Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз IV  сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  06-сентябры       № 09                              Токтогул  шаары

 “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ““Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык,   Токтогул шаарынын мэриясы тарабынан берилген сунуштар  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 06-сентябрындагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана кесиптик чөйрөдөгү талыкпаган эмгеги менен мыкты ийгиликтерге жетишип, элине ак ниет кызмат көрсөткөндүгү үчүн  төмөндөгү тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  1. Анарбаев Чыныбек –Бала-Чычкан айылынын жашоочусу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” наамынын ээси, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын директору;
  2. Султанова Алия –шаардын  жашоочусу, “Эл агартуунун мыктысы”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы” наамдарынын ээси, учурда ардактуу эс алууда;
  3. Эсенгулова Барчакан - шаардын жашоочусу, “Эл агартуунун мыктысы” наамынын ээси, ардактуу эс алууда, Токтогул атындагы мектебинде башталгыч класстардын мугалими;
  4.  Асанов Касен - шаардын жашоочусу, Токтогул райондук маданият үйүнүн кароолчусу;
  1. Жогоруда аты аталган тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү лента жана төш белгилерди даярап, аларды Токтогул шаарынын 10 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш чарада салтанаттуу тапшыруу Токтогул шаарынын мэрине  милдеттендирилсин (С.Т.Кылданов).
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.

  5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

   6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                                         Б.С.Белеков

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз IV  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  06-сентябры       № 10                              Токтогул  шаары

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана “Бюджеттик Кодекске” ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 05.09.2022-жылдагы 01-34/сунушун кароонун жыйынтыгы жөнүндө “Бюджет, экономика, финансыкаражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынынкезексиз IV  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
  1. 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 1051,7 миң сомду чыгымдоо боюнча туруктуу комиссиянын чечими ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

3.    Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына  (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданого)  жүктөлсүн.                                                              

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                  Б.С.Белеков

                                                                                           

                                                                                          БЕКИТИЛДИ

                                                                            Токтогул шаардык кеңешинин

                                                                                    XXIX чакырылышынын

06.09.2022-жылдагы кезексиз  IV сессиясынын № 10 токтомуна Тиркеме

 

2022-жылдын 8 (сегиз) айынын жыйынтыгы пландан ашыкча түшкө акча каражатынын эсебинен 1051,7 миң сомду чыгымдоонун  ачыктамасы

                                                                                                  

 

Мазмуну

статьясы

Сумма миң сом)

1.

Шаардын 10 жылдык маарекесин өткөрүүгө карата иш чарага кошумча

2215

300,0

2.

Мэриянын имаратына ички ажаткана орнотуу жана борбордук канализацияга туташтырууга

2221

250,0

3.

“Ынгайлуу шарт” МИ кошумча курулш курууга ( жуунуучу, атайын кийимдерин которууга бөлмө, чай ичүүчу бөлмөгө)

3111

400,0

4.

“Ынгайлуу шарт” МИ жумушчуларына материалдык колдоо көрсөтүүгө, жалпы 20 жумушчуга (анын ичинен: жумушчулар -10, айдоочулар-4, кароолчулар-2,  суугатчылар-2, электриктер-2)

2721

60,0

5.

Союз МСУга мүчөлүк акыга (2 сом (ар бир жашоочуга) х 20863 адам) которууга 

2611

41,7

 

Жалпы:

 

1051,7

Төрага:                                              Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз IV  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  06-сентябры       № 11                              Токтогул  шаары

26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду

 киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, шаардык кеңештин Регламентине ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиеванын  сунушун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомдун 1,3 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилгендиги эске алынсын.
  1. “Тынчтык” фракциясынын депутаты  Тойчубеков Урмат Кадырбекович, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Шайлообеков Шахмурат Сыргакович   “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулушсун.

3.    “Тынчтык” фракциясынын депутаты  Калмурзаев Нурсултан Маратович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.

4.  “Ынтымак” саясий партиясынын депутаты Джаныбаева Айнура Омушевна “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп шайлангандыгы белгиленсин.

5.  Тиешелүү  туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык иш жүргүзүү жагы  жогоруда аты аталган депутаттарга милдеттендирилсин 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.  

7.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

  8.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 9.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             Б.С.Белеков