Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXVI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  20-майы      № 16                               Токтогул  шаары

Мамлекеттик менчиктеги кыймылсыз мүлктү муниципалдык

 менчикке алууга  макулдук берүү жөнүндө

Токтогул шаарында  “Шамшыкал” газетасынын редакциясы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуп, учурда ал жайгашкан мамлекеттик менчиктеги имарат бош тургандыктан, бул кыймылсыз мүлктү коомдук кызыкчылыктагы максаттарга пайдалануу үчүн аны мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп,  жогорку органдарга кайрылуулар жолдонгон.

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, жогоруда аталган маселе  боюнча  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын  сунуштарын  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Момункулов көчөсүндөгү  “Шамшыкал” газетасынын редакциясы жайгашкан мамлекеттик менчиктеги  имаратты муниципалдык менчикке алууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
  2. Аталган имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
  3. Мүлк муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик каттоого байланыштуу болгон бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы эске алынсын.
  4. Бул токтомду аткаруу, Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев)  тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                    М.Жусупахунов