Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги XIX сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   28-ноябры       № 48                          Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомдоруна, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216, 27.11.2023-жылдагы № 01-17/1237 сунуштары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын жактырылгандыгы белгиленсин, ага ылайык, бюджетке төмөндөгү  өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
  • Чакан ишкердик субъекттери  үчүн бирдиктүү салыктын эсебинен максаттуу трансферт катары берилген 1782,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын;
  • 13.02.2023-жылдагы  № 04 токтомунун 2-пунктунан  Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу грейдер техникасын   алуу боюнча долбоорго өздүк салым катары бөлүнгөн  2400,0 ми сом кыскартылсын;
  • максаттуу трансферт катары берилген жана кыскартуудан алынган, жалпы 4182,0 миң сом акча каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү чыгымдоо багыттары  ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин; 
  • 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомунун тиркемесинин  2-таблицасынын  14,15-пункттарындагы суммалар бириктирилип жалпы суммасы 271,0 миң сом, багыты “Токтогул шаарындагы ички көчөлөрдүн (К.Мадьяров, Шарипов, Суеркулов, Токтогул ж.б)  чуңкурчаларын ондоо, шагылдоо, тегиздөө, тейлөө иштерине муниципарлдык тапшырык үчүн” деген сүйлөм менен,     статьялары “2215 статьясына” алмаштырылсын;

2. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

3.Бул  токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына  (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.   

5. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Төрага:                                             М.Т.Борбугулов                                        

БЕКТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 28.11.2023-жылдагы  кезексиз XXI сессиясынын  № 48 токтомуна

 

Тиркеме

                                                          

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомуна өзгөртүү  жана толуктоолорду киргизүүнүн жыйынтыгы менен каражаттарды  чыгымдоо багыттарынын ачыктамасы

                             

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

Чакан ишкердик субъекттери  үчүн бирдиктүү салыктын эсебинен максаттуу трансферт катары берилген каражат

1782,0

2

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  № 04 токтомунун 2-пунктунан  Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу грейдер техникасын   алуу боюнча долбоорго өздүк салым катары бөлүнгөн каражатты кыскартуудан алынган каражат

2400,0

 

Жалпы:

4182,0

 

 

 

Чыгымдоо багыттары

Статья

Бөлүнгөн сумма

(миң)

 

Мэриянын аппаратына

 

 

1

Эл счетчик АСКУЕ 3 даана (1даана б/бакчасына,1 даана мектепке,1даана көчө жарыктандыруусуна

2222

60,0

2

Сметчик алууга

2215

200,0

3

Токтогул райвоенкоматка атайын резервдик ротанын кийимдерин сактоого 40 тонналык контейнер алуу, орнотууга

3112

150,0

4

Ардагерлер бөлмөсүнө, кабинетине жабдууларды алууга

2222

50,0

5

Мэриянын аппаратына компьютер, принтерлери менен алууга (салык Жаманкулова Ш, Ташболотова 2 даана компьютер 60,0 миң сомдон, 2 даана принтер 25,0 миң сомдон

3112

170,0

6

ПСД ларды даярдоого

2215

1500,0

7

Био туалет 3 даана

2222

45,0

8

Жаңы жылдык иш чара өткөрүүгө 1% рез фондго 180,0 миң сом  кошумча: анын ичинен 150,0 жаңы жылдык иш чара, 30,0 контейнерлерди көчүрүп чыгууга

2824

180,0

9

Самбо боюнча тренер Б.Кылычовдун кайрылуусу

2721

10,0

10

Акжон конушуна көчөгө суу чыгарууга (Суу канал аркылуу)

2511

73,5

11

Коопсуз шаар алкагында видео көзөмөл алууга   жана орнотууга (кошумча) 

3112

100,0

12

Реабилитациялык борбордун ремонтуна кошумча каражат

2221

60,0

13

Суу канал ишканасынын балансындагы портер автомашинасына запастык бөлүктөрүнө

2214

254,5

14

“Ыңгайлуу шарт” МИ Нива кызматтык автоунаасын ондоп-түзөөгө

2214

45,5

 

Токтогул шаардык кеңешине

 

 

15

Токтогул шаардык кеңешинин кызматтык автоунаасын оңдоого

2214

15,7

 

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине

 

 

16

Жылытуу системасына шаймандарды алууга (кышка даярдоо)

2222

4,6

17

Трансформаторго техникалык шарттарын алууга

2215

10,0

 

Токтогул атындагы орто мектебине

 

 

18

Жаңы жылдык жасалма балаты алууга, жасалгасы менен

2222

45,0

19

Волейбол сеткасын алууга жана волейбол тобун алууга мурда бөлүнгөн каражатка кошумча

2222

14,0

 

“Күн Нуру” балдар бакчасына

 

 

20

Каалгаларын алмаштыруунун кызмат акысына

2221

70,0

21

Электрический тэн сатып алууга

2222

3,8

 

“Наристе” балдар бакчасына

 

 

22

От жагуучу бөлмөсүнө кошумча каражат

3111

120,0

 

“Байчечекей” балдар бакчасына

 

 

23

Морозильник алууга

3112

40,0

 

Жалпы:

 

3221,6

Төрага:                                                       М.Т.Борбугулов      

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-ноябры        № 49                                               Токтогул шары

Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун  эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун  эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери  боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  “Арча Бешик” балдар бакчасынын имаратынын кире беришин оңдоп-түзөө боюнча долбоорду Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен  ишке ашыруу маселеси жөнүндө аталган туруктуу комиссиянын  чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2. Долбоордун жалпы наркы 4 822 222 сом болгондуктан, аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  482  222 сом (долбоордун наркынын 10 %)  өздүк салым катары  бөлүнүп берилсин.

3.  Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

4. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова)  жүктөлсүн.

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                   М.Т.Борбугулов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-ноябры        № 50                                               Токтогул шары

Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык,  2024-жылы Токтогул шаарында үлүштүк дем берүүчү гранттын  эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери   жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17-1216 сунушу  “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын  корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы, токтом кылат:

  1. Токтогул шаарынын Момункулов, Кенжетаев көчөлөрүнүн түндүк тарабына  жөө адамдар басуучу жол ( тротуар) куруу боюнча долбоорду үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен  ишке ашыруу жөнүндө жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2. Долбоордун жалпы наркы 5 744,0 миң сом болгондуктан , аны ишке ашырууга  2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2872,0 миң сом (долбоордун наркынын 50 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

3.  Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

4. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова)  жүктөлсүн.

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                              М.Т.Борбугулов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-ноябры        № 51                                               Токтогул шары

Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык,  2024-жылы Токтогул шаарында үлүштүк дем берүүчү гранттын  эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери   жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17-1216 сунушу  “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын  корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы, токтом кылат:

  1. Токтогул шаарынын Бөкөнбаев, Шарипов көчөлөрүнүн кесилишинен (күн чыгыш тарабы) баштап Азаке   көчөсүнө чейин жөө адамдар басуучу жол ( тротуар) куруу боюнча долбоорду үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен  ишке ашыруу жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2. Долбоордун жалпы наркы 2872,0 миң сом болгондуктан , аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 718,0 миң сом (долбоордун наркынын 25 %)  өздүк салым катары  бөлүнүп берилсин.

3.  Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

4. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова)  жүктөлсүн.

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                              М.Т.Борбугулов