Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 48 Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомдоруна, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216, 27.11.2023-жылдагы № 01-17/1237 сунуштары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын жактырылгандыгы белгиленсин, ага ылайык, бюджетке төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын эсебинен максаттуу трансферт катары берилген 1782,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын;
- 13.02.2023-жылдагы № 04 токтомунун 2-пунктунан “Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу грейдер техникасын алуу боюнча долбоорго өздүк салым катары бөлүнгөн 2400,0 миң сом” кыскартылсын;
- максаттуу трансферт катары берилген жана кыскартуудан алынган, жалпы 4182,0 миң сом акча каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин;
- 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомунун тиркемесинин 2-таблицасынын 14,15-пункттарындагы суммалар бириктирилип жалпы суммасы 271,0 миң сом, багыты “Токтогул шаарындагы ички көчөлөрдүн (К.Мадьяров, Шарипов, Суеркулов, Токтогул ж.б) чуңкурчаларын ондоо, шагылдоо, тегиздөө, тейлөө иштерине муниципарлдык тапшырык үчүн” деген сүйлөм менен, статьялары “2215 статьясына” алмаштырылсын;
- Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
БЕКТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 28.11.2023-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын № 48 токтомуна
Тиркеме
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн жыйынтыгы менен каражаттарды чыгымдоо багыттарынын ачыктамасы
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 49 Токтогул шаары
Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Долбоордун жалпы наркы 4 822 222 сом болгондуктан, аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 482 222 сом (долбоордун наркынын 10 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин. 3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. 4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 50 Токтогул шаары
Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык, 2024-жылы Токтогул шаарында үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17-1216 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды. Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, токтом кылат:
2. Долбоордун жалпы наркы 5 744,0 миң сом болгондуктан , аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2872,0 миң сом (долбоордун наркынын 50 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин. 3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. 4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 51 Токтогул шаары
Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык, 2024-жылы Токтогул шаарында үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17-1216 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды. Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, токтом кылат:
2. Долбоордун жалпы наркы 2872,0 миң сом болгондуктан , аны ишке ашырууга 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 718,0 миң сом (долбоордун наркынын 25 %) өздүк салым катары бөлүнүп берилсин. 3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. 4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Т.Борбугулов |