Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   07-декабры       № 52                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча  Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 05.12.2023-жылдагы  №01-17/1283 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз  XXII сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1. Салыктардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген нормаларга  ылайык эсептелип өндүрүлсүн.  
  2.   Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү,берилген пландарды аткаруу багытында Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) , ФЭБ башчысына  (Н.Кулузакова) жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга  (Д.Бакиева) тапшырылсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Төрага:                                                         М.Т.Борбугулов

                                БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы кезексиз  XXII сессиясынын  №52 токтомуна

                                         Тиркеме            

 

 

 

2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында

Бекитилген мүлк салыгынын түрлөрү

 

Элемент

Кирешелердин  аталышы

1

1131

Мүлккө салык

 

11311

Кыймылсыз мүлккө

 

11311100

Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык 

 

11311200

2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

 

11311300

3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

 

11312

Кыймылдуу мүлккө салык

 

113121

Транспорт каражаттарга салык

 

11312110

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

 

11312110

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

2

1132

Жер салыгы

 

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

 

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

3

1415

Ижара акысы

 

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

 

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                        М.Т.Борбугулов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   07-декабры       № 53                          Токтогул  шаары

2024-2026-жылдарга Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча  Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 07.12.2023-жылдагы  №01-17/1313 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз  XXII сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-2026-жылдарга карата Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн тузүлүшүнүн болжолу ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.        
  2. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга  (Д.Бакиева) тапшырылсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

        Төрага:                                             М.Т.Борбугулов

 

 

  БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы кезексиз  XXII сессиясынын  №53 токтомуна

                                                                                                                                            Тиркеме

 

Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн

2024-2026-жылдарга түзулушүнүн долбоору

Кирешелердин аталышы

Кирешелердин беренеси

2024-2026-жылдаргабюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу

2024-жыл

2025-жыл

2026-жыл

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

11111100

63 221,0

70 491,0

81 065,0

Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык

11121100

 

 

 

Милдеттүү патенттин негизинде

11122100

 

 

 

Ыктыярдуу патенттин негизинде

11122200

 

 

 

Патенттин негизинде салык

11122300

7 020,0

7 020,0

7 020,0

Кыймылсыз мүлккө салык

11311200

150,0

154,0

160,0

Транспорттук каражаттарына салык юридикалык

11312100

200,0

200,0

200,0

Транспорттук каражаттарына салык физикалык

11132110

1 776,0

1 776,0

1 776,0

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

11321100

1000,0

1000,0

1000,0

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

11321300

 1 850,0

 1 900,0

1 950,0

Жалпы салыктык кирешелер

 

75 217,0

82 541,0

93 171,0

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

14152100

850,0

1000,0

1000,0

Атайын каражаттар аппарат,бала бакча

1423

12 450,0

12 450,0

12 450,0

Салыктык эмес киршелер

 

13 300,0

13 450,0

13 450,0

Жалпы кирешелер

 

88 517,0

95 991,0

106 621,0

 

 

Төрага:                                                              М.Т.Борбугулов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   07-декабры       № 54                          Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX  чакырылышынын  17.07.2023-жылдагы кезектеги   XV сессиясынын №34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  Регламентине ылайык, туруктуу комиссиянын курамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:

  1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги  XV сессиясынын №34 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 

     1-пункту боюнча:

  • “Ишеним” саясий партиясынан депутат Нургазиев Тынчтыкбек Гүлжигитович “Экономика,бюджет,финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент,маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.

     3-пункту боюнча:

 

  •  “Ынтымак” саясий партиясынан депутат Умарова Курманжан Эрнстовна “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы белгиленсин;
  • Медеров Эсентур Нурсланович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын;

 

  1. Туруктуу комиссиялардын ишин координациялоо Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы (С.Наралиева) тапшырылсын.
  2. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:                                                                            М.Т.Борбугулов

 

             Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XXII сессиясы

                                       ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   07-декабры       № 55                          Токтогул  шаары

Муниципалдык тапшырыктар үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексине ылайык, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Касымовдун 06.12.2023-жылдагы  №79/1-02-7 кайрылуу каты “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз  XXII сессиясы, токтом кылат:                                                                                         

  1. Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык тапшырыктарга 2215 статья менен 690,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
  3. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузаковага) милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова)  жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга  (Д.Бакиева) тапшырылсын.
  6. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Төрага:                                             М.Т.Борбугулов