Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2021-жылдын 28- июлу № 17 Токтогул шаары
04.02.2021-жылдагы № 06 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 12.07.2021-жылдагы чыгыш № 01-34/378 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, 2021-жылдын 6 (алты) жыйынтыгы менен конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.
- Корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесинин 2-таблицасына ылайык жүргүзүлсүн.
- Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
28.07.2021-жылдагы кезектеги XXXVII сессиясынын № 17 токтомуна Тиркеме
2021-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
№ |
Мазмуну |
Сумма (миң сом) |
1 |
“Күн Нуру” балдар бакчасынын чатырчасын оңдоодон |
232,4 |
2 |
Жол сызыктарын чийүүдөн |
43,6 |
3 |
Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоодон |
1417,9 |
4 |
Момункулов көчөсүнөн Ош-Бишкек трассасына чейин тротуар куруудан |
32,3 |
5 |
Келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражат |
168,6 |
6 |
Балдар бакчасынын тамак-ашына каралган суммадан (6 айга) |
600,0 |
7 |
Мектеп, балдар бакчаларга санитардык нормаларды сактоо каражаттарын сатып алуудан |
104,5 |
8 |
8-март майрамына карата иш чара өткөрүүдөн |
3,0 |
9 |
Нооруз майрамынан |
0,8 |
10 |
Суу башатын куралчан кайтаруудан |
5,5 |
11 |
9-май Жеңиш күнүнө каралган иш-чарадан |
27,8 |
12 |
Балдардын жайкы эс алуусуна каралган каражаттан |
80,0 |
13 |
Жаштар комитетинин иш-чараларынан |
80,0 |
|
Жалпы: |
2804,4 |
|
Атайын каражаттардан |
|
1 |
Эски материалды сатуудан |
105,0 |
|
Баардыгы: |
2909,4 |
2021-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен 2909,4 мин сом акча каражатын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ |
Мазмуну |
статьясы |
Бөлүнгөн сумма |
1 |
“Ыңгайлуу шарт” МИ ( 420,0 миң сом –таштанды төгүлүүчү жайга, 174,3 миң сом- күйүүчү, майлоочу майга кошумча) |
2215 |
594,3 |
2 |
“Кыргызгипроземге” келишимдин негизинде (шаардын чек арасын тактоо) |
2215 |
77,3 |
3 |
“Байчечекей” б/б трансформаторун оңдоого |
2215 |
36,2 |
4 |
Коронавирус илдетине каршы курөшүүгө байланышкан чыгымдарга ( 105,0 миң сом атайын каражаттын эсебинен) |
2215 |
200,0 |
5 |
“Арча Бешик” б/б эшик алдын жасалгалоо жана сырдоо |
2221 |
20,0 |
6 |
Шаардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүүгө |
2221 |
48,2 |
7 |
“Байчечекей” б/б күндүзгү стационар үчүн колдонулган бөлмөлөрүн жана имараттын сырткы бөлүгүн краскалоо |
2221 |
40,0 |
8 |
“Наристе” б/б кир жуучу машинасын орнотуу үчүн сантехникалык товарлар |
2222 |
15,7 |
9 |
“Наристе” б/б өрт коопсуздугу үчүн керектелүүчү жабдууларга -12,2 миң сом, пожарный щитке керектелүүчү товарларга-11,2 |
2222 |
23,4 |
10 |
“Кун нуру”б/б кошумча чатырчасын жабууга |
3111 |
68,0 |
11 |
“Ыңгайлуу шарт” МИ административдик имаратына |
3111 |
811,5 |
12 |
Борбордук аянттагы фонтанга (ар кандай түстөгү жарыктандыруусу жана музыкасы менен) |
3111 |
350,0 |
13 |
Балдар чыгармачылык үйүнө 1 даана ноутбук |
3112 |
40,0 |
14 |
“Наристе” б/б ашканага стеллаж, холодильник, тараза |
3112 |
81,0 |
15 |
“Арча Бешик” б/б группаларга шкаф, жалюзи,жууркан |
3112 |
223,0 |
16 |
Коопсуз шаар үчүн 4 даана видео камера орнотууга |
3112 |
280,8 |
|
|
|
|
|
Жалпы: |
|
2909,4 |
|
|
|
|
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2021-жылдын 28- июлу № 18 Токтогул шаары
Муниципалдык менчиктеги мүлктү убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы № 28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин директору А.А.Телтаеванын 31.05.2021-жылдагы № 39 кайрылуу катын кароо боюнча “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик,суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караштуу эски фин тибиндеги курулуш менен курулган мектеп имаратынан 4 (төрт) класстык бөлмө № 28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин убактылуу пайдалануусуна берилсин.
- Жогоруда аталган 4 класстык бөлмө, мектепке тиешелүү китептерди сактоо үчүн китепкана катары жана башка чарбалык буюмдарды сактоо үчүн гана пайдаланылсын.
- Мектеп директорлорунун жана Токтогул шаардык мэриясынын ортосунда класстык бөлмөлөрдөгү инвентарларды өткөрүп берүү боюнча акт түзүлсүн.
- Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2021-жылдын 28- июлу № 19 Токтогул шаары
Эски техникаларды сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Туруктуу комиссиялардын биргелешкен корутундусуна ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын балансындагы, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына оперативдүү чарбалык башкаруу укугу менен берилген, бүгүнкү күндө колдонууга жараксыз болгон төмөндөгү техникаларды сатууга макулдук берилгендиги белгиленсин:
- Мерседес 811, мамлекеттик номери 299 АС (1996-ж)
- ЮМЗ трактор, мамлекеттик номери 1712 TRKR (1985-ж)
- ЮМЗ эксковатор, мамлекеттик номери 1715 TRKR (1985-ж)
- ЗИЛ автовышка, мамлекеттик номери 872 AC( 1978-ж)
- ЗИЛ суу ташуучу, мамлекеттик номери - (1983-ж)
- Жогоруда аталган техникаларды сатуу иштерине байланышкан төмөндөгү иштер аткарылсын:
- атайын комиссия түзүлсүн;
- сатуу баасы аныкталсын;
- сатуунун жыйынтыгы боюнча кеңешке маалымат берилсин;
- Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү депутаттары комиссия курамына кошулсун:
- Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич
- Дербишев Кубанычбек
- Момунов Тимурлан Алымович;
- Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, К.Дербишев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.