлсүн
  1. Аткарылышын тиешелүү туруктуу комиссия  (У.Тойчубеков) көзөмөлгө  алсын.   
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                         М.Н.Жусупахунов