Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 22                                Токтогул  шаары

Токтогул шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин, “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликттүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, шаар аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартиби, “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Кылдановдун 06.06.2023-жылдагы №01-17/533 сунушу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар,  боюнча” туруктуу комиссиясынын 06.06.2023-жылдагы жыйналышында каралган.  

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XIVсессиясы, токтом кылат:

     1. “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында Токтогул шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жогорудагы эрежелерге ылайык,  функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  Бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибинин, функциялардын, милдеттердин аткарылышын, кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушун  камсыз кылуу Токтогул шаарынын мэрине ( С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

4.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаева) тапшырылсын.

5.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.  Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү   жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                         М.К.Курбанов

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин

 2023-жылдын 8-июнундагы

 №22 токтомуна

1-Тиркеме

Токтогул шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун

Типтүү тартиби

§1. Жалпы жоболор жана терминдер    

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби  (мындан ары - Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
  2. Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
  3. Бул Типтүү тартиптетөмөнкү терминдер колдонулат:

Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;

Компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;

Көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;

Мониторинг жана баалоо - башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;

Милдеттенме - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;

Уюштуруу - жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;

Ыйгарым укук - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы – бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;

Башкаруу - уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;

Кызмат - юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети.

§2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары

  1. Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:
  2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
  3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу,
  4. Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
  5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
  6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттердикамтыйт.
  7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгөашырат:

№1 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.

№2 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.

№3 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.

№4 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.

№5 кадам.

Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт.

№6 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат .

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:

  • жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
  • кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
  • көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
  • жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
  • жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
  • жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
    1. Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.

§3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу

 

  1. Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
  3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
  5. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.

Төраганын орун басары

 

М.К.Курбанов

                                                                                                БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин

 2023-жылдын  08–июнундагы

№ 22 токтомуна

2- Тиркеме

“Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча кызматтардын тизмеси

Кызматтардын аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1

Токтогул шаарында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча  жергиликтүү маанидеги маселесин чечүү

Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылданов, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаев

2

Токтогул шаарында калкты саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууну кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселесин чечүү

Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылданов, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаев

3

Токтогул шаарында катуу тиричилик таштанды калдыктарын ташып чыгаруу, кайра иштетилүүчү калдыктарды өз-өзүнчө бөлүп   чогултуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргузүү, тазалыкты камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги  маселесин чечүү жөнүндө

Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылданов, “Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси А.Маранбаев

 

 

 

Төраганын орун басары

М.К.Курбанов

            Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 23                                Токтогул  шаары

“Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча  жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык,  “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 02.06.2023-жылдагы № 01-17/523 сунушу тиешелүү туруктуу комиссиянын  08.06.2023-жылдагы  жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XIVсессиясы, токтом кылат:

  1.  “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү багытындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Бекитилген функциялардын, милдеттердин аткарылышын, кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушун  камсыз кылуу Токтогул шаарынын мэрине ( С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

3.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү   жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

6.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары:    

 

М.К.Курбанов

                                                                                        БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин

 2023-жылдын 08-июнундагы

 № 23 токтомуна тиркеме

 

«Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жаатында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

 

  1. Кызматтар

1.1.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда таза суу түтүктөрүн тартып берүү

Токтогул шаарынын мэри

 

1.2.

Шаардын жалпы кичи райондорундагы жашоочуларга Токтогул Суу канал ишканасы аркылуу ичүүчү таза сууну жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

1.3.

Шаардын аймагындагы жалпы кичи райондорго суу түтүктөрүн тартып, таза сууну пайдаланууга берүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

  1. Функциялар

2.1.

Токтогул шаарына таза суунун 2-фазасын киргизүү үчүн долбоорду ишке ашырууга байланышкан  иш кагаздарды даярдоо

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

2.2.

Токтогул Суу канал ишканасынын иш-милдеттерин көзөмөлдөө

Токтогул шаарынын мэри

 

2.3.

Суу башатын кайтаруу  үчүн коопсуздук кызматын конкурстук негизде кабыл алуу

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

2.4.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирген жашоочуларга  (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, 1-2 топтун майыптарына, багар-көрөрү жок жалгый бой жарандарга, тоголок жетимдерге, Афган, ЧАЭС, Баткен коогалыңын катышуучуларына) 50% жеңилдик киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

2.5.

Тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, аларды чогултуунун жаңы ыкмаларын колдонуу, калк ичинде түшундүрүү иштерин жүргүзүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

  1. Милдеттенмелер

3.1.

Таза суу долбоорунун 2-фазасын ишке ашыруу үчүн эски суу түтүктөрүнүн ордуна жаңы суу түтүктөрүн киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

 

3.2.

Токтогул шаарынын 2-фазасында жалпы кичи районуна ичүүчү таза сууну киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү

Токтогул шаарынын мэри

 

3.3

Муниципалдык кызмат көрсотүүнүн кошумча тизмесине кирген жашоочуларга иштелип чыккан стандарттардын негизинде жеңилдик берүү

Токтогул шаарынын мэри, тиешелүү кызматкерлер

 

 

Төраганын орун басары:    

 

М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 24                                Токтогул  шаары

“Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында калкты саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууну кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу  боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык,  “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууну кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 02.06.2023-жылдагы № 01-17/523 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”  туруктуу комиссиянын  08.06.2023-жылдагы  жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XIVсессиясы, токтом кылат:

1. Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында калкты саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууну кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү багытында кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген функциялардын, иштердин, милдеттердин аткарылышын, кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушун  камсыз кылуу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

3Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 4.   Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиевага) тапшырылсын.

5.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 6.   Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 7.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

                                                                                                    БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин  2023-жылдын 08-июнундагы № 24 токтомуна тиркеме

 

«Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында калкты саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууну кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

  1. Кызматтар

1.1.

Калкты саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу курулмалар менен камсыз кылууда саркынды суулар кетүүчү түтүктөрдү тартып, саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу жайды куруп берүү

Токтогул шаарынын мэри

1.2.

Шаардын жалпы кичи райондорундагы жашоочуларга саркынды суулар кетүүчү жана саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу курулмаларды куруу менен ар бир кожолукту саркынды суу кетүүчү курулмаларга туташтыруу аркылуу кызмат көрсөтүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

1.3.

Шаардын аймагында жалпы кичи райондоруна саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү тартып, саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу жайды пайдаланууга берүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

  1. Функциялар

2.1.

Токтогул шаарына саркынды суу кетүүчү жана кабыл алуу, тазалоочу курулмаларды куруу үчүн долбоорду ишке ашыруу укугуна иш кагаздарды даярдоо

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

2.2.

Саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу жайга коопсуздук кызматын конкурстук негизде кабыл алуу

Токтогул шаарынын мэри

2.3.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине   аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, 1-2 топтун майыптары, багар-көрөрү жок жалгый бой жарандар, тоголок жетим, Афган, ЧАЭС, Баткен коогалыңын катышуучуларына 50% жеңилдик киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

2.4.

Жаңыдан бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, төлөмдөрдү чогултуунун жаңы ыкмаларын киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

  1. Милдеттенмелер

3.1.

Долбоордун алкагында саркынды суу кетүүчү эски түтүктөрдүн жана саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу жайдын ордуна жаңы саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү тартуу жана саркынды суу кабыл алуу, тазалоочу жайды курууга жетишүү

Токтогул шаарынын мэри

3.2.

Токтогул шаарындагы жалпы кичи районуна саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү жана саркынды сууларды кабыл алуу, тазалоочу жайды куруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү

Токтогул шаарынын мэри

3.3

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмесине кирген жашоочуларга иштелип чыккан стандарттардын негизинде жеңилдик берүү

Токтогул шаарынын мэри, тиешелүү кызматкерлер

3.4

Тарифтер боюнча тушүндүрүү иштерин социалдык тармактар аркылуу жүргүзүү, төлөмдөрду чогултуунун жаңы ыкмаларын колдонуу 

Токтогул шаарынын мэри

Токтогул Суу канал ишканасынын жетекчиси

 

Төраганын орун басары:    

 

М.К.Курбанов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 25                                Токтогул  шаары

“Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу,  инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, тазалыкты камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги  маселени чечүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык,  “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, өз-өзүнчө сорттоп чыгаруу,  тазалыкты камсыз кылуу багытында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 02.06.2023-жылдагы № 01-17/523 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”  туруктуу комиссиянын  08.06.2023-жылдагы  жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XIVсессиясы, токтом кылат:

1.  “Токтогул шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, тазалыкты камсыз кылуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү багытында кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бекитилген функциялардын, иштердин, милдеттердин аткарылышын, кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушун  камсыз кылуу Токтогул шаарынын мэрине ( С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 3.  Аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 4.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 5.  Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 6.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

 

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин  2023-жылдын 08-июнундагы № 25 токтомуна тиркеме

«Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууну, тазалыкты камсыз кылуу багытында кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

 

  1. Кызматтар

1.1.

Шаарда тазалыкты сактоо, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын материалдык –техникалык базасын чыңдоо

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

1.2.

Шаардагы мекеме, ишканалардын, уюмдардын, коммерциялык багыттагы жактардын жана жашоочулардын чыгарган катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

1.3.

Шаардагы мекеме, ишканалардын, уюмдардын, жеке ишканалардын, базарлардын жана жашоочулардын чыгарган катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда бекитилген графиктин негизинде иш алып баруу

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

1.4.

Шаарда көп кабаттуу үйлөрдөн, базарлардан чыгарылган таштандыларды салууга контейнер жана таштандылар салынган контейнерлерди алып кетүүнү уюштуруу

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

  1. Функциялар

2.1.

Шаарда тазалыкты сактоо, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда тазалык ишканасынын жумушчуларына шарт түзүү,  ашкана, жуунучу  жай менен камсыздоо

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

2.2.

Таштандыларды салууга контейнер жана таштандылар салынган контейнерлерди жүктөп алып кетүү үчүн атайын техника алууга конкурс өткөрүү

Токтогул шаарынын мэри

 

 

2.3.

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын иш-милдеттерин көзөмөлдөө

Токтогул шаарынын мэри

 

2.4.

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын гаражын кайтарууга күзөтчүлөрдү штаттык негизде кабыл алуу

Токтогул шаарынын мэри “Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

2.5.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине   аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, 1-2 топтун майыптары, багар-көрөрү жок жалгый бой жарандар, тоголок жетим, Афган, ЧАЭС, Баткен коогалыңын катышуучуларына 50% жеңилдик киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

2.6.

Жаңыдан бекитилген тарифтерди төлөө, таштандыларды сорттоп (желим, темир, айнек, кагаз буюмдарды өз-өзүнчө ) чыгаруу  боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаңы ыкмаларды киргизүү

Токтогул шаарынын мэри

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

  1. Милдеттенмелер

3.1.

Шаарда тазалыкты сактоо, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жумушчуларына шарт түзүү

Токтогул шаарынын мэри

 

3.2.

Шаардагы мекеме, ишканалардын, уюмдардын, жеке ишканалардын, базарлардын жана жашоочулардын чыгарган катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда бекитилген графиктин негизинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маалымдуулугун камсыз кылуу

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

3.3

Таштанды калдыктарын сорттоп, бөлүп чыгаруу боюнча кызмат пайдалануучуларга түшүндүрүү

 

 

3.3.

Шаарда көп кабаттуу үйлөрдөн, базарлардан чыгарылган таштандыларды салууга контейнер жана таштандылар салынган контейнерлерди жүктөп алып кете турган атайын техника менен камсыз болуу үчүн долбоор даярдоо жана сунуштоо

Токтогул шаарынын мэри

 

3.4.

Тарифтер боюнча тушүндүрүү иштерин социалдык тармактар аркылуу жүргүзүү, төлөмдөрду чогултуунун жаңы ыкмаларын колдонуу 

“Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси

 

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

            Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 26                                Токтогул  шаары

Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында өткөрүлүүчү сынактын  типтүү жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү  жакшыртуу»  долбоорунун алкагында уюштурулуучу сынактын Жобосун бекитүү боюнча  Токтогул шаарынын мэри  С.Т.Кылдановдун 06.06.2023-жылдагы № 01-17/533 сунушу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар,  боюнча” туруктуу комиссиянын  06.06.2023-жылдагы  жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XIVсессиясы, токтом кылат:

1.  Токтогул шаарында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу, тарифтерди чогултууну жакшыртуу, стимулдаштыруу  багытында шаардын көчөлөрүнүн/кварталдарынын ортосунда сынак жүргүзүү боюнча типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.   

2.  Сынак өткөрүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү кызматкерлерден атайын жумушчу топ түзүлсүн (топтун төрагасы курамынан шайланат), топтун мүчөлөрү сынакты өткөрүү боюнча бекитилген жобонун алкагында  иш-чара иштеп чыгышсын, аткарууга алышсын.

3. Сынак өткөрүүнүн тартиби боюнча маалыматтар социалдык түйүндөр, маалымат тактайчаларына жайгаштыруу, жыйналыштарда талкуулоо аркылуу калкка тез арада жеткирилсин.

4.  Жогоруда бекитилген жобонун талаптарынын аткарылышын, жыйналыштардын уюштурулушун  камсыз кылуу түздөн түз жумушчу топко, Токтогул шаарынын мэрине ( С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 5.  Аткарылышын көзөмөлдөө  туруктуу комиссияга (А.Джаныбаева) тапшырылсын.

 6.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 7.  Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 8.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин  2023-жылдын 08-июнундагы № 26 токтомуна тиркеме

Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Токтогул шаарынын аймагынын /кичи райондорунун/ кварталдарынын/ көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү Жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча шаардын /кварталдардын/ көчөлөрдүн ортосундагы сынак  (мындан ары - сынак), тарифтерге негизделген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.

1.2. Сынак Токтогул шаардык мэриясы тарабынан 2023-жылдын 1-июлунан 2023-жылдын 30-сентябрына чейин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.

2. Сынактын шарттары 

2.1. Сынакка катышуу Токтогул шаарынын айыл аймагында ( кварталдар, көчөлөр) кичи райондордун ортосунда төмөнкү кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү максатында өткөрүлөт:

Кызматы

Кызмат көрсөтүүчү

Байланыш маалыматтары

Катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу

“Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы

Токтогул , Бөкөнбаев көчөсү. Тел: моб. 0707100877

2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган кичи райондун/кварталдын/көчөлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтары үчүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-сентябрына чейин чогултулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатууну жакшыртуулары керек.

2.3. Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, кызмат көрсөтүүчү катышкан аймактардагы көрсөтүлгөн кызматтарга болгон төлөмдөрдү чогултуунун учурдагы абалы жөнүндө Токтогул шаардык мэриясына маалымдайт.

2.4. Токтогул шаардык мэриясы сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.

3. Сынак өткөрүүнүн тартиби

3.1. Токтогул шаардык мэриясы сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана анын өкүлдөрү (квартал комитеттери) аркылуу калкка билдирет.

3.2. Сынакка катышууну каалаган аймактар ​​өз өкүлүн тандайт жана ал Токтогул шаардык мэриясына сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Токтогул шаардык мэриясы катышкан кичи райондордун, көчөлөрдүн тизмесин түзүп, алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.

4. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби 

4.1. Сынактык комиссия Токтогул шаардык мэриясынын буйругу менен Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлөт.

4.2. Сынактык комиссия 2023-жылдын 15-сентябрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, 2023-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилдеги кызматтар үчүн акы чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.

4.3. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.

5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 

5.1. Сынактын байге фонду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 35 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.

5.2. Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.

5.3. Токтогул шаардык мэриясы байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.

5.4. Жылдын аягында Токтогул шаардык мэриясы кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте шаардын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 27                                Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 02.03.2023-жылы кезексиз XI сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүу боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө 06.09.2023-жылдагы  №305 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча малекеттик агенттиктин  Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймактарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө 16.11.2022-жылдагы № 262 буйругунун негизинде,  жогорудагы токтом менен бекитилген жобо “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан кайрадан каралып чыкты.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы, токтом кылат:

1. Жогорудагы токтом менен бекитилген, Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелердин Жобосу ушул токтомдун тиркемеси менен алмаштырылсын жана бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтом менен бекитилген жобонун талаптарын сактоо менен, 02.03.2023-жылы кезексиз XI сессиясынын № 10 токтомун аткаруу Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго милдеттендирилсин

3.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Джаныбаева).

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

6.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

 

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин  2023-жылдын 08-июнундагы № 27 токтомуна тиркеме

 

Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелердин   Жобосу

 

  1. Токтогул шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
  2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
  3. Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
  4. Токтогул шаардык мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.

 

§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

  1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга  мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча “Ыңгайлуу шарт” МИ менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары  (мындан ары  - КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

§3.Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу

иштерин уюштуруу

 

  1. Шаардын аймагында жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) “Ыңгайлуу шарт” МИ КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
  2. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
  3. Шаардын аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
  1. Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
  2. Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
  3. Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
    1. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт. 
    2. Абоненттер кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөрдү өздөрү  камсыздайт. 
    3. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар ыраазычылык ( ыраазычылык кат, ар кандай белектер ж.б) билдирет.
    4. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар  дагы калдыктарды  каптарга бөлүп чогултат.
    5. Шаар тургундары катуу тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө бөлүп, “Ыңгайлуу шарт” МИ тарабынан иштелип чыккан графиктин негизинде белгиленген жерге чыгарышат.
    6. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же  таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
    7. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
    8. Жашылча базарынын жанындагы атайын таштанды таштоочу контейнерлерге шаар тургундары тарабынан катуу тиричилик калдыктары, мал жандыктардын өлүмтүктөрү, курулуш калдыктары, отолгон чөптөр, оттун күлү ж.б.  ташталган учурда, ал жерде орнотулган виидеокөзөмөл аркылуу аныкталгандан кийин,  Укук бузуулар Кодекси боюнча айып пул салынат.
    9. Таштандыдарды ташып чыгаруу үчүн атайын техника болгон учурда, төмөндөгүлөр аткарууга алынуусу керек:
    10. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
    11. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
    12. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.

Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

  • жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;
  • ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
  • Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
    • Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген ишкана аларды өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
    • Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер “Ыңгайлуу шарт” МИ  кызматкерлери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
    • Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
    • Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден таштандыларды чыгаруу, катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
    • Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген, келишим түздогөн юридикалык жактар ​​таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
    • Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
    • Юридикалык жана жеке жактар ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү “Ыңгайлуу Шарт” МИ ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
    • 22-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
    • Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт же болбосо кызмат көсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде ташылып чыгарылат.
    • Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ​​ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
    • Муниципалдык менчиктеги газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
    • Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
    • Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл. 
    • Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
    • Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
    • Коомдук Таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
    • Таштанды челектерди тазалоо иштери ​​ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, 3 күндө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
    • Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
    • Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо “Ыңгайлуу шарт” МИ менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо/чыгаруу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. ​​Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
  • узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
  • туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
    1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
    2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
    3. Токтогул шаардык мэриясы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
    4. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
    5. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
    6. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.

§5.Тартипти,тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

  1. Юридикалык жана жеке жактар шаардын аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Шаар аймагындагы тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  3. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
  4. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
  5. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

 6. Жашылдандыруу

 

  1. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
  • бак-дарактарды отургузуу,
  • бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу ​​жана башкалар;
  • газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
  • скверлерди жана бакчаларды тосуу;
  • шаар, жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
    1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт: 
  • Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө – Токтогул шаардык мэриясы  аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
  • турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
  • уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
    1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
    2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
    3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат. 
    4. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
    5. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
    6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
    7. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
    8. Шаар аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
    9. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
  • иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
  • жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
  • жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
  • жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
  • газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
  • жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
  • багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
    1. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
  • жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
  • тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
  • бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
  • калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
  • жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
  • от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
  • бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
  • дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
  • белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
  • газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
  • гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
    1. Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер Токтогул шаардык мэриясы “Ыңгайлу Шарт” МИ же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

§7. Тышкы жарыктандыруу

 

  1.  Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
  3. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
  4.  Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
  5.  Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
  6.  Жеке жана юридикалык жактар ​​өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
  7.  Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ менен макулдашылат.

71.  Жергиликтүү калк талкууланып жаткан маселе боюнча өз ойлорун айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, суроолоруна жооп ала алышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишине, көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли жөнүндө калктын пикирин билүүгө, зарыл болгон учурда калктын пикирин эске алуу менен өз иш-аракеттин оңдоого укуктуу.

72.    Токтогул шаарынын мэриясы бул максатка жетүү үчүн жер-жерлерде жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүү болгон байланыш каналдары: мессенджерлер (Whatsapp, Telegram), чогулуштар жана коомдук угуулар аркылуу, жакшыртууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн шарттарды түзөт. Бул иш-чаралар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин наркына, кызмат көрсөтүү келишимдеринин долбоорлоруна, кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерине жана жол-жоболоруна жана башкаларга тиешелүү болушу мүмкүн.

73.        Коомдук талкуулардын жыйынтыктары жана көрүлгөн/аткарылган чаралар жөнүндө жергиликтүү калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук жайлардагы маалымат тактайчаларында, жеткиликтүү социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) жана ЖӨБ органынын веб-сайттарында маалыматтарды жарыялашат

§9. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

74.  Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.

75.    Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

76.       Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.

77.       Юридикалык жана жеке жактар ​​көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.

78.       Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу Токтогул шаардык мэриясынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.

79.     Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

Жооптуу катчы:                               С.К.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 28                                Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  XXI сессиясынын 13.03.2020-жылдагы №11 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, 13.02.2023-жылы болуп өткөн  кезектеги X сессиянын жыйынтыгы менен, Токтогул райондук ооруканага кызматтык үй куруу үчүн берилген 0,20 га жер аянты боюнча тактоо ишгтерин жүргүзүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэрине тапшырма берилген.

Аталган маселе боюнча, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылданов 26.04.2013-жылы № 01-17/362 сунушу  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында  аталган токтомду күчүн жоготту деп табуу боюнча чечим кабыл алышкан.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы, токтом кылат:

1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими  колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2.  Ушул  токтом күчүнө кирген күндөн баштап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  XXI сессиясынын 2020-жылдын 13-мартындагы №11 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

4.  Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Б.Дүйшөналиев)тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 29                                Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  №  05  токтомуна өзгөртүү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексине” ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 08.06.2023-жылдагы № 01-17/539 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясы, токтом кылат:

1. Токтогул шаарынын жашоочуларынын арыздарын канааттандыруу зарылчылыгын эске алып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

2. 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен 800,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттарга чыгымдалсын:

      - Статья 2215 - 50,0 миң сом  - муниципалдык тапшырыкка кошумча (Токтогул шаарынын алыскы кичи райондорундагы, жаңы конуштардагы көчөлөрдөгү ачуу, түздөө, тейлөө үчүн);

      - Статья 2221 - 750,0 миң сом – жогорудагы көчөлөргө шагыл төгүү, тегиздөө үчүн;

4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына  (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

5. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданого)  жүктөлсүн.                                                              

6.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                         М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз  XIVсессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  08-июну    № 30                                Токтогул  шаары

26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 23.05.2023-жылдагы № 54 токтомуна ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоокиргизүү боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиеванын  сунушун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз XIV сессиясы, токтом кылат:

1. “Ынтымак” фракциясынын депутатыСарпашов Манас Мырсажанович өз арызыныннегизинде депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу эске алынсын.

  1. 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомдун 3 пунктуна өзгөртүү жана толуктоокиргизилсин.

3. “Ынтымак” фракциясынын депутатыМедеров Эсентур Нурсланович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча”  туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.

4.    Аталган туруктуу комиссиянын иш пландарына ылайык иш жүргүзүү Медеров Эсентур Нурсланович   милдеттендирилсин 

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.  

6.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

  7.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                                        М.К.Курбанов