Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз  XI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-марты   № 08                                Токтогул  шаары

Токтогул райондук өнүктүрүү фондунуна сунушталуучу долбоорго

өздүк салым үчүн каражат бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун  эсебинен “Байчечекей” балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу (пластик терезеге) боюнча  долбоорду ишке ашыруу аракеттери  боюнча шаар мэри 01.03.2023-жылдагы  С.Т.Кылдановдун сунушу,  “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинин  01.03.2023-жылдагы  кепилдик каты шаардык кеңештин  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышына сунушталып,  каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарындагы “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунун терезелерин алмаштыруу боюнча долбоорду Токтогул райондук фондуна сунуштоо боюнча демилгени  колдоого алуу,  өздүк салым үчүн  керектелүүчү каражатты бекитип берүү боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

2.  Долбоордун жалпы  сметалык баасы  4 091  920 сом   болгондугу эске алынсын.

3.  “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинин 01.03.2023-жылдагы №26 кепилдик катынын негизинде берилүчү долбоордун наркынын    10%,    тактап айтканда 409  920  сом    акча каражаты  аталган долбоорго өздүк салым катары бекитилсин (кепилдик каты тиркелет).

4.  Аталган долбоорду жазуу,  ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.

5.  Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.

6.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                                      Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз  XI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-марты   № 09                                Токтогул  шаары

Атайын эсептин Байкоочу кеңешине Токтогул шаарынан өкүл шайлоо  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.01.2014-жылдагы №41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Уставына ылайык, Токтогул шаарынан Атайын эсептин Байкоочу кеңешине өкүл шайлоо маселеси талкууланып, жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаты Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевичтин талапкерлиги сунушталды.

Жогоруда сунушталган талапкер боюнча сунуш-пикирлерди  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин Байкоочу кеңешине Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич Токтогул шаарынан  өкүл болуп шайлангандыгы белгиленсин.
  1. Жогоруда аталган Жобонун 4-бөлүгүнүн 6 пунктунун негизинде, М.К.Дөөлөтбеков Байкоочу кеңештин курамына 3 (үч) жылдык мөөнөткө шайлангандыгы эске алынсын.
  1. Атайын эсептен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, аткарылган иштердин сапаты, анын өз убагында бүткөрүлүүсү үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүү, аткарылган  иштер боюнча шаардык кеңешке ар бир кварталда маалымат берип туруу жагы М.К.Дөөлөтбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге  жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                         Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз  XI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-марты   № 10                                Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагында көртөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелердин Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүу боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө 06.09.2023-жылдагы  №305 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча малекеттик агенттиктин  Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймактарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө 16.11.2022-жылдагы № 262 буйругунун негизинде, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылданов 31.01.2023-жылы № 01-17-91 каты менен жогорудагы жобону бекитип берүүнү сунуштаган.

Сунуш “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, талкууланды.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелердин Жобосу сунушталган тартипте бекитилсин (тиркелет).

2. Бул  жобонун талаптары, эрежелери боюнча жашоочуларга жыйналыштарда, социалдык тармактар аркылуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3.  Шаар аймагында белгиленген жерлерге контейнерлерди коюу, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын  сорттоп, кайра иштетилүүчү калдыктарды (пластик буюмдарды, полиэтилен пакет, кагаз-картон, айнек, темир буюмдарды),   органикалык калдыктарды (мөмө-жемиш, жашылча ж.б.калдыктарды), кайра иштетилбей турган таштанды калдыктарды  (сөөк, оттун күлү ж.б.) өз-өзүнчө  бөлүп чыгарууну жүзөгө ашыруу үчүн конструктивдүү иш-аракеттер көрүлсүн.

4.  Жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо, жарыктандыруу боюнча Жободо белгиленген эрежелер  так сактоого алынсын, бул багытта тиешелүү ишканалардын жетекчилерине, муниципалдык тапшырык берүүчу бөлүмдүн кызматкерлерине катуу талаптар коюлсун.

5. Аталган Жободо белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын кызмат адамдарынын, жеке жактардын жоопкерчилиги Кыргыз Республиксынын колдонуудагы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралгандыгы эске алынсын, аталган тараптарга маалыматтар жеткирилсин. 

 5. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.

6.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Джаныбаева).

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                                                      Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

02.03.2023-жылдагы кезексиз  XI сессиясынын № 10 токтому менен бекитилди

                                                                                                                                 Тиркеме

Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелердин   Жобосу

 

  1. Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
  2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
  3. Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
  4. Токтогул шаардык мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.                                                                                      §2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
  1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга  мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча “Ыңгайлуу шарт” МИ менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары  (мындан ары  - КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу

иштерин уюштуруу

 

  1. Шаардын аймагында жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) “Ыңгайлуу шарт” МИ КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
  2. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
  3. Шаардын аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
  1. Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
  2. Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
  3. Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
    1. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт. 
    2. Тургундар кварталдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
    3. Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт. 
    4. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
    5. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
    6. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
    7. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
    8. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
    9. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;
  • ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
    1. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
    2. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
    3. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же  таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
    4. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
    5. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер “Ыңгайлуу шарт” МИ  кызматкерлери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
    6. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
    7. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
    8. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар ​​таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
    9. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
    10. Юридикалык жана жеке жактар ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү “Ыңгайлуу Шарт” МИ ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
    11. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
    12. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
    13. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ​​ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
    14. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
    15. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
    16. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл. 
    17. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
    18. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
    19. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
    20. Таштанды челектерди тазалоо иштери ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
    21. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
    22. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
    23. Таштандыларды уруксатсыз таштаган  адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо “Ыңгайлуу Шарт” МИ же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо “Ыңгайлуу шарт” МИ менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. ​​Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
  • узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
  • туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
    1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
    2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
    3. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
    4. Токтогул шаардык мэриясы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
    5. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
    6. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
    7. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат. 

 

§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

  1. Юридикалык жана жеке жактар шаардын аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Шаар аймагындагы тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  3. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
  4. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
  5. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

§ 6. Жашылдандыруу

  1. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
  • бак-дарактарды отургузуу,
  • бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу ​​жана башкалар;
  • газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
  • скверлерди жана бакчаларды тосуу;
  • шаар, жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
    1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө – Токтогул шаардык мэриясы  аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
  • турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
  • уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
    1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
    2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
    3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат. 
    4. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
    5. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
    6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
    7. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
    8. Шаар аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
    9. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
  • иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
  • жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
  • жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
  • жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
  • газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
  • жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
  • багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
    1. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
  • жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
  • тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
  • бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
  • калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
  • жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
  • от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
  • бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
  • дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
  • белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
  • газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
  • гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
    1.  Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер Токтогул шаардык мэриясы “Ыңгайлу Шарт” МИ же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

 

§7. Тышкы жарыктандыруу

 

  1.  Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
  3. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
  4.  Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
  5.  Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
  6.  Жеке жана юридикалык жактар ​​өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
  7.  Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ менен макулдашылат.

 

§8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

  1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
  2. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  3. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
  4. Юридикалык жана жеке жактар ​​көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
  5. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу Токтогул шаардык мэриясынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
  6. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

Жооптуу катчы:                                                        С.К.Наралиева