Токтогул шаардык кеңешинин  XXVIII   чакырылышынын  кезексиз

XXXXII  сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  28 -декабры           № 32         Токтогул  шаары

Токтогул шаарында курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик,суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу  комиссиясынын депутаттык суроосу боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 22.12.2021-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Токтогул  шаардык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын  кезексиз  XXXXII сессиясы 

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарында жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиянын төрагасы М.Калмурзаевдин, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматтары эске алынсын.
  1. Шаар аймагындагы курулуш жана ондоп түзөө  иштерине байланыштуу төмөндөгүлөр аткарууга алынсын;
  •     келишимдердин  шарттары так аткарылсын, белгиленген иштердин өз убагында, сапаттуу аткарылышына олуттуу көңул бурулсун,  зарылчылыгына жараша  кечиктирилгис иштер жүргүзүлсүн;
  •     курулуш, ондоп-түзөө иштерди мөөнөтүнөн кеч бүтүргөн/учурда бүтпөй турган иштер боюнча, пениялары эсептелип, иш аткаруучулардан (Подрядчиктерден) өндүрүлүп жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерүү боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлсүн;

  

  •     акча каражаттары келишимде белгиленген шарттардын негизинде которулсун;
  •     кызматкерлердин (конкурстук комиссия мүчөлөрү, долбоор менен иштөөчү адис, башкы эсепчи, техникалык көзөмөлдөөчү, юрист ж.б)  өз милдеттерин  мыйзам талаптарына ылайык так аткаруусу катуу көзөмөлгө алынсын;

 -   Шарипов көчөсүнүн чуңкурчаларын оңдоо, ШПО жасоо боюнча иш   аткаруучу ЖЧК “Имран-Алинин” аткарган иштерине тиешелүү документтер Токтогул райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилсин. Аткаруу мөөнөтү: 2021-жылдын 15-январына чейин.

  1. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги  Токтогул шаарынын мэрине   (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин бюджет   жана  курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияларына (К.Дербишев, М.Калмурзаев)  милдеттендирилсин.

 5.    Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

 6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына       жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов