Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXIX сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  29-сентябры  № 21                                                    Токтогул  шаары

Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фонду аркылуу долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымга керектелүүчү  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” негизинде, “Токтогул шаарында А.Козубеков атындагы паркта аллея жана балдар ойноочу аянтча куруу” долбоорун Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу максатында,  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 22.09.2021-жылдагы № 01-34/490 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарында А.Козубеков атындагы паркта аллея жана балдар ойноочу аянтча куруу” долбоорун Жалал-Абад областтык фонду аркылуу ишке ашыруу  боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин
  2. Долбоордун жалпы наркы  5 265, 9 миң  сомду түзгөндүгү эске алынып, анын ичинен 632,0 миң сом (долбоордун наркынын 12 %) өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
  3. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жана  ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков, Н.Кулузакова).
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

                                                                                             

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз

XXXIX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  29-сентябры  № 22                                                    Токтогул  шаары

 Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө

   ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Токтогул шаарында Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ)  тобунун курамы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн курамда жаңыланып түзүлгөндүгү белгиленсин, тиркеме бекитилсин.   

  1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жободо белгиленген милдет, максат, принциптерге  ылайык иш алып баруу үчүн   бир жылдык иш план иштелип чыксын.
  1. Иш пландын негизинде  аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы каралсын.
  1. Бул токтомду  аткаруу БМжБ тобунун төрайымы (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков)                                      тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап  Токтогул шаардык кеңешинин 04.12.2020-жылдагы кезектеги  XXX  сессиясынын № 33 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага:                                           М.Н.Жусупахунов

           

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  29.09.2021-жылдагы кезексиз  XXXIX сессиясынын № 22 токтому менен бекитилди   

Тиркеме

 

Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатына мониторинг  жүргүзүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы

 

Аты жөнү

Туулган жылы

Иштеген жери

Топтун курамында

Жашаган

жери

Байланыш телефону

1

Джаныбаева Айнура Омушевна

10.07.1972

шаардык кеңештин депутаты

топтун төрайымы

Кенжетаев Шакир № 11

0 773 16 01 77

2

Каныбекова Айсулуу Каныбековна

17.02.1992

Шаардык кеңеш, башкы адис

топтун катчысы

Б.Осмонов б/н

0707 81 84 68

3

Караева Динара Текишовна

29.08.1970

шаардык кеңештин депутаты

мүчөсү

Исраилов № 39

 0 707 00 0461

4

Бадыров Мелис Болотбекович

22.04.1963

шаардык кеңештин депутаты

мүчөсү

Кушубаков № 37

 0773 457059

5

Курбанов Мухиддин Кабылахунович

26.03.1987

шаардык кеңештин депутаты

мүчөсү

Бердалиев № 44

0705 00 87 01

6

Ашырбекова Калия

09.08.1958

Аялдар кеңешинин төрайымы

мүчөсү

Ашыров № 17

0 777 278753

7

Демин Виктор

29.01.1979

шаар тургуну

мүчөсү

А.Суеркулов № 6/6

0 70413 04 38

 

Төрага:                                           М.Н.Жусупахунов