Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 30 Токтогул шаары
2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер боюнча
вице-мэр Н.Көчөрканованын маалыматы жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын маалыматы эске алынсын.
- Жалпысынан шаар аймагында аткарылып жаткан иштер боюнча жашоочулардын маалыматка жеткиликтүүлүгү төмөн болуп жаткандыгы белгиленсин, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
- Аймакты өнүктүрүү боюнча бардык иштер алдын ала макулдашылып, керектүү каражаттары бөлүнгөндөн кийин гана аткарууга алынсын.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги
XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 31 Токтогул шаары
2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 03.12.2020-жылдагы №01-34/552 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү 33 425,0 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2662,0 миң сом, жалпысынан 89,5% аткарылгандыгы, чыгаша бөлүгү 26773,7 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2351,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
- Шаардык кеңештин 07.02.2020-жылдагы кезектеги ХХ сессиясынын № 06 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган акча каржатынын жалпы суммасы 1760,8 миң сом (1-таблица), бул акча каражаты ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн багыттарда чыгымдалсын (2-таблица).
- Билим берүү тармагынын электр энергиясына каралган акча каражатынан 250,0 миң сом шаар ичиндеги түнкү жарыктандыруу үчүн колдонулган электр энергиясына төлөө үчүн жумшалсын.
- 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомунун 5-тиркемесинин 29-пункту менен 2215 статьясына бекитилген сумманын эсебинен 90,0 миң сом акча каражаты ушул тиркеменин 34-пункту 2511 статьясына кошумча бөлүнүп берилсин.
- КОВИД -19 пандемиясы убагында Хельветасс Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан муниципалитетти убактылуу колдоо үчүн берилген акча каражатынын эсебинен “Ыңгайлуу шарт” МИ Токтогул шаардык мэриясына 197,0 миң сомдук иш аткарып бергендиги (трубалар, тактачаларды орнотуу) эске алынсын.
- Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджетке байланышкан маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А.Дербишев) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 04.12.2020-жылдагы кезектеги XXX сессиясынын №31 токтому менен бекитилди
Тиркеме
2020-жылы 9 (тогуз) айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана каскартуудан алынган акча каражаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
|
№ |
Мазмуну |
Сумма (миң сом) |
|
|
1 |
Көчөгө отургучтарды (скамейка), таштанды салуучу урналарды жасатуудан (конкурстун жыйынтыгы менен) |
158,0 |
|
|
2 |
Жасалма балаты куруудан (конкурстун жыйынтыгы менен) |
20,0 |
|
|
3 |
Балдар бакчаларга тамак аш үчүн каралган каражаттан (КОВИД -19 пандемиясына байланыштуу колдонулбай калган каражат) |
1200,0
|
|
|
4 |
Жер сатуудан түшкөн каражат |
337,8 |
|
|
5 |
07.02.2020-жылдагы № 06 токтомунун 5-тиркемесинин 75-пункту менен каралган суммадан кыскартылсын |
45,0 |
|
|
|
Жалпы: |
1760,8 |
|
Жогоруда үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган 1760,8 миң сомду чыгымдоо багыттары Таблица 2 |
|
|||
№ |
Мазмуну |
Статья |
Сумма (миң сом) |
1 |
“Токтогул” футбол клубунун сапар чыгымына |
2211 |
15,0 |
2 |
Шаардын ички көчөлөрүнө суу кетүүчү орнотулган трубаларга |
2215 |
96,0 |
3 |
А.Суеркулов көчөсүнө орнотулган накыл сөздөр жазылган тактачаларга |
2215 |
101,0 |
4 |
Таштанды төгүлүүчү жайды тейлөөгө (кошумча) |
2215 |
120,0 |
5 |
Токтогул шаардык мэриясы, шаардык кеңештин корреспонденциялары үчүн төлөөгө |
2215 |
15,0 |
6 |
Токтогул шаарындагы социалдык объекттерге өрт коопсуздугу боюнча шаймандарга |
2222 |
223,4 |
7 |
Шайлоо участокторун керектүү жабдуулар менен камсыздоого |
2222 |
25,5 |
8 |
Таласбай кичи районундагы ФАПка (насос, аристон, электр жабдууларын алмаштырууга) |
2222 |
16,8 |
9 |
“Таза Суу” программасын ишке ашыруу боюнча келишимдин 1% төлөмүнө |
2511 |
635,1 |
10 |
Союз МСУ (взнос) |
2621 |
18,8 |
11 |
С.Наралиевага материалдык жардамга |
2721 |
15,0 |
12 |
Жусупжанов Кубанычбекке (Кыргызстандын курама командасында самбо боюнча машыгуучу) |
2721 |
30,0 |
13 |
“Наристе балдар бакчасына 6 конфоркалуу плита алууга |
3112 |
105,0 |
14 |
“Наристе” балдар бакчасына компьютер, түстүү принтер алууга |
3112 |
50,0 |
15 |
“Арча Бешик” балдар бакчасына килем, дорожкаларды алууга |
3112 |
142,5 |
16 |
“Байчечекей” балдар бакчасына 6 конфоркалуу плита алууга (кошумча) |
3112 |
61,5 |
17 |
“Күн Нуру” балдар бакчасына компьютер, түстүү принтер алууга |
3112 |
50,0 |
18 |
“Достук” балдар бакчасына компьютер алууга (процессор, монитор, клавиатура ж.б) |
3112 |
40,2 |
|
Жалпы: |
|
1760,8 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги
XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 32 Токтогул шаары
Бөкөнбаев мектебинен чыгарылып алынган эски терезелер жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бөкөнбаев атындагы орто мектебинен чыгарылып алынган терезелеринин айнектери сынып, колдонууга жараксыз абалда экендиги эске алынсын (комиссиянын протоколдоруна ылайык).
- Жогоруда аталган терезелердин рамкалары отун катары колдонуу үчүн шаарыбыздагы багар көрөрү жокторго, жардамга муктаж майыптарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, ушул мектепте иштеген техникалык кызматкерлерге отун катары берилсин.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясына (Д.Т.Караева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги
XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 33 Токтогул шаары
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токтогул шаарында Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобунун курамы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн курамда жаңыланып түзүлгөндүгү белгиленсин, тиркеме бекитилсин.
- Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жободо белгиленген милдет, максат, принциптерге ылайык иш алып баруу үчүн бир жылдык иш план иштелип чыксын.
- Иш пландын негизинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы каралсын.
- Бул токтомду аткаруу БМжБ тобунун төрагасына ( А.Касымовго) тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 03.08.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 10 токтомунун 3-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 04.12.2020-жылдагы кезектеги XXX сессиясынын № 33 токтому менен бекитилди
Тиркеме
Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы
№ |
Аты жөнү |
Туулган жылы |
Иштеген жери |
Топтун курамында |
Жашаган жери |
Байланыш телефону |
1 |
Касымов Алмаз Рахматиллаевич |
03.09.1984 |
Шаар тургуну |
Төрага |
Тоголок Молдо № 47 |
0 776 3603 60 |
2 |
Джаныбаева Айнура Омушевна |
10.07.1972 |
шаардык кеңештин депутаты |
Төраганын орун басары |
Кенжетаев Шакир № 11 |
0 773 16 01 77 |
3 |
Караева Динара Текишовна |
29.08.1970 |
шаардык кеңештин депутаты |
катчысы |
Исраилов № 39 |
0 70700 04 61 |
4 |
Бадыров Мелис Болотбекович |
22.04.1963 |
шаардык кеңештин депутаты |
мүчөсү |
Кушубаков № 37 |
0773 457059 |
5 |
Тойчубеков Урмат Кадырбекович |
21.07.1985 |
шаардык кеңештин депутаты |
Мүчөсү |
Сүйналиев №41 |
0 706 55 55 64 |
6 |
Ашырбекова Калия |
09.08.1958 |
Аялдар кеңешинин төрайымы |
мүчөсү |
Ашыров № 17 |
0 777 278753 |
7 |
Демин Виктор |
29.01.1979 |
шаар тургуну |
мүчөсү |
А.Суеркулов № 6/6 |
0 70413 04 38 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги
XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 34 Токтогул шаары
31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктунун 2-пунктчасына өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги эске алынсын.
- Ага ылайык Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы - Караева Динара Текишовна жана анын орун басары Жапаров Элдияр Назарович шайлангандыгы белгиленсин.
- Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы туруктуу комиссиянын төрайымына (Д.Т.Караева) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги
XXX сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 4-декабры № 35 Токтогул шаары
Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары (тиешелүү документтери менен) “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын 5 (беш) талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.
- Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөндөгү тургундарга Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Абдылдабеков Абакиралы Касымалиевич – Токтогул РЭТ кызматкери;
- Батырканов Эркинбек – маданият кызматкери, мугалим;
- Дөлөтбеков Максатбек Кошукеевич-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты;
- Жумашов Жайлообек – ардактуу эс алуучу ;
- Ормонов Замирбек Токтоназарович-Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
- “Ардактуу атуул” наамына ылайык төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (У.Тойчубеков) тапшырылсын.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага: М.Н.Жусупахунов