• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  30-марты  № 10                                 Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагында социалдык шаарча курууга

макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул районунун аймагындагы социалдык жактан колдоого муктаж үй бүлөлөргө “АС-САФА Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан турак үй куруп берүү долбоору  жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин депутаты М.Калмурзаевдин  жана Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматы шаардык кеңештин  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууланды.

Туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  “АС-САФА Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан Токтогул шаарынын аймагында социалдык  шаарча куруу долбоорун ишке ашырууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
  2. Токтогул шаарынын Акжон кичи районундагы С.Абышов № 52 көчөсүндөгү  15 120м2 жер  социалдык шаарча  куруу  үчүн колдонулсун.
  3. Турак үйлөр курулган шартта, алардын  жалпы санын 50%  Токтогул шаарындагы колдоого муктаж үй-бүлөлөргө, калган 50% Токтогул районунун башка айылдарындагы үй-бүлөлөргө ыйгаруу жагы каралсын.
  4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн суралган маалыматтар, документтер менен өз убагында камсыздоо, жалпысынан токтомду аткаруу  Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев)  тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                    М.Жусупахунов

                                                                                                                                                     Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  30-марты  № 11                                 Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасын

 бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын  административдик чек арасын аныктоо жана бекитүү боюнча “Кыргызмамжердолбоорлоо” институту тарабынан иштелип чыккан,  жетектөөчү адис К.К.Акматалиевдин  жазуу жүзүндөгү баяндамасы Токтогул шаардык кеңешинин  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
  2. Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасын бекитүүгө макулдук берилсин.
  3. Жер мамилелерин жөнгө салууну бекитилген чек арага ылайык жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), жерге укук берүү боюнча комиссияга (К.Жумалиев)  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев)  тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                    М.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  30-марты  № 12                                 Токтогул  шаары

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум К.Казакбаевдин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

            Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана  Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын жашоочусу Р.Казакбаевдин 18.03.2021-жылдагы кайрылуусу боюнча туруктуу комиссиянын чечимин  жана депутаттардын сунуш, пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын 7-кичи районундагы Кайрак  көчөсүнүн аты өзгөртүлсүн,  ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап бул көчө Казакбаев Курман атындагы көчө деп аталсын.
  1. Көчөнүн инфраструктурасын  жакшыртуу, жарыктандыруу, жолун тегиздөө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн аты жазылган тактайчаларын даярдоо, илдирүү  боюнча иштер жүргүзүлсүн.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жүктөлсүн
  1. Аткарылышын тиешелүү туруктуу комиссия  (У.Тойчубеков) көзөмөлгө  алсын.   
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                         М.Н.Жусупахунов        

                                                                                                                                     

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  30-марты  № 13                                 Токтогул  шаары

  04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын  № 06 токтомуна өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына  ылайык, Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясы менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчун потенциалды жогорулатуу боюнча гранттык макулдашуунун негизинде 2021-жылга иш-чараларды өткөрүүгө берилүүчү акча каражаты жөнүндө   Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 30.03.2021-жылдагы сунушу боюнча  шаардык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын  корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын  № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн гранттык макулдашуунун алкагында эки транш менен берилүүчү  48,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, төмөндөгү багыттарда чыгымдалсын:

Статья 22225,6 миң сом –канцеллярдык товарларга;

Статья 221530,0 миң сом – кофе брейк, түшкү тамактанууга;

Статья 22158,5 миң сом –маалыматтык таркатуучу материалдарга, банерлерге;

Статья 2211 4,0 миң сом – жергиликтүү координаторлорго компенсация(транспорттук чыгымдарга);

  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомду жалпысынан  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.                                                              
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.                                                                                                                                                                                                                                                                 Төрага:                        М.Н.Жусупахунов