Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз V- сессиясынын
ТОКТОМУ № 23
Токтогул шаары 19-сентябрь 2014-жыл
Токтогул шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган Турдалиев Дуулатбектин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттын ордун ээлөө үчүн кийинки депутатты аныктоо боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесин жетекчиликке алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Турдалиев Дуулатбек мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
- Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин
төрагасынын орун басары: С.Абышов