Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-октябры № 43 Токтогул шаары
Токтогул шаарында 2023-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган
иштер боюнча маалымат угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, 2023-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, токтомдор, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын маалыматын, тиешелүү туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча такталган план 52 424,8 миң сомго бекитилип, аткарылганы 53 563,1 миң сомду түзгөндүгү, 102,2% аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жалпысынан Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын маалыматы эске алынсын.
3. Ушул сессиянын жыйынтыгы менен 2024-жылга карата төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
- калктуу конуштардагы жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген пландын аткарылышы төмөндүгүнөн, бул багытта кошумча иштер жүргүзүлсүн (ижара акыларынын негиздүү эсептөөлөрү сунушталсын);
- сырттан инвестиция тартуу, долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу боюнча кошумча иштер, кечиктирилгис аракеттер көрүлсүн;
- кийинки жылга сунушталуучу курулуш, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү долбоордук-сметалык документтери даярдалып, тез арада бүткөрүлсүн;
- шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, шаар куруу, архитектура ченемдеринин сакталышын камсыздоо, мыйзамсыз курулуштарды алдыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге натыйжалуу иштер жүргүзүлсүн;
- аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин пландап, зарылчылыкка жараша бак-дарак, гүлдөр тигилүүчу жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлсүн;
- токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарууга алынсын;
- коомдук уюмдар менен жүргүзүлүүчү иштер колго алынсын;
- “Ыңгайлуу шарт”, “Токтогул суу канал” ишканаларында бюджеттин киреше бөлүктөрү боюнча бекитилген пландардын аткарылбай жаткандыгы эске алынсын, жетекчилерине катуу талаптар коюлсун;
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, К.Нургазы уулу, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-октябры № 44 Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05, 08.06.2023-жылдагы № 29, 17.07.2023-жылдагы № 35 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, жана Бюджеттик Кодексине ылайык, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05, 08.06.2023-жылдагы № 29, 17.07.2023-жылдагы №35 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 10.10.2023-жылдагы № 01-15-252 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, токтом кылат:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. 2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөн, мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн, аткарылбай калган ишти кыскартуудан алынган каражаттардын жалпы суммасы 7128,7 миң сом өлчөмүндө тиркемедеги 1-таблицага, чыгымдоо багыттары 2-таблицага ылайык бекитилсин.
3. Коргол көчөсүндөгү 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна 2024-жылдын бюджетинин эсебинен 4 500,0 миң сом кошумча бөлүп берүүгө макулдук берилсин (Негиз: КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттигинин Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун директору Г.Асанованын 11.09.23-ж №АГ-93 каты, проект түзүү мекемесинин жетекчиси К.Жаратовдун сметалык эсептөөсү)
4. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.дарманова) жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, А.Джаныбаева, Н.Оркулова) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
БЕКИТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 13.10.2023-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №44 токтому
Тиркеме
2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен, пландан ашыкча түшкөн, мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн, айрым иштерди кыскартуудан алынган акча каржаттарынын ачыктамасы 1- Таблица
2- Таблица 2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен 7128,7 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары
Төрага: М.Т.Борбугулов
|
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-октябры № 45 Токтогул шаары
Токтогул районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборуна З.Игембердиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 24.05.2023-жылдагы №04-16/179 кайрылуу катын, жыйналыштын протоколун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо тармагында мекемелерди бириктирүү жана кайрадан түзүү иштеринин алкагында “Токтогул районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борбору” мекемеси түзүлгөндүгү эске алынсын.
2. “Токтогул районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборуна” Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы, профессор Игембердиев Зыфар Игембердиевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
3. Аталган мекемеге ысым ыйгаруу менен байланышкан башка иштерди жүргүзүү, тиешелүү жактарга кайрылуу мекеменин директору Н.А.Жумабаевге тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-октябры № 46 Токтогул шаары
Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык, 2024-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери жөнүндө шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 10.10.2023-жылдагы № 01-15-252 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагылардын негизинде “Күн Нуру” балдар бакчасынын ашканасын куруу боюнча долбоорду түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу маселеси колдоого алынгандыгы белгиленсин.
3. Долбоордун жалпы наркы 5712,0 миң сомду түзүп, аны ишке ашырууга өздүк салым катары (долбоордун наркынын 50 %) 2024-жылдын бюджетинен 2856,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов