• Печать

Токтогул шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ

          2020-жылдын  10-июлу                 № 26                          Токтогул шаары    

КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу муниципалдык

ишкананынын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү жөнүндө

Учурда КОВИД -19 пандемиясы  шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, муниципалитеттердин ишмердүүлүгүн  өз ыргагы менен жүргүзүүгө түздөн түз терс таасирин тийгизип жатат.  Ага байланыштуу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, жашоочулардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагыфилиалымуниципалитеттерге убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн 29.06.2020-жылыТоктогул шаардык мэриясы менен биргеликте  гранттык макулдашуу түзүшкөн.

Аталган гранттык макулдашуу боюнча  Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

            Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин, депутаттардын сунуш, пикирлерин   угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагыфилиалы жана Токтогул шаардык мэриясынын ортосунда 29.06.2020-жылытүзүлгөн гранттык макулдашуу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин, ага ылайык төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
  • 415,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, максаттуу пайдаланылышы камсыздалсын;
  • анын ичинен 380,0 миң сом акча каражаты турак  жай субсидиясына берилсин;
  • 35,0 миң акча каражаты кичирайондордун, көчөлөрдун ортосунда өткөрүлүүчү сынакка жумшалсын;

 

  1. Шаар аймагында “Тиричиликтеги катуу таштандыларды жок кылуу” боюнча коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн  Турак-жайсубсидиясын берүүнүн  Убактылуу стандарты бекитилсин (1-Тиркеме).
  1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында шаардын кичирайондорунун, көчөлөрүнүн ортосунда сынак өткөрүүнүн типтүү Жобосу бекитилсин (2-Тиркеме).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду  жогорудагы гранттык макулдашуунун талаптарына ылайык аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков)  милдеттендирилсин.
  1. Аткарылышын тиешелүү туруктуу комиссия (К.Дербишев) көзөмөлгө алсын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиевага) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешининwww.toktogul.kgвеб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                                              

Төрага:                                 М.Н.Жусупахунов      

 

Токтогул шаардык кенешинин  XXVIII чакырылышынын 12.07.2020-жылдагы кезексиз XXVII сессиясынын № 26 токтому менен бекитилди

1-Тиркеме

Турак-жай субсидиясын берүү боюнчаУБАКТЫЛУУ СТАНДАРТ

 

"Тиричиликтеги катуу таштандыларды жок кылуу" боюнча коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн турак-жай субсидиясынын паспорту

1

Турак жай субсидиясынын аталышы

Токтогул шаарынын аймагында турмуш-тиричиликте пайдаланылган катуу таштандыларды жок кылуу боюнча коммуналдык кызматтарга төлөө

2

Турак-жай субсидиясын берүүчү муниципалдык органдын (мекеменин) толук аталышы

Токтогул шаарынын мэриясы

3

Турак-жай субсидиясын алуучулар

«Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасы

4

Турак-жай субсидиясын алуу боюнча укуктук негиздер

1. Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси (12-берененин 4-бөлүгү; 75-берене),

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (22-берененин 5-пункту).

5

Берилүүчү турак-жай субсидиясынын акыркы жыйынтыгы

Турак-жай субсидияларын берүү төмөнкүлөргө багытталган:

1. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу.

2. Аймактын территориясында таштандылардынчаржайыт/башаламан пайда болушун алдын-алуу

3. Экологиялык коопсуздукту сактоо

4. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу

6

Турак-жайды субсидиялоо боюнча шарттар

1 Турак-жай субсидияларын берүү Токтогул шаарынын аймагынын өзүндө жүзөгө ашырылат.

 

2 Токтогул шаары турак-жай субсидиясын шаардык мэрия менен муниципалдык ишкананын ортосундагы келишимге ылайык берет.

 

6.1.

Турак-жай субсидиясын берүү боюнча  өзгөчө шарттар

 

380 000 сом өлчөмүндөгү турак-жай субсидиясы, ушул Убактылуу стандартка тиркелген кызматтарды жакшыртуунун максаттуу Планына (1-Тиркеме) ылайык,

көрсөтүлгөн кызматты кайталап өндүрүү жолу менен  инвестициялоо аркылуу субсидияланган сумманы кайтарып берүү принцибинин негизинде, муниципалдык ишканага төлөнүп берилет.

«Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишкана келерки календардык жылга карата боло турган чыгымдарды өндүрүш программасынын планына киргизип, максаттуу планды аткаруу боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруудан мурда,  каралган субсидия өлчөмүнөн кем эмес акча каражаттарын жергиликтүү калктан топтоону камсыз кылышы керек.

 

7

Турак-жай субсидиясын берүү мөөнөтү

2020-жылдын 1-июлунан тартып, 31-ноябрынан кечиктирбестен, апрелден августка чейин 5 (беш) ай ичинде кызматтарды көрсөтүү мезгилинде каралат.

Турак-жай субсидиясы менен камсыз кылуу  жана тейлөө

8

Турак-жай субсидиясын алуучу тарабынан талап кылынган документтеринин жана / же аракеттеринин тизмеси

1. Токтогул шаарынын мэриясы менен «Ыңгайлуу шарт»  муниципалдык ишкананын ортосунда түзүлгөн келишим.

 

1) 2020-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейинки мезгилде

2) 1-июлдан 31-июлга чейинки мезгилде

3) 1-августтан 31-августка чейинки мезгилде

аткарылган кызматтар боюнча актылар.

 

9

Турак-жай субсидиясынын өлчөмү

380 000 сом

10

Турак-жай субсидиясын эсептөө методикасы 

 

Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалы жана Токтогул шаардык мэриясы  ортосунда түзүлгөн грант келишими эсептөө үчүн негиз болуп саналат. 

 

Турак-жай субсидиясынын өлчөмү муниципалитеттин калкынын керектөөчүлөрүнүн санына жараша, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тарифтин негизинде аныкталат.

 

11

Турак-жайды субсидиялоо булактары

Турак-жайларды субсидиялоо булактары катары, тиешелүү гранттык макулдашуунун негизинде, Хельветас Свисс Интеркооперейшн  тарабынан бөлүнгөн 

380 000 сом өлчөмүндөгү грант саналат.

 

12

Турак-жай субсидиясынын өлчөмүн аныктоо тартиби

 

Ай сайын берилүүчү турак-жай субсидиясынын суммасы турак-жай субсидиясынын жалпы суммасынын бештен бир бөлүгүн түзөт, бирок көрсөтүлгөн кызматтар актысында жарыяланган суммадан ашпайт.

 

13

Турак-жай субсидиясын төлөө тартиби

Кызмат көрсөтүүчү отчеттук мезгил ичинде аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн актыларын даярдайт.

Көрсөтүлгөн кызматтар БМжБ (биргелешкен мониторинг жана баалоо) топтору тарабынан өз убагында жана эч кандай олуттуу кемчиликтери жок экендиги, кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш.

Аткарылган иштердин актылары жергиликтүү ӨАБО (өз алдынча башкаруу органынын) башчысы тарабынан бекитилип, 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү ӨАБОнун бухгалтердик эсеп-кысап бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.

 

 

Төрага:                                                         М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кенешинин  XXVIII чакырылышынын 12.07.2020-жылдагы кезексиз XXVII сессиясынын № 26 токтому менен бекитилди

 

2-Тиркеме

­­

Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча  Токтогул шаарынын  кичи райондорунун/ көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОСУ

1. Жалпы жоболор

1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын / участоктордун / кварталдардын / көчөлөрдүн ортосундагы сынак  (мындан ары - сынак), тарифтерге негизделген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.

1.2. Сынак Токтогул шаардык мэриясы тарабынан 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.

2. Снактын шарттары 

2.1. Сынакка катышуу Токтогул шаарында төмөнкү кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү максатында өткөрүлөт:

Кызматы

Кызмат көрсөтүүчү

Байланыш маалыматтары

Тиричиликтеги катуу таштандыларды жок кылуу кызматы

“Ыңгайлуу шарт” Муниципалдык ишканасы

Телефону, дареги

2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган шаардык көчолорү, кварталдары жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтары үчүн 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин чогултулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатууну жакшыртуулары керек.

2.3. Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, кызмат көрсөтүүчү катышкан аймактардагы көрсөтүлгөн кызматтарга болгон төлөмдөрдү чогултуунун учурдагы абалы жөнүндө айыл өкмөтүн маалымдайт.

2.4. Шаардын мэриясы сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.

3. Сынак өткөрүүнүн тартиби

3.1. Шаардын мэриясы сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана анын өкүлдөрү (айыл башчылары) аркылуу калкка билдирет.

3.2. Сынакка катышууну каалаган аймактар ​​өз өкүлүн тандайт жана ал мэрияга сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Шаардын мэриясы  катышкан кичи райондордун, кварт алдардын тизмесин түзүп, алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.

4. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби 

4.1. Сынактык комиссия шаардык мэринин буйругу менен мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлөт.

4.2. Сынактык комиссия 2020-жылдын 15-октябрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, 2020-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилдеги кызматтар үчүн акы чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.

4.3. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.

5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 

5.1. Сынактын байге фонду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 35 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.

5.2. Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.

5.3. Шаар мэри байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.

5.4. Жылдын аягында айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте айылдык аймактын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов