22.01.2016ж. "Шаар бюджетин көбөйтүү-жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун ишинин башкы максаты" деген темада тегерек стол өттү.
2016-жылы 22-январында Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын демилгеси менен "Шаар бюджетин көбөйтүү-жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун ишинин башкы максаты" деген темада тегерек стол өттү. Бул тегерек столго Токтогул райондук салык кызматынын жетекчиси Ж.А.Баратканов, салык кызматынын ага инспектору Ч.Алмырзаев, инспектор Ш.Мурзалиев, шаардын мэри М.Калмурзаев, ФЭБ башчысы Н.Кулузакова, шаардык кеңештин төрагасы К.Дербишев, жооптуу катчы С.Наралиева, депутаттардан М.Солтоева, Н.Чалбаева, М.Аблесов жана шаардык мэриянын экономист-статисти, салык жыйноочулары катышты.